Үч өмүрдү алган өлүм
Бишкектин четинде өрттөн бир аял жашы жете элек эки баласы менен кошо күйүп кетти. ИИМ азырынча өрттүн себебин расмий билдире элек. Маркумдун коңшулары келин өзүн-өзү өлтүргөнүн айтышууда. Өрт катталганга чейин ал бир нече литр бензин сатып алганы белгилүү болду. Келиндин кайненеси менен мамилеси начар болгону айтылууда.