Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

БАШ ПРОКУРОР АКСЫГА БАРДЫ. ТЕРГӨӨ КАЛЫС ЖҮРӨБҮ?


Бүгүн кечке жуук Кербенде аксылык жабырлануучулар менен баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жолугушуп, Аксы окуясы боюнча иш кыйшаюсуз тергелерин убада кылды. Ал эми парламенттик комиссия сентябрдын алгачкы он күндүгүнүн ичинде Жогорку Кеңештин сессиясына маалымат берери күтүлүүдө. Саясатчылар болсо Аксы окуясына байланышкан акыркы тергөө деле калыстыкка жеткиреринен күмөн санап жатышат.

Элмурза Сатыбалдиев башында турган Башкы прокуратура Аксы окуясын жаздан бери жаңы жагдайга байлап, кайра баштан териштирип жатат. Анын натыйжасында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловго, Жалалабад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго, ички иштер кызматынын облустук бөлүмүнүн башчысы мурдагы Кубаныч Токобаевге, чегара кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Садырбек Дубанаевге айып такты. Жогорку Кеңештин депутаты, экс-губернатор Султан Урманаевге кылмыш козгоп, айып тагууга уруксат берүүнү сурап Жогорку Кеңешке кайрылды. Буга байланышкан маселени парламент сентябрь айынын алгачкы он күндүгүнүн күн тартибине киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу депутат Азимбек Бекназаров парламенттик комиссия ишин жыйынтыктагандыгы менен байланыштырып билдирди. Анын айтымында, депутат Дооронбек Садырбаев жетектеген комиссия Аксы окуясы боюнча кеңири иликтөө жүргүздү.

Бирок жабырлануучулар жана алардын таламын талашкандар Баш прокуратура улуттук трагедияга айланган Аксы окуясын акырына чыгарарына ишенишкен жери жок. Алар Аксы окуясы боюнча ишти баш прокурор өзү келип тааныштырып бербесе, ишти калыс кароодон чегинсе Аксы-Бишкек жөө жүрүшүнө чыгарын 13-августта бийликке эскертишкен. Мунун себебин Аксынын депутаты Азимбек Бекназаров мындайча чечмеледи:

- Алар ошол жерде команда берип, башкарып, аткыла деп жүргөн адамдардын үстүнөн кылмыш иши кыскартылганына каршы. Мисалы, ошол жерде жүргөн Осмоновдун, Кулуевдин, Акматалиевдин жана башкалардын үстүнөн иштерди таптакыр кыскартып, жабышкан экен. Мына ошого алар катуу нааразычылыгын билдирип жатышат.

Бирок Элмурза Сатыбалдиев Кербендеги жолугушууда ишти кыскартуу жөнүндөгү маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу жолугушууга катышкан жабырлануучулардын бири Сумсар Ажыгулов билдирди:

- Эч кандай эч ким акталбайт, бардыгынын үстүнөн иш козголот деди. Жогору жактан баштаптыр. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө иш козголду, иш ачылды деп сөз берди.

Анткен менен баш прокурордун жолугушууда айткандары эки сүйлөгөндөй ой калтырды деп билдирди аксылыктардын бири Жаңыбаев Эсенгазы.

Аксы окуясына оңой менен чекит коюларына жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчибеков да, депутат Азимбек Бекназаров да ишенген жери жок. Бекназаровдун божомолунда саясий кызыкчылыктары бар бийлик ишке тоскоолдуктарды жасабай койбойт:

- Сөзсүз тоскоолдук болушу мүмкүн. Мен үч-төрт жолун көрүп турам. Мисалы, Урманаев боюнча берген сунушун прокуратура кайра чакырып алышы мүмкүн. Же Дооронбек Садырбаевдин маалыматын уктурбай коюшу мүмкүн, башка маселелерди карайбыз деп. Үчүнчүсү, аны-муну деп жылдырып коюшу мүмкүн.

Оппозициячыл жоон топ депутат курамына кирген «Ак Шумкар» саясий партиясы депутат Султан Урманаевге каршы козголгон кылмыш ишин саясий кысым катары баалоодо. Депутат өзү болсо Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча ага азырынча кайрыла электигин билдирди. Экс-губернатор ошондой эле калыс тергөө жүрөрүнө ишенген жери жок. Туш келди жазалоолор аркылуу Аксы окуясына чекит коюу мүмкүн эмес дейт ал:

- Кеп бирөөнү камап, соттогондо эмес да, экс-президенттен баштап, азыркы президенттен баштап. Кеп анда эмес. Бардыгы элден кечирим сурап, болор иш болду, итчилик кетти дегендей кылса, менимче, басылат болуш керек. Анан жарым бийликте иштегендерге кылмыш козгоп, ошо кезде бийликте турган чоң бийликтегилерди бошотуп коюп, мисалы, ички иштер министри жүрөт, Садиев жүрөт, калгандары жүрөт санабай эле коеюн.Администрацияда коопсуздук кеңешинде иштегендер жүрөт аралашып. Ошонун баары четте карап турганы туура эмес менимче.

2002-жылдын 17-18-мартта болгон Аксы окуясында беш киши окко учуп, окуянын алдында ачкачылык акциясынын учурунда укук коргоочу Шерали Назаркулов мерт болгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG