Бүгүн түштөн кийин Бишкектин борбордук аянтында «Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» бириккен фронт менен «Реформа үчүн!» кыймылы уюштурган мөөнөтсүз массалык митинг башталды. Митингди Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов ачты.
Өлкөдө терең саясий кризис орун алды деп билдирди өкмөт жыйыны башталаар алдында премьер-министр Алмаз Атамбаев. Жаңыртылган өкмөттүн бул алгачкы жыйыны жабык өтүп, анда беш маселе каралды. Атамбаев жыйындын башында саясий кырдаал, акырында болсо күн тартибиндеги маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу журналисттерге маалымат берди.
Кыргыз оппозициясы бийликке коюп жаткан эки талаптын аткарылышына президенттен кепилдик сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн уюштурган маалымат жыйынында «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов билдирди. Талаптар аткарылбаса оппозиция 6-апрелден тарта президенттин кызматтан кетишин талап кыла баштайт. Президенттик администрация болсо президент мурдагыдай эле маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оюнда бекем турганын кабарлады.
Кыргызстандагы улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Мурат Суталинов өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Жогорку Кеңеш Алмаз Атамбаевди премьер-министр кылып дайындоо боюнча президенттин сунушуна 48 добуш менен макулдук берди. Анын негизинде кечке жуук президент Бакиев аны өкмөт башчы кылып дайындоо жөнүндө жардык чыгарды. «Социал-демократтар» саясий партиясынын жетекчисин, оппозиция лидерлеринин бирин өкмөт башчылыкка сунуштоонун себебин президент Курманбек Бакиев саясий күчтөрдүн кепке келиши үчүн жасалган кадам катары баалады.
Президент Курманбек Бакиевдин коалициялык өкмөт түзүү үчүн жасаган аракети коомдук-саясий кырдаал турукташары күмөн бойдон калууда. Оппозициянын президенттик чукул шайлоону талап кылып жаткан канаты диалогго барбай тургандыгын, 11-апрелдеги ыктымал акция күчүндө экенин дагы бир ирет бышыктады. Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров мындай демилгени бүгүн кескин сынга алды. Эксперттердин айрымдары бийлик да, оппозиция да жарга такалганын айтып жатышат.
Поликремний чыгаруу максаты менен Совет мезгилинде курулган «Кристалл» ишканасынын айланасындагы чатак апта ичиндеги саясий чөйрөнүн башын ооруткан олуттуу окуя болду. Мамлекеттик ири ишкана мыйзамсыз сатылып жатат деп жар салган парламент мунун артында бийликтеги кызыкдар адамдар бар деп түкшүмөлдөп жатышат.
Жогорку Кеңеш март айынын ичинде Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун караганы турат. Долбоордо көп аял алган адамды жазалоого багытталган жобо алынып салынган. Адилет министри көтөргөн бул демилге коомдук-саясий чөйрө талкуулаган олуттуу маселелердин бирине айланды.
Юстиция министрлиги Кылмыш Кодексиндеги көп аял алгандарды жазага тартуу жөнүндөгү жобону алып салуу демилгесин көтөрүп жатат. Бул демилге дароо эле коомчулукта кызуу талаш-тартышты пайда кылды. 28-февралда Бишкекте аялдардын саясий клубунда өткөн талкууда көрүнгөндөй, айрымдар Юстиция министринин демилгесин көп аял алуучулукту мыйзамдаштырууга аракеттердин башталышы катары кабыл алышып, катуу сынга алышууда. Ошол эле учурда көп аял алууну жактагандар да үн катып, полигамия сойкулукка, эркек-аялдын мыйзамсыз карым-катышына байланышкан проблемаларга бөгөт коет деген жүйөөсүн келтирип жатышат.
29-апрелге шайлоо белгиленген Кемин жана Отузадыр шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка бир да талапкер расмий сунуштала элек. Ошол эле учурда бул эки округдан депутаттыкка талапкер катары экс-президент Аскар Акаевдин кызы жана азыркы президент Курманбек Бакиевдин иниси ат салышаары тууралуу коомчулукта кеңири сөз болуп, ал ар кыл өңүттө талкууга алынууда.
Кыргызстандын татыктуу келечеги деп аталган бирдиктүү фронттун түзүлүшү бул аптанын саясий айдыңындагы негизги окуя болду. Жаңы саясий уюм өзүнүн радикалдуу максаттары менен коомчулуктун көңүлүн бурду.
Кыргызстан конституциялык, экономикалык жана социалдык рефомаларга муктаж. «Жарандар коррупцияга каршы» укук борбору 2006-жылдагы адам укуктарынын абалын иликтеп чыгып, ушундай жыйынтык чыгарды. Борбор ошондой эле Кыргызстанды ыңкылап жана жаңжалдар болгон өлкө катары белгиледи.
Президент Курманбек Бакиевдин тандемдеши, «Ар-намыс» саясий партиясынын негиздөөчүсү Феликс Кулов оппозицияга кетти. Апта ортосунда жарыяланган мындай билдирүүсүн саясатчынын тилектештери да, атаандаштары да ар башка кабыл алып жатышат.
29-апрелде №40 Отуз адыр жана №57 Кемин шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев 12-февралда кол койгон. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн бул эки округда шайлоону уюштуруу маселесин карады.
Мурда кабарлангандай, экс-премьер министр, «Ар Намыс» саясий партиясынын негиздөөчүсү Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевдин саясатын кескин сынга алып, өлкөдөгү чачыраган күчтөрдү бириктирүүгө даяр экенин билдирди. Мындай билдирүүгө ишенбөөчүлүк менен караган саясатчылардын бири, Куловдун эзелки өнөктөшү, Социал-демократтар партиясынын лидери, «Реформа үчүн!» кыймылынын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев болду. Саясатчыга кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызы бир катар суроолор менен кайрылды.
Экс-премьер-министр Феликс Кулов «Реформа үчүн!» кыймылынын колдоосуна ээ болобу-жокпу? Бул маселе азырынча туюк бойдон турат. Анткен менен экс-премьер-министрдин расмий бийликке оппозицияга чыгышын саясатчылар менен коомдук ишмерлер ар кыл өңүттө талдап жатышат. Алардын ичинде «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөлөрүнүн көз караштары да бирдей чыккан жери жок.
Экс-премьер-министр, «Ар намыс» партиясынын негиздөөчүсү Феликс Куловдун оппозицияга өтө тургандыгын жарыя кылышы саясий чөйрөдө ар кыл пикирлерге, көз караштарга жем таштады. Кыргызстанда таасирдүү саясатчылардын катарында саналган Куловдун акыркы билдирүүсүн колдогондор да, сынга алгандар да көп болууда.
Кыргызстанда митингдерге, нааразылык акцияларына, жөө жүрүштөргө чек коюу демилгеси быйыл кайрадан көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуштаганы жатат. Мындай демилге коомдук-саясий чөйрөдө Конституцияга каршы мыйзам катары бааланып, ишке ашпай турган демилге катары белгиленүүдө.
Кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө байланышкан парламенттеги талкуу өлкөнүн коомдук-саясий чөйрөсүнүн көңүл чордонундагы башкы окуя болду. Бирок, үч күнгө созулган талкуудан жыйнактуу тыянак чыкпай, парламент талкууну дүйшөмбүгө чейин токтото турууга аргасыз болду.
Өкмөттүн түзүмүнө байланыштуу макулдашуу комиссиясын түзүү демилгеси бүгүн парламентте колдоо таппай калды. Каршы болгон депутаттардын айрымдары бул демилгени өкмөттүн милдеттерин кошо талашуу катары баалашты. Президент 30-январда парламентке сунуштаган өкмөт түзүмү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун тагдыры бир ыктай чечиле элек. Президент долбоорду кайра кайтарып алуу маселесин көтөрө элек. Өкмөт башчы долбоорду кайтарып ала тургандыгын кечээ парламентте билдирген болчу. Депутаттар ага мындай укук берилбегендигин бүгүнкү талкууда айтып чыгышты.
Дагы жүктөңүз