Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИ АРМЯН ЖЕТЕКЧИЛИГИ КҮТКӨН СӨЗДҮ АЙТАБЫ?


Бүгүн Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин Армениядагы эки күндүк иш сапары башталат. Медведев Армениянын лидери Серж Саркисян менен Россия-Армения аралык соода жана энергия жаатындагы кызматташуу маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө. Бирок байкоочулар сүйлөшүүдөгү башкы тема Түштүк Кавказдагы кырдаал жана Тоолуу Карабах маселелси болот дешет. Бул эки маселе августтагы Россия-Грузия согушунан кийин өзгөчө актуалдуу. Серепчилерди Медеведев Тоолуу Карабах талашында Саркисянга колдоо көрсөтөбү деген суроо да кызыктырууда.

Байкоочулар президент Медеведевдин Еревандагы ырасмий визитин августа Россия-Грузия ортосунда болгон согуштан кийинки кырдаалда Москванын Армениядагы позициясын бекемдөө аракети деп боолгошот. Табигый байлыктарга жарды Армения Тоолуу Карабах чатагынан улам мунайга карк Азербайжан менен начар мамиледе. Түркия тараптан да чек ара кулпуда болгондуктан, Ереванда Москва менен жакындашуудан башка аргасы жок.

«Азаттыктын» серепчиси О’Руркенин болжошунча, Медведев менен Саркисян Россия-Грузия арасындагы чатактын Тоолуу Карабахка тийгизчү таасирин сөзсүз талкуулашат. АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Даниэл Фрид өткөн аптада Ереванда болгондо Карабах маселесин мүмкүн болушунча ылдам чечүүгө үндөгөн. Берегидей дымып жаткан чатак дүрт этсе, Россия-Грузия арасындагыдай согушка алып барышы ыктымал, деп эскерткен Фрид.

Карабахтык армяндар 1990-жылдардын башында аймактан Азербайжан күчтөрүн сүрүп чыгаргандан бери Тоолуу Карабах Бакунун амирин тааныбайт. Бул чатакта Россия Арменияны колдогон.

Россия мындан ары да Тоолуу Карабах проблемасында Ереванды колдойбу же Бакунун тарабын алабы деп кооптонот Армениянын жетекчилиги. Анткени, Россиянын вице-премьери Сергей Иванов жакында Би-Би-Си телеканалына берген интервьюда Москва мурдакы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн бүтүндүгүн тааныйт деп билдирди. Бирок ал Грузия жөнүндө ооз ачкан жок.

Армения албетте, Тоолуу Карабахтын Азербайжанга биригүүсүнө каршы. Армениянын Тышкы иштер министри Эдуард Налбандян сентябрдын башында Москвада болгон кезден территориалдык бүтүндүк же улуттун өз алдынчылагы сыяктуу маселе элдин эркин эске алуу менен чечилиш керек экенине көңүл бурган:

-Бул сыяктуу маселелер эл аралык укуктук нормаларга таянуу менен, баарынан да, бул маселеде элдин өз ыктыярын эркин билдирүүсүнө каршы күч колдонбой чечилиши зарыл.

Президент Медведев визити учурунда Россия-Армения арасындагы соода-экономикалык байланышты дагы бекемдөөгө умтулаары шексиз. Азыр эле Москва Армениянын башкы соода өнөгү. ИТАР ТАССтын маалыматы боюнча, Арменияда катталган 600дөн ашык ортоктош компаниялар россиялык капиталды пайдаланат.

XS
SM
MD
LG