Дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкинин оболу Исландия сезип, эки ай мурда Эларалык валюта кору-МВФтен жардам сурады. Андан бери корго Пакистан, Украина, Белорус, Мажарстан жана Латвия да кайрылды. Кордо финансылык капсалаңга кабылган өлкөлөрдүн бөксөсүн толтурганга жетчүдөй акчасы барбы? Кризис менен күрөшкүдөй тажрыйбасы барбы? МВФтен жардам сурачу өкмөттөр көппү?
Дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкинин оболу Исландия сезип, эки ай мурда Эларалык валюта корунан жардам сурады. Андан бери ЭВКга Пакистан, Украина, Белорус, Мажарстан жана Латвия да кайрылды.
АКШнын президенти болуп шайланган Барак Обама дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардагы финансылык кризисти жөндөө боюнча биринчи чоң кадамын жасайт деп күтүлүүдө.
По профессии Асатилла Тешебаев – художник. Выпускник Московского всесоюзного института кинематографии – ВГИК. Последние 8 лет постоянно проживает в Австрии, во втором по величине ее городе – Граце. Он постоянный участник многочисленных выставок.
Асатилла Тешебаев - кесиби боюнча сүрөтчү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институту - ВГИКти бүткөн. Акыркы сегиз жылда Австриянын экинчи чоң шаары Грацта жашап, түрдүү көргөзмөлөргө үзбөй катышып турат.
Түркиялык иммигранттын уулу Германиянын Жашылдар партиясынын теңтөрагасы болуп калды. 42 жаштагы Жем Өздемир 2004-жылдан бери Европарламенттин мүчөсү эле. Жашылдар партиясына немис парламенти-Бундестагдагы 612 мандаттын 51и таандык.
Таанымал Азербайжан жазуучусу, кинорежиссер Рустам Ибрагимбековдун октябрдын аягында улуттук элита жөнүндө айткан ойлору өлкө коомчулугун көңүл бурдурган окуя болду. Азербайжан парламенти 30-октябрда кезексиз жыйынында белгилүү жазуучуну мекенди сүйбөйт же улутту бөлүп жарууда деп күнөөлөдү.
Москва округунун аскерий соту Анна Политковскаяны өлтүрүү боюнча ишти ачык кароону чечти. Орус аскерлеринин Чеченстандагы мыйзамсыз иштерин ашкерелеген журналист 2006-жылдын 7-октябрында Москвада үйүнө кирип баратканда атып өлтүрүлгөн.
Россия, Иран жана Катар газ өндүрүү жана экспорттоо боюнча орток компания түзүшмөкчү. Бул маселени талкуулоо үчүн дүйнөнүн газга бай үч өлкөсүнүн өкүлдөрү шаршемби күнү Катардын байтакты Дохага келишти. Өткөн айда үч өлкөнүн газ үчилтигин түзөлү деп макулдашканда, алар мунай экспортоочу өлкөлөрдүн ОПЭК уюму сыяктуу дагы бир картелди түзөт деген божомолдор айтылган.
Жума, 14-ноябрда Франциянын Ницца шаарында Европа Биримдиги жана Россия ортолук жыйын өтөт. Саммитте Биримдик-Россия аралык кызматташуунун жаңы келишими боюнча сүйлөшүүнү жандандыруунун планы иштелип чыгат деп күтүлүүдө. Россия Грузияга басып киргенден кийин токтотулган сүйлөшүүнү кайра улантууга Биримдиктин Тышкы иштер министрлери 10-ноябрда макулдук беришкен. Бирок Брюссел россиялык аскерлерди Грузиядан чыгып кетүү талабында бекем турууда.
Казак оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү Акежан Кажегелдин 1994-97-жылдары өкмөттү жетектеген. 1999-жылдан бери Батышта жашайт. Анын пикиринче, Барак Обаманын жеңиши, Демпартиянын тарапкерлеринин президент Клинтон тушунда калыптанган кландарга ишенбей калганын күбөлөйт. Казакстанда бийлик кландарга таянып жүргүзүлөт. Кландык кызыкчылык идеядан жогору турганы менен коркунучтуу, деп жазат Кажагелдин «Азаттык» радиосу үчүн атайын даярдаган макаласында.
12-13-ноябрда Бириккен улуттар Уюмунда «Тынчтыктын маданияты» деген темадагы жыйын өтөт. Сауд Арабиянын жетеги астында өтчү конференцияга дүйнөнүн 70тей өлкөсүнүн башчылары, анын ичинде АКШ президенти Жорж Буш жана Ватикандын мартабалуу өкүлү катышат.
Былтыр 7-ноябрда грузин полициясы Тбилисиде оппозиция уюштурган демонстрацияны күч колдонуп баскан эле. Бир жыл мурдакы тынч жүрүштүн катышуучулары президент Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн, парламенттик шайлоону жыл аягында эмес, Конституцияга ылайык 2008-жылдын апрелинде өткөрүүнү талап кылышкан. Быйыл да 7-ноябрда грузин оппозициясы Тбилисиде он миңдеген адамдар катышкан нааразылык акциясын уюштурду. Бул ирет демонстрация былтыркыдай массалуу болгон жок.
Британия жана Швеция Евробиримдик-Россия ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жаңы келишими боюнча сүйлөшүүнү улантууну колдошту. Сүйлөшүү сентябрда Россиянын Грузияга басып кирүүсүнөн кийин токтотулган. Британ жана швед өкмөттөрү дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүдө «Россия менен иштешүү зарыл жана керек», энергия, климаттын өзгөрүүсү жана соода маселелерине прагматикалык мамиле жасоо зарыл экени белгиленет.
АКШнын президенти болуп шайланган Барак Обаманын ийгилиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жамаатында кандай кабыл алынды? Бул жөнүндө “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун директорунун орун басары Ненад Пейич жеке баа-байкоолору менен бөлүшөт.
Азербайжан жана Армения Тоолуу Карабак чатагын саясый жол менен жөндөө аракетин уланталы деп макулдашты. Мындай декаларацияга эки өлкө лидерлери жекшембиде Москвада өткөн жолугушууда кол коюшту.
1990-жылдары мурдакы СССРдин кыйрашы менен дүйнөдө кулач жайган демократиялашуу жараяны токтоду. Абройлуу Economist Intelligence Unit борбору жаңы жарыялаган «2008-жылдын Демократия индекси» деп аталган изилдөөдө глобалдык финансылык кризис дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө демократияга коркунуч жаратышы ыктымал экени да эскертилет.
АКШ президенттигине талапкер Барак Обама Виржиния штатында атаандашы Жон МакКейнге караганда бир кыйла популярдуу экенин Washington Post гезити өткөргөн соңку сурамжылоо көрсөттү.
Бээжинде Европа жана Азиянын бакубат мамлекеттеринин башчылары дүйнөлүк финансылык кризиске каршы күрөшүүнүн жолун талкуулашууда. Лидерлер 14-ноябрда Вашингтондо болчу финансылык саммит алдында өз ара мунасага жетүүнү көздөшүүдө. Бул тушта Азиянын фондулук рыногундагы абал осолдоодо. Экономикалык рецессия ири компаниялардын чыгашасын көбөйтөт деп кооптонуудан улам Азиялык ири компаниялардын акциялары үч күндөн бери кунун жоготууда.
Бүгүн Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин Армениядагы эки күндүк иш сапары башталат. Медведев Армениянын лидери Серж Саркисян менен Россия-Армения аралык соода жана энергия жаатындагы кызматташуу маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө. Бирок байкоочулар сүйлөшүүдөгү башкы тема Түштүк Кавказдагы кырдаал жана Тоолуу Карабах маселелси болот дешет. Бул эки маселе августтагы Россия-Грузия согушунан кийин өзгөчө актуалдуу. Серепчилерди Медеведев Тоолуу Карабах талашында Саркисянга колдоо көрсөтөбү деген суроо да кызыктырууда.
Дагы жүктөңүз