Биринчи май райондук соту «Жашылдар» жана «Замандаш» саясий партиялардын арыздарын канааттандырган жок. Эки күндүк талкуудан кийин ушундай чечим чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки саясий партиянын парламенттик шайлоого катышуу үчүн даярдаган тизмесин жаратпай койгон. Буга чейин сот БШКнын тизмеси катталбай калган «Таза коом», «Ооган жана башка жергиликтүү чатактардын ардагерлери» партияларынын, Коммунисттик партиянын чечимин жокко чыгарууну сураган арыздарын канагаттандырган эмес. Жеңилген тарап чечимдерди бийликке көз карандылыктын туундусу катары баалап жатат.
Президент Курманбек Бакиев 28-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан СДП саясий партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевди кызматынан алды. Анын ордунда эми жаңы дайындалган биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев бир айлык мөөнөт менен убактылуу иштеп турмай болду. Атамбаевди президент өкмөт башчылыкка апрель митингдеринен кийин оппозициянын өкүлү катары алып келген болчу.
Шайлоо кодексиндеги 16-декабрга белгиленген парламенттик чукул шайлоонун натыйжаларын аныктоо маселеси өтүп бараткан аптанын баш оорусуна айланды. Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын түшүндүрмөсү түрткү берди. Анда республикалык тизмеге кирген шайлоочулардын 0,5 % добушун ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан топтой албай калган саясий партияларга мандат берилбейт деп жазылган. Саясий партиялардын басымдуу бөлүгү муну кол жетпес тоскоолдук катары баалап, БШК чечимин жок кылууну президенттен талап кылышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз парламенттик шайлоого баруу ниетин билдирген 50 партиянын жүздөн ашык ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоого алды. БШКга арыз берген саясий партиялар эми 18-ноябрга чейин шайлоого талапкерлердин тизмесин сунуш кылышы керек.
16-декабрда өтө турган кезексиз парламенттик шайлоого оппозиция «Ата Мекен» партиясынын туусу астында бара турган болду. Бул тууралуу бүгүн партияга баш кошкон саясатчылар билдиришти. Мындай чечимге оппозициялык ири саясий партиялар саналган «Ата Мекен» жана «Ак Шумкар» татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин келишти.
“Референдум бардык саясий талаш-тартыштарга чекит коет». Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев референдумга добуш бергенден кийин билдирди. Ушул эле күнү добуш берген оппозициялык саясатчылар референдумдан кийин жагдай тынчып, өлкө чыныгы демократиялык нукта өнүгүп кетерине негиздер жок деп жатышат.
Экс-президент Аскар Акаевдин мүлкү боюнча козголгон 106 кылмыш иштин он сегизине тергөө убактылуу токтотулду. Ал эми калгандарынын ичинен 30 иши бириктирилип, көпчүлүгү ар кандай негиздер менен кыскартылган жана токтотулган. Айыпкер саналгандардын ичинен түрмөгө отургузулгандар боло элек. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура билдирди.
Биринчи май райондук соту 19-апрель окуясы боюнча дагы эки адамды сот жообуна тартуу алдында турат. Бүгүнкү сот отурумунда массалык баш аламандыкка катышты деп айып тагылган Амантай Сейталиев менен Жылдызбек Кенжебаевге үч жылдан сегиз жылга чейин жаза чектөөнү прокурор судьяга сунуш кылды. Айыпталуучулар өз күнөөлөрүн толук моюнга алышты. Укук коргоочулар болсо саясатчылардын кармашы караламан калктын башына муш болуп жатканын белгилешүүдө.
Укук коргоочулар референдумга коюлары күтүлүп жаткан Конституциянын жаңы редакциясы жарандардын саясий укуктарынын сакталышына кепил боло албайт деп тынчсызданышууда. Алар президент бийликти өз колуна топтоп алат, акыркы мезгилдеги негизсиз кармоолор, камоолор, соттук териштирүүлөр мындан да күчөп кетет деп кооптонуп жатышат. Президент Курманбек Бакиев, тескерисинче, 19-сентябрдагы кайрылуусунда адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо Конституциянын жаңы редакциясындагы негизги артыкчылык экендигин белгилеген болчу.
«Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронту өзүнүн милдетин өтөп бүттү. Ушинтип билдирген «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери, экс-премьер-министр Феликс Кулов муну Конституциянын жаңы редакциясынын референдумга чыгарылышы менен негиздеди. Апрель митингдери президент Курманбек Бакиевди саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн конституциялык реформага барууга аргасыз кылды деп билдирди. Кулов президентти ошондой эле абсолюттук бийликке жетүүгө умтулуп жатат деп сындады.
Кыргызстандын коопсуздук комитети экс-президенттин кызы Бермет Акаевага каршы козголгон кылмыш ишин токтотту. Мурдараак «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронттун лидерлеринин бири Өмүрбек Субаналиевге каршы козголгон иш да токтотулган болчу. Саясий чөйрөдө мындай кадамдар эки баш мыйзамдын жокко чыгарылышы сыяктуу эле саясий оюндардын туундусу катары саналууда.
30-сентябрда №69-Балыкчы шайлоо округунда Жогорку Кеңешке депутаттыкка кайра шайлоо өтөт. Учурда ага катышууну каалаган жарандардын ичинен үчөө талапкер катары катталышты. Катталгандардын катарында 19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурду деген айып тагылып, иши Коопсуздук Комитетинде турган оппозициянын өкүлү Өмүрбек Субаналиев бар.
Бүгүн кечке жуук Кербенде аксылык жабырлануучулар менен баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жолугушуп, Аксы окуясы боюнча иш кыйшаюсуз тергелерин убада кылды. Ал эми парламенттик комиссия сентябрдын алгачкы он күндүгүнүн ичинде Жогорку Кеңештин сессиясына маалымат берери күтүлүүдө. Саясатчылар болсо Аксы окуясына байланышкан акыркы тергөө деле калыстыкка жеткиреринен күмөн санап жатышат.
Оппозиция күздө өз ишмердигин жандандырып, кайрадан массалык акцияларды уюштурууга барышы мүмкүн. Ушинтип болжогон байкоочулардын кыйласы ага бийлик тарабынан кетирилип жаткан катачылыктар жетиштүү шылтоо болуп берет деп жатышат.
Бишкек шаардык соту «Жашылдар» саясий партиясынын лидери, экс-депутат Эркин Бөлөкбаевге райондук сот чектеген административдик жаза мөөнөтүн азайтты. Анын негизинде саясатчы сот залынан бошотулду. Мындай тыянакты натура деп эсептеген саясатчы эми Жогорку Сотко кайрылмай болду.
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 7- саммити өттү. Алты мүчө мамлекет башчыларынын, байкоочу жана конок катары чакырылган төрт мамлекеттин президентинин жана эки мамлекеттин министр деңгээлиндеги өкүлүнүн катышуусунда өткөн бул саммит он документ кабыл алды. Бишкек саммитинде мурда болжолдонгондой уюмдун курамын кеңейтүү маселеси көтөрүлгөн жок.
Азыркы тапта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 7-саммити башталды. Саммитке мүчө алты мамлекет башчысынан тышкары ардактуу конок жана байкоочу катары дагы төрт президент, эки мамлекеттин министрлери катышууда. ШКУнун саммитинин кадыры өсүп баратат деген айрым байкоочулар, анын келечегин НАТОго атаандаштык менен байланыштырышууда.
19-апрель окуясына байланыштуу камакка алынышкан жарандар Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевдин соту 23-августта уланмай болду. Бүгүн болгон кезектеги сот отуруму күбөлөрдүн бирөөнүн көрсөтмөсүн угуу менен чектелди. Айыпталуучулардын тарапкерлери сот создугуп жатат деп, муну күбөгө тартылат деп көрсөтүлгөн милиция кызматкерлеринин сотко келбей жаткандыгы менен түшүндүрүштү.
Диний экстремизмге каршы мамлекеттик чукул чаралардан диний ишенимдеги жай адамдар жабыркап жатышат. Шанхай кызматташтык уюмунун алдындагы күч бийликтеринин аракеттерине байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар ушундай билдирүүлөрдү жасашууда. Ошол эле учурда тартип коргоо кызматтары саммиттин алдында коопсуздук чараларын күчөтүп, шектүү саналган жагдайларга чара көрүүдө.
«Бириккен фронттун» башчысы Феликс Кулов массалык баш аламандыкты уюштурду деген айыптын тагылып жатышын саясий буюртма катары баалап жатат. Мындай пикирин саясатчы бүгүн уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын баамында, бийлик Орусия менен конфедерация түзүү демилгесине тоскоолдук кылуу үчүн ушул ишти жасап жатат. Эки күн мурун Коопсуздук комитети 19-апрелде баш аламандык уюштурулду деген факт боюнча козголгон кылмыш ишинин чегинде, Феликс Куловго Кылмыш Кодексинин 233-беренесинин биринчи пункту боюнча айып таккан.
Дагы жүктөңүз