Россиянын “Газпрому” бир жыл мурда эле дүйнөдөгү үчүнчү чоң компания болчу. Бир жыл ичинде өкмөттүк “Газпром” наркынын үчтөн экисин жоготуп, дүйнөдө 40-орунга түштү. “Москоу Таймс” гезитинин жазышынча, азыр “Газпромдун” жалпы наркы 120 миллиард доллар.
Европа парламентине болгон шайлоого шайлоочулардын теңи да катышкан жок. Пассивдүү маанайда өткөн бул шайлоодо Германияда канцлер Ангела Меркелдин, Францияда президент Николя Саркози, Италияда премьер-министр Силвио Берлусконинин партиялары жеңгени айтылууда.
АКШ президенти Барак Обаманын 4-июнда Каирде мусулман дүйнөсүнө жасаган кайрылуусу Мароккодон тартып Индонезияга чейинки өлкөлөрдүн маалымат булактарын көңүл кош калтырбады. Көпчүлүк өлкөлөрдө Обаманын кайрылуусуна “тарыхый” деп баа берилди.
АКШ президенти Барак Обама жума күнү Дрезденде Германиянын канцлери Ангела Меркел айым менен жолукту. Эки лидер сүйлөшүүдөн соңку маалымат жыйынында дүйнөлүк каржылык кризис, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Ирандын өзөктүк программасы сыяктуу мезгилдин маанилүү суроолорун талкуулашканын билдиришти.
4-7-июнь күндөрү Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн 375 миллион жараны дүйнөдөгү бирден бир суперулуттук парламентке депутаттарды шайлашат. Сурамжылоолор шайлоочулардын 43 проценти гана добуш берерин көрсөтүүдө. Бул жарандарга Европарламенттин иши түшүнүксүз болгондуктан, алар саясый өнөктүккө маани беришпегенин күбөлөйт дешет серепчилер.
Иран президентигине негизги талапкерлердин шаршемби күнү телеэрөөлү өтө курч өттү. Президент Махмуд Ахмадинежад мурдакы премьер-министр Мир Хусейн Мусавинин керт башына асылса, Мусави Ахмединежадды Иранды эларалык коомчулуктан бөлүп, өлкөдө диктатордук бийлик курууда деп күнөөлөдү.
Туура 20 жыл мурда 4-июнда күн отургандан кийин танктар коштогон аскерлер Бээжиндин ортосундагы Тянанмен аянтын алты жума бою ээлеген элди каптап кирди. Ошентип, саясый реформаны жүргүзүүнү жана бийликтеги жемсөөлүктү токтотууну талап кылган акцияны басууда жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн. Кытайда Тянанмен кыйраканын эскерүүгө тыйуу салынган.
Эл аралык “Transparency International” уюму шаршемби күнү дүйнө өлкөлөрүндөгү паракорлук жөнүндөгү жылдык изилдөөсүн жарыялады. Изилдөө кызмат адамдары алган жалчыбаган пара да элдин бийликке болгон ишенимин начарлатып, менчик бизнеске мурдакы жылдарга салыштырганда эл ичинде ишенбөөчүлүк көбөйгөнүн көрсөткөн.
Президент Обама 4-июнда Каирде ислам дүйнөсүнө көптөн күтүлүп жаткан кайрылуусун жасайт. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин айтышынча, Обама өз сөзүндө АКШнын мусулмандар менен мамилесин жакшыртууга аябай дилгир экенин баса белгилейт. Обама ислам экстремизминин зобун иштери, Ирандын ядролук куралга жетүү аракети жана Израил-Палестин чатагы сыяктуу чиелешкен маселелерге да токтолот дешет байкоочулар.
Мөмөлүү дарактар менен жаңгактардын түпкү чыккан жери Борбор Азия эсептелет. Алар, илимпоздордун ырасташынча, дүйнөгө Жибек Жолу аркылуу тараган экен. Жаңы изилдөөгө караганда, биз жеп жүргөн мөмөлөрдүн жапайы түрлөрү жоголуп кетүү коркунучу астында турат. Бул адамзаттын азык түлүк коопсуздугу үчүн да коркунучтуу дешет илимпоздор.
