Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Европарламентке шайлоого эл кошкөңүл


Жумуртка - "пролетариаттын куралы". Европарламенттин шайлоо өнөктүгү маалында Чехиянын социал-демократтык партиясынын мүчөсү Давид Рац жана Европарламентке депутаттыкка талапкер Йиржи Гавел атаандаштары ыргаткан жумурткадан кол чатыр менен коргонушууда. П
Жумуртка - "пролетариаттын куралы". Европарламенттин шайлоо өнөктүгү маалында Чехиянын социал-демократтык партиясынын мүчөсү Давид Рац жана Европарламентке депутаттыкка талапкер Йиржи Гавел атаандаштары ыргаткан жумурткадан кол чатыр менен коргонушууда. П

4-7-июнь күндөрү Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн 375 миллион жараны дүйнөдөгү бирден бир суперулуттук парламентке депутаттарды шайлашат. Сурамжылоолор шайлоочулардын 43 проценти гана добуш берерин көрсөтүүдө. Бул жарандарга Европарламенттин иши түшүнүксүз болгондуктан, алар саясый өнөктүккө маани беришпегенин күбөлөйт дешет серепчилер.

Евробиримдиктин регионалдык саясат боюнча мурдакы комиссары Данута Хубнер жакында Ройтерс агенттигине элдин добуш берүүгө чыкканынын өзү чоң ийгилик болорун, анткени көпчүлүк шайлоочулар Европарламенттин ишинен бейкабар экенин айткан:
“Жалпы европалык проблемалар боюнча эч кандай олуттуу талкуунун болбогону - Евробиримдиктин олчойгон күнөөсү”.
"Times"гезити.


Европарламенттин Страсбургдагы имаратынын алдындагы ураан. Франция.
-Биз үчүн, бардык талапкерлер үчүн элди шайлоого катыштырып, добуш бердирүү чоң көйгөй. Менимче, бул Польшада элдин ар кандай шайлоодо добуш берүүнү каалбаганына окшоп кетет. Биз демократияны курууда адамдар шайлоо укугунан пайдаланып, өз добуштары менен саясатка таасир эте аларын аларга түшүндүрө албаптырбыз деп ойлойм.Ошон үчүн алар Европа Биримдиги менен Европа парламентинин чечимдерине таасир эте аларына ишенишпейт.

Британиянын “Таймс” гезити 3-июндагы санында элдин шайлоого кызыкпаганы үчүн Биримдиктин Брюсселдеги баш кеңсесин күнөөлөдү. “Жалпы европалык проблемалар боюнча эч кандай олуттуу талкуунун болбогону - Евробиримдиктин олчойгон күнөөсү” деп жазат “Таймс” жана Биримдикттин мекемелери эмне кыларын билбегенден улам бийлик талаш менен алек экенин кошумчалайт.

Телеэкрандан түшпөгөн Биримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануел Барросу көпчүлүккө белгилүү. Ал эми Европарламенттин төрагасы Ганс-Герт Петтеринг шайлоочулар арасында түгүл европалык саясый чөйрөлөрдө да белгисиз. Болбосо ал 1979-жылы түз шайлоо башталгандан тарта суперулуттук парламенттин мүчөсү. Европарламенттин төрагасынын калың журтка
Европарламенттин шайлоо өнөктүгүнөн бир көрүнүш. Чехиянын социал-демократтык партиясынын төрагасы Йиржи Парубекти үгүт өнөктүгү маалында каршылаштарынын бири жумуртка менен көкүрөккө урду. 27-май 2009-жыл.
белгисиздиги уюмга мүчө 27 өлкө тышкы саясатты, салык өлчөмүн же иммиграция маселесин өзү чечкенинде дешет серепчилер. Ошол эле мезгилде, жумуш убактысынын узундугу, жуунчу суунун тазалыгы, өнөр жайда колдонулчу химиялык элементтердин зыяны сыяктуу адам өмүрүнө маанилүү суроолор Европарламентте эгерим талкууланган эмес.

Ушундан улам калктын төрт күн болчу шайлоого көңүл коштугу. Андай шайлоочулардын бири, поляк Збигнев Брудек: “Менин оюмча, бул шайлоолор калыс өтпөйт. Поляктар каалагандай чын жана адилеттүү да эмес”, дейт.

Соңку сурамжылоолорго караганда, Европраламентке шайлоого добуш берчү элдин 43 гана проценти катышат. Бул 2004-жылкы шайлоодогуга караганда дээрлик үч процентке аз.

Евробиримдиктин жетекчилиги ойлончу дагы бир маселе, бир нече жыл мурда эле Биримдикке өтүү үчүн жанын сабап жүргөн экс-советтик Балтия өлкөлөрүнүн калкынын маанайы. Латвиялыктардын 28 проценти гана Евробиримдикке кошулууну “жакшы иш болду” дешет.

4-7-июнь күндөрү болчу добуш берүүдө 27 өлкөдөн Европа Парламентине бардыгы 736 депутат
шайланат. Келерки шайлоо беш жылдан кийин болот. Европарламентке депутаттар түз добуш берүү
менен биринчи жолу 1979-жылы шайланган.

XS
SM
MD
LG