19-апрелдеги окуяга байланыштуу камакка алынган Бириккен фронттун үч мүчөсүнүн камалыш себептерин Коопсуздук кызматы расмий негиздей элек. Укук коргоочулар алардын камакта отурушу азыр иштеп жаткан Конституцияга каршы келет деп, саясатчылардын сот чечимисиз абакка түшүшүн саясий куугунтук, адам укуктарына олуттуу доо кетирүү катары сыпаттап жатышат. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикиринде бийликтин бул кадамы элдин тынчтыгын камсыздай албайт:
- Он тогузунан баштап, мен өзүм күбө болдум, жолдо бараткан эле балдарды үч машина «чистка» болуп атат деп эле машинага салып кетип атты. Эми мына эч нерсе далили жок балдарды КНБга камаш адамдын укугун бузган деп эсептейм. Бийлик мындай иштерди токтотпосо элди стабилдүүлүккө жана тынччылыкка алып келе албайт.
Бирок мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров шейшембиде уюштурган маалымат жыйынында Акүй тигил же бул маселеге байланыштуу саясий куугунтук жасоого кызыкдар эмес экенин белгилеп, бардык маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө үйрөнүү керек деп эсептеди:
- Эмне үчүн чечимдер үчүн акүйдүн кызматкерлери, президент же премьер министр жооп бериши керек? Ар бири ээлеген кызмат ордунда жоопкерчиликти алууга үйрөнсүн да.
Ошол эле учурда кырдаалды жумшартуу үчүн Акүй сөзсүз кийлигишүүсү керек деп эсептеген ортомчулар аракет жасап, бирок, андан майнап чыгара албай жатышат. Бул темада премьер министр Алмаз Атамбаев, президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов менен сүйлөшкөнүн билдирген Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун мүчөсү Иса Өмүркулов билдирди. Ал бийлик репрессиялык кадамдардан баш тартаарынан үмүтүм бар дейт. Иса Өмүркулов бийлик жазалоочу ыкма аркылуу кырдаалды жумшарта албайт дейт:
- Конституцияга кошумча, толуктоолор кабыл алынмайынча кырдаал ошондой бойдон тура берет. Мен ойлойм, бул кандайдыр бир себептер менен кабыл алынбай калса, күзүндө менимче, былтыркы күзгү, быйылкы жазгыга караганда көбүрөөк элдин толкундоолоруна алып келиши мүмкүн. Менин баамымда ушундай. Элде да ушундай пикир болуп атат.
Бул аралыкта Өмүрбек Суваналиевдин таламын талашкандар Карабуурада, депутаттыкка талапкер Бермет Акаеванын таламын талашкандар Кеминде кечээ көчөгө чыгышкан. Кеминдик шайлоочулар Бишкек-Торугарт автожолун тосушкан. Ички иштер министрлигинин байланыш кызматкери Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, учурда эки тарапта тең кырдаалды ички иштер кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Коомчулуктун көңүлүн өзгөчө буруп жаткан Кемин шайлоо округунда кырдаал курчуп кетсе, тартипти сактоо үчүн Бишкектен милиция кызматкерлери кеңиири тартылышы мүмкүн.
Анткен менен, райондук соттун чечимин натура деп эсептеген Бермет Акаеванын арызын Жогорку Сот бүгүн карабай калды. Ал эми округдук шайлоо комиссиясынын катчысы Назгүл Темиржанованын айтымында, Акаеванын маселеси Жогорку Соттун чечиминен көз каранды:
- Жогорку Соттун чечимин күтүп атабыз. Жогорку Сот эмне чечсе, ошол чечимди аткарабыз.
Талапкер Акаеванын жактоочулары ага байланышкан соттук териштирүүлөрдүн артында бийлик турганына кынтыксыз ишенип турушат. Депутат Иса Өмүркулов экс-президенттин кызы атасынын бийлиги учурундагы бийлик кысымын өз башынан жаңы бийлик тушунда кечирип жатканын айтып, мындай мыйзамсыздык бийликтен бийликке өтүүчү өнөкөт адатка айланып баратканын белгиледи.
Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Луиз Арбурдун пикиринде мыйзамдуулуктун сакталышы ириде сот бийлигинен көз каранды:
- Мен жалпысынан бир гана нерсени айта алам, принцибинде кармоо, камоо, тыңшоо өңдүү бардык маселелер сот бийлигинин карамагында болушу керек. Сот бийлиги көз карандысыз, акыйкат жана ачык айкын болушу керек.