Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Этке салыкты көбөйтүү сунушталды


Бишкектеги тамак-аш жарманкеси, 4-март, 2017-жыл.
Бишкектеги тамак-аш жарманкеси, 4-март, 2017-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-12-ноябрь).

Эгерде чучук 166 пайызга, уйдун эти 28 пайызга кымбаттаса Германияда жылына 18 миң кишиге аз адам өлмөк деп жазды "Tageszeitung" гезити.

Журналист Йост Маурин этке жана эт азыктарына салыкты көбөйтүү менен өлкө экономикасында 4 миллиард долларды үнөмдөп калса болорун, этти көп жегенден улам пайда болгон ооруларды дарылоо чыгымы өлкө казынасына чоң зыян тийгизип жатканын жазды. Журналист Оксфорд университетинин профессору Марко Шпрингманндын "Plus One" журналына чыккан илимий изилдөөсүн жүйө келтирген.

​Окумуштуулар этти ашыкча жегенден улам жылына 2,3 миллион киши каза болуп жатканын далилдешкен. Себеби дүйнөдө ар бир экинчи кишиде жүрөк, кан тамыр проблемасы бар, инсульт болгондордун саны көбөйдү.

Кант диабетинин экинчи түрүн жана ичеги карын рагын козгогон азыктардын башында эт турат.

Дүйнөлүк саламаттык уюму колбаса, сосиска жана чала куурулган кызыл эт ракты козгорун расмий тастыктаган. Немис журналисти Маурин эгер бийлик этке салыкты көбөйтсө, бюджетке кошумча 8 миллиард доллар түшөрүн эсептеп чыккан.

Орус полициясы мусулмандарды кысымга алууда

"James Town Foundation" уюмунун онлайн басылмасы Москвада мечитке барган мусулмандарды беткапчан полиция текшерип жатканын жазды.

"Москванын Мытищи мечитине октябрдын ортосунда жума намазга барган жүздөй мусулманды беткап кийген 30-40тай полиция кармап, аёосуз текшерди.

Орусиядагы айт намаз
Орусиядагы айт намаз

Мындай көрүнүш өлкөдөгү адам укуктарына көлөкө түшүрүп, мусулмандардын нааразылыгын жаратышы ыктымал. Бийлик полициянын мындай аракеттерин мурда атайын машыгуу катары түшүндүрүп келген.

Ал арада кармалгандар Интернеттен видео кайрылуу жасашып, алардын адам укугу одоно бузулганын, картөшкөнү жүктөгөнсүп, автобустарга тыгып алып кетишип, кайра түшүрүп салганын айтып чыгышты", - деп жазды басылма.

ЕАЭБ менен Жаңы Жибек жолу биригеби?

"Diplomat" басылмасы Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин Кытайга иш сапарын талдап, Евразия экономикалык биримдиги менен Кытайдын "Бир жол - бир алкак" долбоору биригиши мүмкүн экенин жазат.

"Орусия менен Кытайдын лидерлери чөлкөмдөгү эң ири эки долбоордун байланыштарын улам-улам талкуулап жатышат.

Дмитрий Медведев Кытайда
Дмитрий Медведев Кытайда

Ушундан улам "экономикалык эки гигант долбоор биригеби?" деген суроо жаралат. Ошентсе да байланыш кандай болорун, анда кайсы тарап үстөмдүк кыларын азырынча эч ким белгилей элек", - деп жазды Кэтрин Пуз.

Журналист "Евразия экономикалык биримдиги менен Жаңы Жибек жолу долбоорун бириктирүү саясий максатты көздөп жүрбөсүн?" деген суроону Гарвард университетинин эксперти Наргис Касеновага узаткан.

Касенова: "Кытай менен Орусия Борбор Азиядагы үстөмдүк талашынан улам бул эки ири долбоорду дайыма бетке кармай берет. Ал ортодо Борбор Азия өлкөлөрү Кытай менен байланыштын опурталдуу экенин билсе да, башка экономикалык ири өнөгү жок. Себеби Орусия чөлкөмдүн каржылык абалын оңдой албайт. Ушундан улам эки тарап тең биригебиз деп, саясий жарнама жасоодо", - деп жооп берген.

Кытайда робот диктор эфирге чыкты

Кытайдын улуттук "Синхуа" агенттиги телеэфирге робот дикторду чыгарды. Бул окуя дүйнөлүк медиада кызуу талкууланды. Англисче сүйлөгөн Жанг Жао аттуу робот диктор эфирден жаңылыктарды окуганын "Newsweek" журналы маалымдайт.

Грузиядагы гумманоид робот София
Грузиядагы гумманоид робот София

Кытай буга чейин да роботторду маалымат айдыңына чыгарган. Кишиге окшош Чао Ненг Сио Бай аттуу "алып баруучу" май айында "Наннинг ТВ" каналынан биринчи жолу көрсөтүлгөн.

Робот өндүргөн компаниялар медиа дүйнөсүн тең салмактап турган технологияны чыгарууну көздөшкөнүн билдиришти.

Журналистикадан тышкары Кытай роботторду аскердик максатта да чыгарууда. Журнал Бээжин Орусия, АКШ сыяктуу атаандаштары менен жарышып, согуштук учактар, курал-жарактын электрондук түрлөрүн чыгарып жатканын кошумчалайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG