“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Ысык-Ата районунун 35 жаштагы тургуну Залина Үмөталиева 7-ноябрь күнү төрөт маалында мээсине кан куюлуп, комага түшкөн. Учурда ал Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Залинанын окуясы Кыргызстанда инсульттан кийин бейтаптарды карай турган атайын жайлар жок экенин дагы бир жолу эске салды.
Кыргызстанда кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайлардын оорусу кабылдап кеткен учурлар катталды.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-декабрь).
Кыргызстанда аялдар арасында эмчек жана жатын моюнчасынын залалдуу шишиги кеңири жайылган.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-декабрь).
Жыл башынан бери Кыргызстанда төрөттөн 45 аял көз жумду. Ал эми боюнан алдыргандар 20 миңге жеткени калды. Саламаттык сактоо министрлиги "аборт өлкөдө көбүнчө катталбагандыктан, мындан да көп аялдар боюнан алдырышы мүмкүн" деп билдирүүдө.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-ноябрь - 3-декабрь)
Кыргызстанда тармактык сооданын желесине илинип, алданган адамдардын катары калыңдады.
Адистер Кыргызстанда чылымды таштагандар азайганы менен насыбай чегүүгө өткөн өспүрүмдөр менен аялдар барган сайын көбөйүп баратканын айтышууда. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары чылым жана насыбай чегүүнү чектөө боюнча мыйзамга толуктоолорду сунуш кылып жатышат.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-26-ноябрь).
Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Баш калаанын жашоочулары кирдеген аба менен дем алып жатканын сезишеби?
Жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптады. Экологдор абадагы булганыч заттардын көлөмү көрсөткүчтөн ашып түшкөнүн айтышууда. Бишкектиктер кандай аба менен дем алып жатканын билеби? Шаар тургундарынын абаны тазартуу боюнча кандай сунуштары бар?
Кыргызстанда электрондук чылым бардык соода жайларында ээн-эркин сатылууда. Акыркы мезгилде чылымдын бул түрүнө өткөндөр өзгөчө жаштар менен өспүрүмдөр арасында көбөйүп баратат.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-19-ноябрь).
Кыргызстанда акыркы убакта айыл чарбасындагы жумушту жеңилдетүүчү жаңы техника алып келген дыйкандардын катары көбөйдү. Алардын бири - Манас Саматов.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-12-ноябрь).
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-октябрь - 5-ноябрь).
Оң рулдуу машинелерди өлкөгө алып кирүү тыйылгандан бери автоунаа базарынын негизги багыты Европага, АКШга жана Орусияга бурулду. Буга байланыштуу соңку жылдары АКШдагы финансы компанияларынын аукциондорунан автоунаа сатып алган кардарлар көбөйдү.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-29-октябрь).
Бишкектеги соода борборлорунун биринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү белгиленди.
Дагы жүктөңүз