"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден түшкөн арыздарды карады. Анын алкагында үч талапкер сынакка катышуу укугунан ажыратылды. Ал эми дагы ону кошумча документ алып келүүгө милдеттендирилди.
Бишкектин четинде өрттөн бир аял жашы жете элек эки баласы менен кошо күйүп кетти. ИИМ азырынча өрттүн себебин расмий билдире элек. Маркумдун коңшулары келин өзүн-өзү өлтүргөнүн айтышууда. Өрт катталганга чейин ал бир нече литр бензин сатып алганы белгилүү болду. Келиндин кайненеси менен мамилеси на
12-февралда Бишкекте саясатчы Темир Сариев жыйын өткөрдү. Ал депутат Элвира Сурабалдиеванын айыптоосуна жооп узатып, андан башка кыргыз-орус алакасы, автоунааны милдеттүү камсыздандыруу жана башка суроолорго жооп берди.
Былтыр күзүндө Кыргызстандын башкы телеканалы тартып, коомчулукка көргөзгөн “Ак шоола” тасмасы укук коргоочулардын сынына кабылууда. Анда күйөөсү ала качып алган келин жакындары ынандыргандан кийин тагдырына моюн сунуп жашап калат.
Бишкекте өтүкчүлөрдүн түйшүгү, жашоосу кандай? Биздин каарманыбыз Рустам Жоробаев жыйырма жылдан бери Ош базарында бут кийим оңдоп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал бул жерге 1998-жылы келгенде өтүкчүлөрдүн саны азыркыдай көп болбогонун эскерет.
Таластагы Киров мектеп-интернатында болгон каргашалуу окуяга быйыл 50 жыл болду.
Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын жыйырмадай тургуну Жогорку соттун алдына 4-февралда нааразылык акциясына чыгышты.
Бишкекте “Кантип үч айда күйөөгө тийсе болот?” деген тренинг өтүп, ага 70ке чукул кыз-келин катышты. Үч саатка созулган иш-чарага болжолу 25тен 50 жашка чейинки аялдар келди. Кыздар турмушка чыгуу маселесине кандай маани беришет?
Бишкектин түштүк тарабындагы Тоолуу Маевка айылында Кыргызстандагы буддисттердин “Место пути” деп аталган жалгыз храмы жайгашкан. Бул жерде монах Алексей Шмыгля жашайт. 1990-жылдардан тарта буддизмди тутунуп келе жаткан монах ишеними, диндин мааниси, храмдагы жашоо-турмушу тууралуу маек курду.
Адам өмүрү кыйылган Бишкектеги жол кырсыгы боюнча 26 жаштагы милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Жол коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.
Бишкектин көчөлөрүндө букинисттик китептерди саткандардын соодасы жыл сайын солгундап баратат. Соодагерлер китеп окууга кызыккандар акыркы эки жылда кескин азайганын айтышууда.
Кыргызстандыктарды тазалык, тартипке чакырган жаңы мыйзамдар коомдо кызуу талкууланып жаткан кез. Негизинен кеп айып акынын көлөмү гана турасында болуп, тартип үчүн жеке жоопкерчилик, эрежени сактоо жагына көңүл бурган киши жок.
Таласта үлпөт тойдогу автомат тууралуу видео монтаж экени аныкталды.
Кыргызстанда жарандар эми пенсияга чыгыш үчүн толгон-токой документтерди чогултпайт.
Таластын Манас районунун алты жаштагы тургуну Арсен Жумагулов тууралуу тасманы "Данистеден" күз айында көрсөткөн элек. Анда таң эртеңден каш карайганга чейин ыңгайы келген жерде "Манас" айткан жаш бала тууралуу тасма аябай көп көрүлүп, аны колдогондор аябай көп болду. Арсен азыр атактуу болууга көнү
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзамдардагы административдик жаза чектөө керек деп саналган жоруктардын тизмесиндеги айрым жоболор социалдык тармактарда кызуу талкууланып, “Коюлган талаптар түзүлгөн шарттарга шайкешпи?” деген суроо коюлууда.
1-январдан тартып жаңы Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Бул кодекске ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү.
Таласта 60ка жакын жергиликтүү тургун “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчисин кызматтан алууну талап кылып облустук акимчиликтин алдына чыгышты.
Борбор калаанын бийлиги Бишкек баатырдын эстелигин орнотууга сынак жарыялады.
Бүгүн Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган акция өттү. Онго жакын жарандык активист катышкан иш-чарада балдарга сексуалдык зордук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдатуу жана өлүм жазасына мораторийди алып салуу талабы коюлду. Акцияны милиция көзөмөлдөп турду.
Дагы жүктөңүз