Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

"Айыл чарбасы заманбап техникага муктаж"


Манас Саматов.
Манас Саматов.

Кыргызстанда акыркы убакта айыл чарбасындагы жумушту жеңилдетүүчү жаңы техника алып келген дыйкандардын катары көбөйдү. Алардын бири - Манас Саматов.

Заманбап айыл чарба техникасынан кыргыз дыйканы кандай пайда табат? Аны алып келүүдөгү каржылык тоскоолдуктар кандай? Бул тууралуу ишкер "Адам жана базар" түрмөгүндө айтып берди.

"Азаттык": Чет жактардан кызылча казган тракторлорду, мөмө-жемиш бактарын дарылаган чакан техника алып келип жатасыздар. Аларды алып келүү кыргыз дыйкандарына кандай пайда берет жана кандай тоскоолдуктар болууда?

Манас Саматов: Бизде, өзүңөр билгендей, айыл чарба техникасын чыгарган заводдор жок, ошондуктан бардык техника сырттан келет. Биздеги эң чоң кыйынчылык - ошол айыл чарба техникасын, тракторлорду, комбайндарды тандаганды дыйкандар билбей жатат.

Дыйкандарды да шарттуу түрдө эки топко бөлсө болот. Биринчи топтогулар өкмөттүк программалардын негизинде алынып келген техника менен иштейт. Бирок алардыкы, тилекке каршы, көбүнчө моралдык жактан эскирген. Ал эми экинчи топтогулар өз каражаты менен баарын өзү тандап алып келет. Менимче дал ушул дыйкандардын тобу алдыңкы катмарды түзөт. Анткени техниканын "өзүн өзү актоо мөөнөтү" деген бир эле көрсөткүчү бар.

Айыл чарба техникасында арзан же кымбат деген түшүнүктү колдонбош керек. Кымбат болсо да тез арада баасын актай билген техниканы тандоого умтулган дурус. Эми ушул жерден бир чоң тоскоолдук ортого чыгат.

Кызылча казган комбайн.
Кызылча казган комбайн.

​Дыйкандардын колунда акча жок да. Сапаттуу, ал тургай сапатсыз техниканы алганга деле мүмкүнчүлүгү жок. Бул жерде насыя берип жаткан лизинг системасындагы банктар деле "өзүн өзү актоо мөөнөтү" деген көрсөткүч менен иштесе болот эле. Башкы тоскоолдук - банктар менен дыйкандардын ортосундагы мамиле калыптанган эмес. Ал тургай мамлекет деле дыйкан менен диалог кура албайт. Дыйкан, банк жана мамлекет үчөө техника маселесин үч тарапка тартып жатат. Калыптанган, иреттүү дыйканга пайда алып келчү агрардык саясат жок.

"Азаттык": Кантип бул маселени жөнгө салса болот?

Манас Саматов: Азыр заманбап техникага болгон дыйкандын мамилеси да өзгөрүүдө. Маселен, кызылча айдоодо жана казууда биз мурда үч уктаса түшкө кирбеген техниканын түрлөрү чыгып жаткан кези. Комбайндардын Германиядан, Франциядан, Италиядан, Түркиядан чыккандары бизге акыркы үч жылда кирип жатат. Дыйкандар мунун баарын өз демилгелери менен өз акчасына алып келүүдө. Маселен, АКШда чыккан кызылча казуучу комбайндар Орусиядан келди. Себеби, азыр Орусия кызылча экпей калыптыр, техникасын бизге сатып атат. Азыр бак тигүүгө дыйкандар массалык түрдө көңүл буруп жатышат. Бирок аны иштеткен техника тууралуу бир да сөз айтылбайт. Багбанчылыктын да системалуу механикасы бар экенин дыйкандар аңдай элек.

"Азаттык": Бирок кыргызда түшүнүк бар да, “бакты тигип, сугарып койсо эле өсүп, түшүм бере берет” деген...

Манас Саматов: Ооба, ал тургай жанагы тамчылатып сугаруу системасын да дыйкандарыбыз түшүнбөй койду. Биздикилер сууну үнөмдөш үчүн эле ушул системаны койсо болот деп түшүнүшөт.

Айдоо талаасы.
Айдоо талаасы.

​Чындыгында анын да бир топ функциялары, артыкчылыктары бар. Ушунун баарын дыйкандар толук түшүнө албай жатышат. Биз аймактагы элге “долбоор түзүш керек, эсептеп чыгыш керек” деп айтканыбызда баары бир ишке ашпай койду. Атайын механизмин иштеп чыгып, долбоор менен иш кылган деле багбандар бар. Быйыл алар жакшы түшүм алышты. Ошентсе да алар аз. Аймактарга көрсөтчү пилоттук үлгүлөр бири-биринен алыс жайгашкан.

"Азаттык": Эми мындай масштабдуу ишти таанытууда ошол эле Айыл чарба министрлиги же жергиликтүү бийлик деле жардам бериши керек го? Алар кандайдыр бир кеңеш берүүчү, багыттоочу функция аткарышпайбы?

Манас Саматов: Алардан эч кандай кеңеш же көмөк жок. Дыйканчылыктагы бардык новатордук демилгелерди эл өзү гана ишке ашырууда. Министрликте кеңеш бере турган кесипкөй адистер деле жок да.

"Азаттык": Азыр Кыргызстандагы айыл чарбасынын техникалык паркы деле эскирип тамтыгы чыкты го?

Манас Саматов: Негизи айыл чарба технопаркы дегенде эле “баланча миң трактор керек, түкүнчө комбайн бар” деген сөз айтыла берет. Бирок натыйжалуу иш алып барыш үчүн техниканын саны эмес, сапаты маанилүү. Маселен, биз Көлдөгү бактарды иштетүүгө эки трактор алып келдик. Азыр 50 гектардык бакты ушул экөө эле тейлеп жатат. Бирөө 110 ат күчүнө ээ болгон чоң талаа трактору, аны биз көчөттөрдү отургузууда иштетип жатабыз. Экинчиси 75 ат күчүнө ээ болгон чакан бак трактору. Бактагы жумуштун 80 пайызын ошол кичинекей трактор кылып жатат.

Манас Саматов менен маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:25 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG