Бул эки саясатчы тең буга чейин апрелде Бишкекте жана Кеминде баш аламандыктарга тикелей тиешеси бар адамдар катары айыптуу саналып келишкен. 24-апрелге караган түнү болгон райондук сот отурумунда сотко тоскоолдук кылды, тиешелүү документтерди жок кылды деп тагылган айып боюнча тергелген Бермет Акаеванын иши сотко өтүү алдында турган. Бермет Акаеванын адвокаты Икрамидин Айткуловдун «Азаттыкка» кечээ билдиргенине караганда, иштин токтотулушуна коюлган айыптын негизсиздигин маалымдап, коопсуздук кызматына жолдогон адвокаттын каты түрткү болду:
- Алар кылмыш курамы жок болгону үчүн эмес, айып далилденбеген үчүн ишти токтотушту. Бул Акаеванын күнөөсү далилденген жок, акталды дегенди билдирет.
Мындай маалыматты кечээ «Азаттыкка» тергөөчү Алтынбек Капаров да тастыктады. Укук коргоочулардын маалыматтарына караганда, 13-сентябрда кылмыш иши токтотулган Бермет Акаева кечээ түштөн кийин уулу менен бирге Казакстанды көздөй сапар алды. Күнөөсү далилденген жок деген негиз менен Бириккен фронттун лидерлеринин бири Өмүрбек Субаналиевдин да кылмыш иши токтотулганы мурдараак кабарланган. Өмүрбек Субаналиев анын алдында 30-сентябрда болору күтүлүп жаткан Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкердиктен баш тарткан болчу. Алардын тарапкерлери мындай чечимди бийликтин салыштырмалуу жасалган акыйкат мамилеси катары баалашууда.
Саясатчылардын кылмыш иштеринин токтотулушун бийликтин кырдаалды курчутпоо ишарасы катары баалагандар да бар. Алардын бири, Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева:
- Булар саясий кырдаалга да байланыштуу жасашты. Кырдаал күчөп кетпесин деп, стабилдүүлүктү жактоо жолун жасашты да.
Социал-демократтар партиясынын мучөсү Эдил Байсалов аталган иштер кандай саясий себеп менен башталса, ошондой эле саясий себеп менен аяктады дейт:
- Саясий жактан болобу, укуктук жактан болобу, эртеби-кечпи бул иш кыскартылмак. Бирок, албетте, бул иштин азыр ишке ашып жатышы да бир нерседен кабар берип турат.
Байкоочулардын кыйласы муну бийликчил жана ага каршы турган саясий күчтөрдүн президенттик жарышты утурлап жең ичинде сүйлөшүү жүргүзүп жатышкандыгынын белгиси катары санашууда. Мындай көз караштарды Бириккен фронттун жана «Ар намыс» саясий партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев караманча төгүнгө чыгарды. Саясат таануучу Табылды Акеров эки саясатчынын бошотулушун саясий күчтөр ортосундагы соодалашуунун кичинекей, бирок, бийликке упай топтоп берер туундусу катары көрөт.
- Бул сүйлөшүүлөр бийликтин позициясын эле бир аз жакшыртып алуу үчүн гана жасалган кадам деп айтса болот. Мисалы Чүй жергесиндеги же болбосо оппозициялык маанайдагы электоратты өзүнө тартыш үчүн эле Субаналиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү деп айтса болот.
Саясат таануучу быйылкы күздү президенттик үчүн күрөшкө байланышкан саясий оюндардын башталыш мезгили катары санайт. Муну бийликке ыңгайсыз саясатчыларды бошотуудан тартып, баш мыйзамдарды оппозициялык депутаттардын арызынын негизинде жокко чыгарууга чейинки чечимдерден ачык эле көрүүгө болот.
«Акшумкар» саясий партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов болсо Акүйдүн аракети айдан ачык эле көрүнүп турат деп кошумчалады:
- Бизде үркөрдөй болгон саясатчылар барбыз. Акүйдүн эң жогорку кабинеттеринде болгон сөздөр бизге шак эле жетет да. Ошол жакта жазылган сценарий боюнча чечим кабыл алынып жатат да.