Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Трамптын чечими, Гүлендин салмагы


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-19-ноябрь).

15-ноябрда АКШдагы "CNN" телеканалы, "New York Post" жана "Business Insider" басылмалары Дональд Трамптын администрациясы Түркиянын Сауд Арабияга карата кысымын токтотуу максатында бул өлкөдө жашап жаткан диниятчы Фетхуллах Гүленди экстрадициялоону караштырып жатканын жазып чыгышкан. Бирок 17-ноябрда Дональд Трамп "Биз Гүленди кайтаруу маселесин караштырган жокпуз. Учурда Түркия менен мамилебиз аябай жакшы. Түркияга ар дайым көмөк көрсөтүүгө даярбыз", - деди.

Буга чейин "Business Insider" басылмасы АКШнын тышкы саясат боюнча адистери журналист Жамал Хашогжинин өлүмүн иликтөөдө жаалданган түрк бийлигинин басымын азайтуу үчүн Фетхуллах Гүленди Түркияга кайтарууну сүйлөшүп жатканын маалымдаган. "NBC News" веб сайты да бул багытта кеңири маалымат берген.

Мурдагы президент Барак Обаманын бийлиги учурунда Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген ардагер дипломат Нид Прайс: "Трамптын администрациясы АКШда ондогон жылдардан бери мыйзам чегинде жашап жаткан атуулду экстрадициялоонун жолун издөөдө. Саудиянын мураскер ханзаадасынын азыркы оор абалын жеңилдетүү үчүн АКШ Гүленди курмандыкка чалышы ыктымал", - деген.

Жакынкы Чыгыш Институтунун чыр-чатактарды алдын алуу бөлүмүнүн жетекчиси Ранда Слим: "Бул жердеги негизги суроо - Трамптын администрациясы муну кантип мыйзамдуу ишке ашырат? Эгерде Ак үй буга чындап киришсе, Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Эр-Рияддын жаш монархын катуу колдойт дегенди билдирет", - деген.

Вашингтондо улуттук коопсуздук тармагында иштеген адвокат Брэдли Мосс "Business Insider" басылмасына Фетхуллах Гүлендин Түркияда катышы бар делген кылмыштар азыркыга чейин далилденбегендиктен, аны мыйзам чегинде экстрадициялоо оор процесс болорун эскертти.

Борбор Азиянын советтик мурасы

"The Diplomat" басылмасы Борбор Азия өлкөлөрүн "мурдагы советтик мамлекеттер" деп атоо туура эмес экенин талдаган макала жарыялады. Украиналык журналист Максим Еристави "Твиттерге" "мурдагы советтик өлкөлөр" деген жаңылыш термин экенин жазып, азыр бул мамлекеттердин баары көз карандысыз болгонун дүйнө таанышы керек деп белгилейт. "Бизге колонизатордук өткөн чактан кароо катачылык", - дейт киевдик кабарчы.

"Советтик" деген аныктама айрыкча Борбор Азиядагы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга карата дайыма айтылып келатканына басым жасаган макаланын автору Арио Бимо Утомо бул беш өлкө ишенген дини жана сүйлөгөн тили мененбашка советтик өлкөлөрдөн кескин айырмаланарын белгилейт.

"Ошентсе да советтик өзгөчөлүктөр бул өлкөлөрдө сакталууда. Авторитардык режим кулабай, демократиялык жаңылануулар дээрлик жокко эсе. Чөлкөм географиялык жактан Орусия, Кытай тараптан кулпуланып калган. Ошентсе да аймакта Батыш менен Чыгышка көпүрө болчу потенциал бар” деген автор ар бир өлкөнүн саясий, экономикалык өзгөчөлүгүн сыпаттап чыккан. Кыргызстанды ал башка коңшуларына салыштырмалуу ачык коому бар, либерал, демократиялуу өлкө деп атаган.

Шинжаңда жума намаздары окулбайт

2016-жылы Бээжин Тибеттеги көтөрүлүштөрдү баскан Чен Куангуону Шинжаңга башчы кылып дайындагандан бери жума намаздарын мечитте жамаатташып окууга тыюу салынганын "Eurasinet" басылмасы жазды. Буга чейин ибадат кылгандарды бийлик кысымга алчу эмес. Мечиттер жабылып, жума намазга чогулган элди полиция күч менен таратып жатып, акыры миңдеген динчилдердин аягы суюлду. Жүздөгөн жылдардан бери салтка айланган жума намазы учурунда эми уйгур тектүү мусулмандар чайканаларда убакыт өткөрүүдө.

Кашкардагы чоң мечит
Кашкардагы чоң мечит

Чен бийликке келгиче намазга жыгылгандар эркин жүрчү. Учурда бул аймактагы салттуу диний жөрөлгөлөрдү жасагандар изин жашырууда. Шинжаңда жалпысынан 24 миңдей мечит, намазканалар жабылганын "Financial Times" гезити жазган. Бирок Британиядагы Кытайдын элчиси бул маалыматты төгүндөгөн.

“Ошентсе да аймактагы сыйынуучу жерлер парктарга, завод-фабрикаларга, көп кабаттуу үйлөргө жана эс алуу борборлоруна айланып жатканы айдан ачык. Шинжаңдагы ири шаарлардын бири Хотандагы чоң мечит азыр цементтелип, паркка айланды. Ал тургай Кашкардагы атактуу Ид Ках мечитинин эшиги сыйынуучуларга жабык бойдон турат” деп жазды автор.

Азиянын жоомарт байлары

"Forbes Asia" журналы 2018-жылы кайрымдуулукка көп суммадагы каражат которгон азиялык байлардын тизмесин чыгарды. Тизмеде Индия менен Кытайдын байлары басымдуулук кылат. Австралиялык 81 жаштагы Памела Калли 3,5 миллион долларды Мельбурн университетинин медициналык биология бөлүмүнүн окумуштууларына которгон. Ал акчасын тери рагын изилдөөгө жумшады.

58 жаштагы дагы бир австралиялык Энтони Пратт 1978-жылдан бери 700 миллион долларды кайрымдуулукка салып, таштандыны кайра иштетүүгө жумшады.

Камбожиялык Суанна Гаунтлетт 30 миллион долларын жапайы жаныбарларды коргоого бөлүп берди. Кытайлык Цай бир туугандары менен 14 миллион долларды жергиликтүү паркты жашылдандырууга беришти. 58 жаштагы Кытай жараны Чен Фашу 72 миллион долларды Бээжин университетинин медицина факультетине берди.

Самарканд, Өзбекстан жана Борбор Азия аркылуу өтчү жаңы Жибек жолун изилдөөгө "Шимао" корпорациясынын ээси Хай Уингмао 19 миллион доллар которду. Индия, Сингапур, Тайван сыяктуу Азия өлкөлөрүнүн бир нече миллионерлери жаратылышты коргоо, медициналык изилдөөлөргө ондогон миллион долларды кайтарымсыз бергенин "Forbes Asia" тизмектеп жарыялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG