Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ОППОЗИЦИЯ КҮЗДӨ КҮЧТӨНҮП, КАЙРА БАШ КӨТӨРӨТ


Оппозиция күздө өз ишмердигин жандандырып, кайрадан массалык акцияларды уюштурууга барышы мүмкүн. Ушинтип болжогон байкоочулардын кыйласы ага бийлик тарабынан кетирилип жаткан катачылыктар жетиштүү шылтоо болуп берет деп жатышат.

Жайкы эс алуу аяктап баратканы менен, «Бириккен фронттон» башка оппозициялык саясий күчтөр азырынча өздөрүнүн күзгү иш багыттары тууралуу жарыя айтыша элек. Экс-премьер министр Феликс Кулов баштаган Бириккен фронттун Кыргызстан менен Орусия ортосунда конфедерация түзүү боюнча референдумга кол топтоого уруксат алуу аракетинен майнап чыкпай жатат. Феликс Куловго Коопсуздук комитети 19-апрелде баш-аламандыкты уюштурду деп айып тагып, эки жакка чыгууга тыюу салып койду. Апрель митингдерине байланышкан соттор уланууда. Бириккен фронттун тарапкерлери ушул өңдүү көрүнүштөрдүн бардыгын бийликтин куугунтугу катары чечмелеп, бул өңдүү саясий себептерге социалдык-экономикалык муктаждыктар кошулса, күзүндө элдин көтөрүлүшүнө толук негиз пайда болорун айтышууда.

«Ысыккөл» Инвестбанкка байланышкан чыр-чатакты видеотасмага түшүрүп жаткан жеринен он күнгө камакка кесилген «Жашылдар» саясий партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев нааразылыкка бийлик өзү түртүүдө дейт:

- Биз тынч жашагыбыз келет. Бирок, бийлик өзү түртүп атпайбы. Бирде банкты ээлеп алышат, бирде мени камап салышат, банкка тиешем жок болсо дагы. Ысыката өңдүү курортторду басып алып атышат. Эми мына Өмүрбек Субаналиев депутаттыкка ат салышканы турат. Ага да бут тосуулар башталат. Мүлктү кайра бөлүштүрүү, менчикти басып алуу болуп атат.

Күздө тынч эмес жагдай түзүлөрүн жакында өткөн маалымат жыйынында Феликс Кулов да айткан болчу. Куугунтуктоо аркылуу бийлик оппозицияны күчтөндүрүп жатат деп эсептеген экс-премьер министр мыйзам чегинде саясий күрөш уланаарына, ал жетектеген «Ар намыс» партиясы саясий күрөштө утуп чыгарына да ишеними күч.

Президентти жактаган тарап болсо радикалдык оппозиция күздө кырдаалды курчутуш үчүн кам көрө баштады деп, сынга ала башташты. Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулованын айтымында, оппозициянын нааразылык акциясына чыгышына негиз болуп бере турган себептер көп:

- Өтө чоң толкунду пайда кылбаса да, себептер бар. Ошол эле бийликтин кетирген кемчиликтери себеп болуп кетиши мүмкүн.

Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Феликс Кулов баштаган оппозиция күздө таасирдүү нааразылык акцияларын уюштураарына анча ишене бербейт. Муну апрель митингдеринен кийин темир Феликстин өз тилектештеринин арасында баркы кетип калды деген ойдо:

-Текебаев, же Сариев же дагы башкалар катуу акцияларды уюштурбайт деп ойлойм мен. Алар алда канча реалдуу саясатчылар. Ак-карасын, өксүгүн-жакшысын алдына ала билген баалаган саясатчылар булар. Кылдат саясатчылар. Диалогду издешет. Кулов аракет кылышы мүмкүн, бирок, ал кишинин саясатынын түбү, келечеги жок экенин элдин баары түшүнүп калды.

Курамына Турсунбек Акун атаган саясатчылар кирген «Ата Мекен», «Ак Шумкар» партиялары Феликс Куловдун акыркы аракеттерине тилектештигин билдиришкен жери жок. Апрель митингдеринен кийин улам артып бараткан мындай салкындыкты байкоочулар Кулов жетектеген оппозиция менен парламенттик көпчүлүктү түзгөн оппозициянын мамилесинин бузулгандыгы катары сыпатташууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG