«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун лидери, экс-премьер-министр Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын уюштураары күтүлүүдө. Буга Кылмыш кодексинин 233-беренесинин биринчи пункту боюнча Куловго айып тагылышы себеп болду. Тагылган айып далилденген шартта оппозициянын лидери сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Өтүп бараткан аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов парламенттин үчүнчү сессиясынын тыянагын чыгарып, парламенттин иши жемиштүү болду деп билдирди. Ошол эле учурда парламентти ашкере саясатчыл болуп кеткендиги үчүн сынга алгандар да болууда.
Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган Камбарата ГЭСтерин мамлекеттик башкаруудан чыгаруу жөнүндөгү мыйзамы учурда президенттин кароосунда турат. Жогорку Кеңештин «Ак шумкар» фракциясы бул мыйзам добуштарды бурмалоо жолу менен кабыл алынды деп маселе коюп, президентти ага кол койбоого чакырууда.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чегаралаш жайгашкан Ош, Баткен, Жалалабад облустары менен Фергана, Наманган жана Анжиян облустарынын жетекчилери 7-июлда жолугушканы турушат. Бул жолугушууда чегарага байланышкан кыйла маселелер талкууланат.
Кыргызстандагы «Аэронавигация» кызматы АКШ баштаган антитеррордук коалицияга мындан ары кызмат кылууну каалабай жатат. Мекеменин кесиптик кошууну АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ушундай мазмунда кат жолдоду. Катта кесиптик кошуун нааразылыгын көрсөтүлгөн кызматы үчүн ишкана акы ала албай жатканы менен негиздеди. АКШ элчилиги болсо бул арызды кароого үлгүрө электигин билдирди.
«Жерүй» алтын кенине байланышкан маселе бүгүн парламентте каралбай калды. Буга сессияда кворумдун жоктугу себеп болду. Бул аралыкта Эл аралык арбитраждык сот Кыргызстандан жана Жерүйдөгү алтынды иштетүү милдетин алган мурдагы ишканадан ар кандай билдирүүлөрдү чектей турууну суранды. Учурда кызматташуудан четтетилген «Оксус голд» компаниясы Кыргызстанга 300 миллион доллар доо коюп жатат.
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өткөнү жатат. Жыйынга катышуу үчүн кечээ Кыргызстанга Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Тажикстандын коргоо министрлери жана Өзбекстандын коргоо министринин орун басары келишти.
Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков «Агым» гезитин «Камбарата сатылды» аттуу макаласы үчүн сотко берип, 20 миллион сом өндүрөөрүн жарыя кылды. Ал эми райондор аралык сот бүгүн аксылык тургундардын «Агымга» каршы доо арызын кароого киришти. Укук коргоочулардын маалыматтарына караганда, акыркы эки жылда «Агымга» каршы отуздан ашык доо арыз берилди.
Тыңчылык кылды деген шек менен 19-июнда камакка алынган Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын ишин Коопсуздук кызматы жабык иликтөөдө. Ошол эле учурда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин алдында болгон бул окуя коомдук-саясий чөйрөдө түрдүү суроолорду, божомолдорду жаратууда.
Кеминден келген жыйырма чамалаш шайлоочу бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн учурунда чыккан чатакка байланыштуу камакка алынган Назарбек Жамантаевди бошотууну талап кылышты. Алар ЕККУга, Жогорку Кеңешке жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине жүрүш жасашты.
Экс-премьер-министр Феликс Кулов жетектеген «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронт Орусия менен союздук мамлекет түзүү демилгесин ишке ашыруу үчүн кол топтогону жатат. Бул максатта ал эки күн мурун демилгелүү топту каттоодон өткөрүүнү сурап, Юстиция министрлигине кайрылды.
Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет премьер-министр Алмаз Атамбаевдин уулануу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө алды. Бир айга чукул убакыттан бери эл оозунда келаткан бул факты кыйла талаш-тартыш жаратты.
АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасына байланышкан макулдашуу келерки аптанын башында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин катышуусунда Бишкекте талкууланаары күтүлүүдө. Бул аралыкта америкалык аскер базасын чыгарууну жактаган коомдук кыймылдын өкүлдөрү американын коргоо министринин сапарын утурлап ишембиде АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүүгө камынууда.
Премьер-министр Алмаз Атамбаевдин уулангандыгын дарыгерлер тастыктагандан кийин аны ким ууландырышы мүмкүн, жыйырма күндөн ашык убакыттан бери эмне үчүн бул маселеге маани берилбей жатат деген өңдүү суроолор жандана баштады. 29-майда президенттин иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо жана ден-соолукту чыңдоо бирикмеси Алмаз Атамбаевдин организминен белгисиз уу зат табылгандыгы тууралуу медициналык тыянакты жарыялады.
Бир катар укук коргоочулар Таласта камакка алынгандарды токтоосуз бошотууну талап кылышууда. Буга байланышкан кайрылууну бүгүн алар президентке жана Жогорку Кеңешке жолдошту. Учурда Талас облустук ички иштер кызматынын убактылуу кармоочу жайында 10 киши камакта отурат. Аларга премьер-министр Алмаз Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүн таш бараңга алууга катышкан деген кине коюлууда.
Жогорку Кеңеш «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатат. Долбоор электрондук мейкиндик аркылуу таратылган маалыматтарды иретке келтирүү максатын көздөйт. Бирок, аталган долбоорду укук коргоочулар кескин сынга алып, демилгечилерди ачык диалогго чакырып жатышат.
«Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронт өз ишмердигине тактикалык өзгөртүү киргизип жатат. Кыймылдын 2-июнга белгиленген экинчи элдик жыйынында талкуулана турган башкы маселелердин бири мына ушул болот. Келерки элдик жыйын ошондой эле биринчи элдик жыйын бийликке койгон талаптардын аткарылышын талкуулайт.
Маалымат каражаттары чуулгандуу окуяларга кызыгып азгырылып, коом алдындагы жоопкерчиликти караманча эсинен чыгарып коюшууда. Бишкекте 22-майда болгон медиафорумда кыргызстандык журналисттер ушундай сынга кабылышты.
Бүгүн Бишкекте «Жыйырма биринчи кылымдын коркунучтарына каршы аракеттерде маалымат каражаттарынын орду» деген медиа форум болуп өттү. Медиа форумдун башкы докладчысы, Коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирчү жагдайларды белгиледи.
Бишкекте жарандык коомдун лидерлери жарандык коомдордун таасирин күчөтүү, коомдук-саясий жараяндардагы ордун бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Дагы жүктөңүз