Түндүк Корея баллистикалык ракетаны сыноого даярданып жатат сыягы. Маалыматтарга караганда, ракета Түштүк Кореянын жана АКШнын президенттери 16-июнда Вашингтондо кездешип жаткан тушта сыналышы ыктымал.
Пакистандын чыгышындагы Лахордо 27-майда автомобилчен жанкечтинин бомба чабуулунан 24 киши өлдү. Жарадар болгондордун саны 300дөй болот. Чабуул өкмөттүк күчтөрдүн түндүк батыштагы Сват өрөөнүндөгү анти-экстремисттик операциясына талиптердин жообу катары бааланууда.
25-майда Европанын 19 өлкөcүнүн журналисттери жана башкы редакторлору Басма сөз эркиндигинин хартиясына кол коюшту. Бул документ маалымат каражаттарын бийликтин кийгилишүүсүнөн коргоонун, жарандар менен журналисттердин маалымат алуу эркиндигинин принциптерин аныктайт.
Пакистан армиясынын талиптерге каршы cогушу өлкөнүн түндүк батышынан эсепсиз элди көчүрүп, өкмөттүн гуманитардык кризиске каршын аракетин текке кетирчүдөй болууда. Өкмөт тиккен 15 чатыр лагерь 1, 7 миллиондой качкындын бир уучуна гана паанек берди. Көптөгөн бозгундарга туугандары баш калканч берсе, башкалардын кайдан түнөн табаары белгисиз.
Дүйшөмбү күнү президент Медведев Россиянын 2010-12-жылдардагы бюджетинин негизги багыттары менен өкмөт мүчөлөрүн жана парламент лидерлерин тааныштырды. Президент кайрылуусунда премьер Путинди жана өкмөттү сындаган жок. Бирок мурдакы салтты бузуп, бюджетти өзү окуп берди. Мурда парламентке кат менен жөнөтүлчү.
Президент Барак Обама АКШнын мыйзамдары негизинде өлкөнүн коопсуздугу жана жарандардын эркиндигин коргоо мүмкүн деп санайт. Ал эми Гуантанамо түрмөсү, террорчу деп шектелген туткундарды кыйноо, тескерисинче, коопсуздукка коркунуч жаратат.
Ооганстанда үч айлык шайлоо өнөктүгү башталбай жатып, калк кайрадан президент Карзайга ишеним көрсөтөөрү айтыла баштады. Ошол эле кезде Карзай оппозицияны өз тарабына тартууда, же бөлүп алсыратууда.
Пентагондун изилдөөсүнө караганда, АКШнын Гуантанамо түрмөсүнөн чет өлкөгө которулган ар бир жетинчи туткун кайрадан террорчуларга же согушчандарга кошулган. Бул маалыматты АКШ Сенаты президент Обамага Гуантанамодогу абак жайды жабууга акча бербей койгондон бир күндөн кийин "The New York Times" гезити жарыялады.
Улуттар Уюму Пакистандын түндүк-батышындагы согуштан качкан элге тез жардам көрсөтүү үчүн эларалык коомчулуктан 543 миллион доллар жардам сурады. Малаканд регионундагы Пакистан аскерлери менен талип согушчандарынын кагылышуулары 2 миллиондой адамды бозгун кылды.
Америкалык жана россиялык илимпоздор менен эксперттердин ырасташынча, Иран кеминде дагы 10 жылдан кийин гана Европага жеткидей ядролук бомба жасай алат. Экинчи бир изилдөө соңку беш жылда Пакистан ядролук өндүрүшүн бир кыйла кеңейткенин жана ушул ыргагынан жазбаса, жакынкы жылдары чаканыраак ядролук курал жасагандай болорун көрсөттү.
Дагы жүктөңүз