Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Жапаров жалаң жакшы жаңылык уккусу келет


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-ноябрь - 3-декабрь)

"The Diplomat" басылмасынын Борбор Азия боюнча аналитиги Кэтрин Пуз Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун жаман кабарларды орус тилинде жарыялабоо сунушун талдады.

Акылбек Жапаров 2004-жылы Грузиянын президенти орус жана англис тилдеринде өлкөсү тууралуу негативдүү жаңылыктарды жазбоону сунуштаганын мисал келтирип, орус тилиндеги өлкөнүн аброюн түшүргөн кабарларды азайтууну сунуштаган. "Эгер туристтерди өлкөгө тарткыбыз келсе, жаман кабарлардын орус, англис тилинде жайылуусуна бөгөт коюшубуз керек", - деди ал.

Бул сунуш жергиликтүү медиада бир топ талаш-тартышты жаратты. "Депутат балким туристтерди тартууну көздөп жаткандыр. 2012-жылы кыргыз бийлиги чет элдиктерге визасыз кирүүгө уруксат бергенден бери туристтердин агымы көбөйдү. Бул мыйзамды 2020-жылы дагы он жылга узартуу каралууда.

2017-жылы Кыргызстанга 1,3 миллион чет элдик келип кеткен. 2011-жылы чет элдик туристтердин жалпы саны 800 миңден ашкан эмес. Депутат ойлогондой, жаман кабарларды жашыруу менен туристтерди тартуу кыйын. Андан көрө инфраструктураны оңдоп, ар түрдүү бюрократияны азайтып, туристтерге жаңы таасирлерди тартуулоо менен бул тармакты жандандырса болот", - деген ойдо Кэтрин Пуз.

Исламофобияны токтотуу чакырыгы

"The Guardian" гезити Британияда улам күчөп бараткан исламофобияны токтотуу чакырыгы жасалганын кабарлайт. Өлкөдөгү мусулман уюмдары премьер-министр Тереза Мэйге, партия лидери Жереми Корбинге кайрылуу жасашты. Англиянын Мусулмандар кеңеши Консервативдик жана Лейбористтик партиянын өкүлдөрүнө сириялык 15 жаштагы качкын баланы Хаддерсфилдде кемсинткен окуядан кийин расмий кат жолдошту.

Лондондогу мусулмандар.
Лондондогу мусулмандар.

"Исламофобия расисттик теңсиздикти тереңдетет. Коомдогу бул жаман адатты тез арада көзөмөлгө алууңарды өтүнөбүз", - деп айтылат кайрылуу катта. Катка Манчестер, Лондон, Бирмингем, Шеффилд мусулмандар жамааттары кол коюшкан.

Буга чейин Уэлстеги мусулман аялдын үйүндөгү почта кутусуна фейерверк салып кетип коркутушкан, Лондондун түштүгүндө хижаб кийген аялды опузалап, Шеффилддеги өспүрүмдү коомдук унаада кемсинткен окуялар катталган. Исламофобияны изилдегендер мусулмандар өзүнчө раса болбогондуктан, мындай окуяларды расизм деп кабыл албоо керектигин айтышууда.

Бирок Лондондогу Падышалык коллеждин профессору Абдулкарим Вакил менен Лидс университетинин окумуштуусу Салман Сайид: "Исламофобия азырынча расисттик түшүнүк болбогону менен аны расизмге такоо жүйөлүү. Себеби адам укугу бузулуп жатпайбы", - деген тыянак чыгарышкан.

Казакстан хакерлердин бейишине айланды

"Eurasinet" онлайн журналында Казакстан дүйнөлүк хакерлердин жаңы жайына айланышы мүмкүн экени маалымдалат. "Алсыз мыйзамдар, кибер кылмыштуулукту алдын албоо Казакстанда онлайн кылмыш дүйнөсүн гүлдөтүшү ыктымал. Кибер чабуулдарды иликтөө жана талдоо борборунун (ЦАРКА) директору Арман Абдрасиловдун айтымында, банк эсептерин уурдаган дүйнөдөгү эң эле кооптуу Cobalt аттуу хакерлер тобу Казакстанга көчүп барды. Европа Биримдигинин коопсуздук кызматтары аталган топ кырктай өлкөнүн банкын тоноп, 1,1 миллиард доллар акча уурдаганын маалымдаган.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

2017-жылы эле “Cobalt” жыйырмадай чабуул уюштуруп, 240 орусиялык каржы компанияларынын 15 миллион долларын уурдаган. Казакстандын банктары да хакерлерден жабыркап келет. Ошентсе да алар кадыр-баркына көлөкө түшүрүүдөн чочулап, кибер чабуулдар тууралуу элге маалымдабайт. Ал арада тартип сакчылары мындай кылмыштын бетин ачуу жана бөгөт коюуда алсыз. Хакерлер мурда Европа менен Орусияны эле бутага алып жатышкан, эми акырындап Казакстанга көчүп, 79 миңдей компьютердеги маалыматты уурдашты", - деп баяндайт басылма.

Мексика президенти хан сарайын элге ачты

Мексиканын жаңы шайланган президенти Андрес Мануел Лопес Орадор президенттик кортежден баш тартып, чакан машинесин өзү эле жансакчыларсыз айдап, Мехикодогу кымбат мамлекеттик резиденцияны элге музей катары ачып берип, шаан-шөкөттүү жашоодон баш тартканын жарыялады.

Андрес Мануел Лопес Орадор
Андрес Мануел Лопес Орадор

"The Washington Post" гезити Мехиконун эң чоң паркында жайгашкан "Лос Пинос" хан сарайы 1930-жылы курулгандан тарта эле элге жабык болгонун, жаңы президент мындан ары эми эл хан сарайга каалагандай кирип чыга аларын жар салганын жазып, мексикалыктардын ар түрдүү реакциясына сереп салган. Айрымдар сүйүнсө, кай бири "биздин журт башыбыз деле башка өлкөлөрдүн лидерлериндей мыкты жайда жашаса болмок", - деп өкүнүп жатканын баяндайт гезит. Бирок хан сарайдын ичиндеги кымбат жашоо экономикасы алсырап, кыйналган элди таң калтырды.

Элдин басымдуусу жупуну президентти жактап, анын ишине ийгилик каалап жаткан чагы. Ант берүү салтанатына Лопес Орадор Венесуэланын социалист президенти Николас Мадурону чакырды. Орадор “Мексикада кескин өзгөрүүлөрдү жасайм” деп убада берүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG