Бүгүн АКШ президенттигине талапкерлердин үчүнчү финалдык теледебаты болот. Республикачыл партиянын талапкери Жон МакКейн менен Демпартиянын чыгааны Барак Обама Нью-Йорк штатындагы Хофтсра университетинде өтүүдө. Соңку сурамжылоолор шайлоочулар Барак Обамага артыкчылык бергенин көрсөткөн. Атап айтканда, Обаманы шайлоочулардын теңи колдосо, МакКейн тарапта алардын 42 проценти. Ошондуктан, МакКейн үчүн президенттик шайлоодон үч жума мурда өтүп жаткан телетаймаш абдан маанилүү.
Европа Биримдиги Белорусту камоого алууну коюп, ырасмий Минск менен саясый жакындашууга аяк таштады же президент Александр Лукашенка башындагы мартабалуу белорус аткаминерлеринин Биримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыйуу салган чечимди убактылуу токтотту. Бул чечим уюмдун тышкы иштер министрлеринин Люксембурда 13-октбярда өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйынга Белорустун тышкы иштер министри Сергей Мартынов акыркы төрт жылда биринчи жолу чакырылды.
АКШ президенттигине талапкерлер Жон МакКейн жана Барак Обама экинчи теледебатын өткөрүштү. Өткөн түнү Теннеси штатынын Нашвилл шаарында болгон эрөөлдө АКШны финансылык кризистен чыгарууга өзгөчө көңүл бурулду. Эки талапкердин көз карашы Россия маселесинде бири биринен көп айырмаланбасын теледебат көрсөттү. Алардын пикиринче, Россия азыркы саясатын тутунса, кайрадан бир балакеттин башынан чыкчу империяга айланышы этимал.
Быйыл августа россиялык аскерий күчтөрдүн Грузияга басып кирүүсүн эларалык коомчулук катуу сынга алды. Москванын баскынчылык саясатын таанымал француз философу Андрэ Глюксман өзгөчө курч сындады. Россиядагы кырдаалды кунт коюп байкап жүргөн ойчул-илимпоз «Азаттык» радиосуна берген интервьюда Москванын тышкы саясаты, Грузия чатагы учурундагы Европанын позициясы жана Путиндин доктринасы жөнүндө айтып берди.
Кошмо Штаттардагы финансылык кризистин эпкини сыягы Европага да жетти. Европа өкмөттөрү капсалаңга кабылган банктарды куткаруунун амалын кылууда. Германияда менчик аманатчылардын акчаларын сактоо боюнча 50 миллиард евролук план бекитилди. Бүгүн евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн финансы министрлери кризиске каршы күрөшүү маселесин талкуулашат. Бул маселе Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн финансы министрлеринин эртең болчу жыйынында да талдоого алынат.
Ирактын коопсуздук күчтөрү үч күндөн бери өлкө түштүгүндөгү Басра шаарында шиит согушчандарына каршы согушууда. Премьер-министр Нури ал-Малики согушчандарды, анын ичинде Мехди армиясын 28- мартка чейин курал жарагын тапшырып берүүгө чакырып, болбосо аларга каршы катаал чара көрүлө турганын эскерткен. Басрадагы чабуулга нааразы болгон радикал шиит имамы Муктада ас- Садрдын он миңдеген тарапкерлери бейшемби күнү Багдадда көчө жүрүшүн өткөрүп, ал- Маликинин кызматтан кетүүгө чакырды. Курч кырдаалга байланыштуу бейшембининкечинен тартып жекшембинин таңына чейин Багдадда коменданттык саат киргизилди.
Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында өкмөттүк күчтөр менен шиит имамы Муктада ас- Садрга ишенимдүү Мехди армиясынын согушчандары ортосундагы айкаш уланууда. Урушта бери дегенде 40 кишинин каны төгүлүп, 200дөй адам жараат алганын Ирак бийликтери маалымдады. Багдаддын четиндеги Садр шаарында да өкмөттүк күчтөр менен АКШлык аскерлер ас- садрчылар менен кырчылдашып жатканы маалымдалды. Басра аркылуу Ирак сырткы базарга саткан мунайдын дээрлик 90 проценти өтөт.
Пакистандагы саясый кырдаалды президент Первез Мушарраф өзү каалагандай тескей албай калды. Жаңы бекитилген премьер-министр Юсуф Реза Гилани чү дегенден эле былтыр ноябрда абакка салынган же үй камагына отургузулган сотторго эркиндик берди. Алардын ичинде Жогорку Соттун экс-төрагасы Ифтихар Чаудри да бар. Оппозициячыл партиялар Гиланин кадамын колдошуп, Мушаррафтын өз ыктыяры менен президенттиктен кетүүсүн талап кыла башташты.
Өткөн түнү Белграддагы АКШнын жана башка Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кол салуу Сербиянын өкмөтүн кыйын абалга койду. Косовонун өзүн эгемен жарыялоосуна серб эли нааразы экенин шардана кылуу үчүн Серб жетекчилиги бейшемби күнү калың элди жапырт демонстрацияга чыгууга чакырган эле. Тынч демонстрация чатак менен аяктап, анда 150дөй адам, анын ичинде полициянын 30 кызматкери жана бир нече журналист жараат алды. БУУнун Коопсуздук кеңеши Белграддагы элчиликтерге кол салууларды айыптады.
Америкалык чалгынчы-спутник Тынч океандын үстүндө атып түшүрүлгөнүн Пентагон тастыктады. Бирок, пландуу өткөн операция ийгиликтүү болдубу же жокпу, жума күнү маалым болот. Максат спутниктеги адам өмүрүнө зыяндуу гидрозин сакталган идишти Жер бетине түшүрбөй жок кылуу болчу. Бирок, Орусия жана Кытай чалгынчы-спутникти жок кылуу менен АКШ космостук куралын сынактан өткөргөн жокпу деп маселе козгошту.
Арменияда шейшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү- премьер-министр Серж Саркисян деп жарыяланды. Буга оппозиция макул эмес. Оппозициячыл талапкерлер добуш берүүлөр бурмаланганын айтышууда. Ал эми маарага экинчи келген Левон Тер-Петросяндын колдоочулары шаршемби күнү Ереванда нараазылык акциясын өткөрүштү. Президент Роберт Кочарян жеңүүчүнү куттуктап, шайлоо “эркин жана калыс” өткөнүн билдирди.
Армениянын келерки президенти 19-февралда эле шайланабы, азырынча так айтуу кыйын. Бирок мурдакы президент Левон Тер-Петросян менен премьер-министр Серж Саркисян өз жеңиштеринен күмөн санашпайт. Байкоочулар да негизги күрөш береги эки саясатчы ортосунда болорун айтышууда. Президенттикке бардыгы тогуз талапкер ат салышууда. Шайлоого ЕККУнун 300дөн ашуун байкоочусу, ошондой эле Еврокеңештин жана башка уюмдардан да ондогон өкүлдөр байкоо салат.
Ооганстанда аягы көрүнбөгөн согуштан улам мамлекет катары түптөлбөй калуу коркунучу бар экенин жакында эларалык үч уюм, анын ичинде Британиянын Oxfam жана АКШнын Президенттикти изилдөө борборлору эскертишкен эле. 17-февралда Кандагар шаарында 80 ашуун адамдын өмүрүн алган жардыруу “Хамид Карзайдын өкмөтү өлкөдө коопсуздукту камсыздай алабы?” деген суроону күчөттү. Анткен менен, айрым оогандар соңку алты жылда турмуш бир кыйла оңолуп калганын айтышат.
Иран бийликтери парламент депутаттыгына талапкерлерди өтө кылдат ылгоодо. Ислам Республикасына жана бийликтеги фундаменталист- осулгераянчыларга “жан дини менен берилгени ишенимдүү тастыкталбаган” 2400 чамалуу талапкерди 14- мартта болчу маанилүү саясый өнөктүккө катыш албайт. Электен өтпөй калгандардын көпчүлүгү саясый реформанын тарапкерлери. Алардын ичинде кечээки вице- президенттер, министрлер, парламент мүчөлөрү да бар.
Сексуалдык кулчулук, жан багуунун амалынан жалчыбаган акыга кайыл болуп иштөө, балдарды жоокер катары пайдалануу. Бул проблемалар Адам аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча Венада өтүп жаткан эларалык конференцияда кеңири талкууланууда. Адам укугун коргоочулардын эсебинде, аткезчилер адамдарды кулдай иштегенге алдап сатуудан жылына 32 миллиард доллар пайда көрүшөт.
Москва-Киев ортосунда кайрадан газ чатагы чыкты. Орусиянын “Газпром” компаниясы карызга шылтап, шейшемби күнү Украинага газ берүүнү кыскарта турганын эскертти. Бул маселе Украинанын президенти Виктор Ющенконун Орусиянын лидери Владимир Путин менен бүгүн Москвада болчу сүйлөшүүсүндө да талкууланат.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун шайлоолор боюнча кеңсеси, Москва койгон шартка чыдабай, Орусияда болчу президенттик шайлоого байкоочулар миссиясын жиберүүдөн баш тартты. Демейде, Батыш миссиянын баасына таянып, экс-советтик мейкиндиктеги шайлоолордун калыс жана эркин өткөнүн аныктайт. Байкоочулар Орусияга жана анын коңшуларына кысым катары колдонулат деген Кремль эзели топтун ишине нааразы.
Ирактын президенттик кеңеши Баас партиясынын төмөнкү даражадагы мүчөлөрүн өкмөттүк жана коммуналдык кызматка алууга жол ачкан мыйзамды бекитти. “Жоопкерчилик жана адилеттик мыйзамын” Ирак парламенти декабрда кабыл алган эле. Баас партиясынын мүчөлөрү 2003-жылы Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин кызматтан бошотулган жана көпчүлүгү суннилер. Мурдакы башкаруучу партиянын мүчөлөрүн кызматка тартуу- улутту жараштыруудагы маанилүү кадам катары каралууда.
Азербайжан Түркмөнстан менен чогуу Транскаспий куурун курууга даяр экенин ырастады. Куур түркмөн газын дүйнөлүк базарга Орусияны айланып түз сатууга жол ачат. Иран өкмөтү Каспийдин макамы аныкталмайын, анын отун энергия байлыктары сыртка сатылбасын деп, долбоорго каршы. Ашхабад өз ара келишпестиктен улам өткөн жылдын аяк ченинде Иранга газ жөнөтүүнү токтотуп салган. Транскаспий долбооруна энергия базарын кеңейтүүнү көздөгөн Евробримдик менен АКШ да кызыкдар болууда.
Жорж Буш келерки жылдын бюджетинде Коргоо министрлигине 515, 4 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылды. Бул быйылкы фискалдык жылдагыдан 7, 5 процентке көп. Анын 70 миллиард доллары Ирак жана Ооганстандагы согушту «кошумча каржылоого» сарпталмакчы. Бирок, Ак Үйдүн айтымында, бул чыгымдар 100 миллиард доллардан ашып кетиши ыктымал. Бул - АКШнын келерки президенти согушту каржылоону токтотпойт дегенди билдиреби? Бул жөнүндө талдоочулардын пикири кандай?
Дагы жүктөңүз