Адам укуктарынын апрель айынан кийинки жагдайын эске алышкан укук коргоочулар жарандардын саясий укуктарын чектөө күчөп бараткандыгын, жаңы долбоор жагдайды ого бетер оорлоторун эскертишти. Мындай билдирүү жакында өткөн саясатчылар менен жарандык лидерлердин форумунда жасалды. Буга Кеминдеги, Бишкектеги апрель окуялары боюнча айып тагуулар, камоолор, соттоолор, «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге, укук коргоочу Максим Кулешовго администрациялык жаза чектелиши өңдүү мисалдар келтирилүүдө.
«Интербилим» борборунун лидери Асия Сасыкбаеванын көз карашында Кыргызстан мыйзамсыз өлкөгө айланып баратат:
- Мыйзам бүгүнкү күндө карапайым элге иштебейт. Мыйзам бийликте отургандарга гана иштеп жатат.
Укук коргоочунун пикиринде, маселен, апрелдеги баш аламандыктардын башында турат делген Бермет Акаева менен Өмүрбек Субаналиевден айыптарын бийлик саясий окуялардын алдында элди жоошутуу үчүн гана алып салды.
Укук коргоочу белгилеген депутаттыкка талапкер Бермет Акаеваны коопсуздук кызматы актаары менен дароо чегарадан чыгарып жиберген, ал эми Бириккен фронттун лидери Өмүрбек Субаналиев президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүн жетектеп калды. Бул эки саясатчы тең тагылган айып далилденген жок деп 13-14-сентябрда удаа акталышкан.
Ошол эле учурда Кеминдеги жана Бишкектеги нааразылык акцияларына катышкан төрт жарандын экөө сот жообуна тартылып, дагы экөө соттолуп жатышат. Мындай көрүнүштөрдү «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдирасулова да сынга алды:
- Аксы боюнча прокуратура саясий чечим кабыл алса, Бермет Акаева боюнча ГКНБ (Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет-авт.) саясий чечим кабыл алса, ошол эле иштер боюнча: ошол эле Берметтин шайлоосу же болбосо Аксы окуясы боюнча Жогорку Сот саясий чечим кабыл алса, бизде анда мыйзамдуулук жок да. Мамлекетти жоготуу коркунучунда болуп калып атабыз. Эч ким мыйзамды кармабай эле саясий чечим кабыл алып калышты да бүгүнкү күндө.
Өмүрбек Субаналиев менен бирдей айып тагылган Феликс Куловдун, Өмүрбек Абдыракмановдун, «Канжар» жаштар уюмунун өкүлдөрү Адилет Айтикеевдин, Жалын Маматказиевдин иштери ара жолдо турат. Муну мурдагы Коопсуздук кызматкери, экс-депутат Алишер Абдимомунов бийликтин өз пайдасы үчүн калтырган илинчеги катары белгиледи.
Коопсуздук Комитетинин маалымат кызматы иштин бир ыктай чечилбей жатышын «Канжардын» лидерлеринин издөөдө жүргөндүгү менен байланыштырды.
Уюштуруучулардын катарында айып тагылган Өмүрбек Абдырахманов күч бийлиги кылмыш ишин негизсиз ачып алып, эми аны кантип жабыштын айласын таппай жатат дейт:
- Менин оюмча укук коргоо органдары мыйзамдын негизинде иштешпейт. Жетинчи кабаттан команда күтүп атат болуш керек, жап десе жабалы, жаппа десе жаппайлы деп.
«Ар Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов бул көрүнүштү трагикомизм деп атады:
- Кызык кырдаал түзүлүп жатат. Бул биздин саясий турмуштун трагикомизми. Бул бизде укуктук мамлекеттин жоктугунун далили. Бир эле иш үчүн адамды камап коюшу же орден бериши мүмкүн. Трагедия дагы, комедия дагы ушул жерде. Субаналиев болсо туура кылган. Ал муну менен комизмди көрсөтүп атат. Аны кылмышкер кылып, анан анын артынан түшкөн органды кайра ага башкартып коюшту.
Апрель окуяларына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралардын айланасында коопсуздук кызматы менен баш прокуратура түшүндүрмө берген жери жок. Президент Курманбек Бакиев болсо өз кайрылуусунда Кыргызстан адам укуктарын бекем сактаган, прогрессивдүү өлкө катары өнүгөөрүнөн шек санабастыгын билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов Жогорку Кеңештин жакынкы отурумдарынын биринде Баш мыйзамдан тарта бардык мыйзамдар чайкоочунун милдетин аткарып, адам укуктары арткы планга кетти деп кейиди. Анын айтымында туура эмес кылмыш иши козголгону менен, мыйзамдын чегинде туура эмес иш козгоду деп бир да тергөөчүгө иш козголгон жери жок:
- Генерал Субаналиевге кылмыш иши козголду эле, Азыр өзү администрациянын бөлүмүн жетектеп отурат. Жок дегенде ошо Субаналиевге каршы кылмыш ишин козгогон тергөөчү эми жооп берет го деп ойлойм.
Укук коргоочулар болсо адам укуктарындагы бул өңдүү өксүктөрдү жеке бийликке ыктаган Конституциянын жаңы редакциясы азыркы калыбында күчөтпөсө жое албайт деп жатышат.