Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

"Манас ордонун" жамаатындагы нааразылык


“Манас ордо” улуттук комплекси.
“Манас ордо” улуттук комплекси.

Таласта 60ка жакын жергиликтүү тургун “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчисин кызматтан алууну талап кылып облустук акимчиликтин алдына чыгышты.

Митингге чыккандар комплекстин жетекчиси Ормош Чоюнбаевдин жүрүм-турумуна нааразы болуп, аны кызматтан кетирүүнү талап кылууда. Арасында комплекстин да он чакты кызматкери бар.

“Манас ордо” улуттук комплексиндеги музейдин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев комплекстин жетекчиси Ормош Чоюнбаевдин кызматкерлерди этикага жатпаган сөздөр менен тилдеп-сөккөн адатынан тажаганын билдирүүдө. Ал жетекчинин бул адаты көп жылдардан бери эле жамаатка маалым экенин, кечээ жакында болгон дагы бир окуядан улам чыдоого мүмкүн болбой калганын айтып жатат:

- Жетекчини кызматтан алуу боюнча биздин койгон талабыбыз - менин жеке талабым эмес. Бул - жалпы айылдын талабы. Пенсия курагындагы адам 14 жылдан бери иштейт. Кызматкерлерди ар кандай кысымга алат. Мени 15 кызматкердин көзүнчө оозго алгыс сөздөр менен басмырлап, сөгүп, аброюма шек келтирген. Ошондон улам мен азыр дарыланууда жатам. Баарына орой мамиле кылат. Бирок көбү корккондуктан ачык айтып чыкпайт. Себеби жумуштан кетип калуудан коркот. Буга чейин аны менен айтышкан кызматкердин баарын жумуштан алып келген. Мындайча айтканда хандын жашоосуна өтүп алган. Баш көтөргөндүн баарын жөн койбойт.

Ормош Чоюнбаевди кызматтан бошотуу талабын койгондор Талас облусундагы жергиликтүү акимчиликтин төртүнчү кабатындагы жыйындар залында чогулду. Алтымышка чукул кишинин көпчүлүгү комплекс жайгашкан Долоно айыл өкмөтүнөн келгендер, арасында активисттер жана айыл аксакалдары бар.

“Манас ордо” улуттук комплексинде эки жылдай күзөтчү болуп иштеп кеткен ушул айыл өкмөттүн Ак-Жар айылынын тургуну Токтобек Сарыбагышов да Бообек Түлкүбаевдин пикирин кубаттап, мурдагы жетекчиси тууралуу буларга токтолду:

- Ичип алып мурда жумушчуларды урган күндөрү болгон. Кыскасы, анын мүнөзүнө адам чыдай албайт. Бирдеме десең эле “жумуштан кеткиле, иштебейсиңер” деп чыгат.

Ормош Чоюнбаев өзүнө карата айтылган дооматтарды четке кагууда.

- Бул бир беткей жалаа болуп жатат, - деди ал. - Жумуш болгондон кийин бирөө-жарымга катуу айтабыз да. Анан жетекчини алмаштырып эле өздөрү келгиси бар. Жамааттын арасынан кызматка кызыгып жүргөн бир-экөө бар. Алар көө жаап атышат. Ойго келбеген, түшкө кирбеген нерселерди айтып жатышат. Жамааттын атынан барышыптыр. Эгер жамаатымдын баары мени “кет” дей турган болсо, бир күн турбайм, дароо кетем. Мен да чыдабай, “жарылгым” келип отурам.

Марат Мураталиев.
Марат Мураталиев.

Облустук администрацияга чогулгандарды өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев кабыл алган. Маселе боюнча ал жакынкы күндөрү Маданият министрлигине кайрыларын айтты:

- “Манас ордонун” жетекчисин кызматтан кетирүү талабы менен үч айылдын эли бүгүн “жөө жүрүшкө чыгабыз” дешкен экен. Мен “тынчтык жолу менен эле чечели, келгиле” деп эртең менен чогулушка чакыргам. Азыр эми протоколду министрге жөнөтөм.

Буга чейин “Манас ордо” улуттук комплексиндеги музейдин директору Асан Жунушалиев да жетекчиликтин кысымына кабылганын айтып чыккан. Ал Ормош Чоюнбаев менен 14-декабрда араздаша кеткен. Бул окуядан көп өтпөй эле ал эс-учун жоготкон абалда Ташарык айылындагы мүрзөлөрдүн арасынан табылган. Жунушалиев ооруканадан эсине келген. Буга байланыштуу ал 17-декабрдан тартып иш таштаганын “Азаттыкка” билдирген.

Азырынча Асан Жунушалиев жумушка чыга элек. Ошол эле учурда Ормош Чоюнбаев музейдин директорунун дооматтарын четке кагып, аны менен эч кандай чыр болбогонун, Жунушалиевге музейдин ичинде аялы ижарага алган бөлмөнү жаңы жылдан тартып бошотуу тапшырылганын, ошондон улам гана нааразылык пайда болгонун айткан.

“Манас ордого” келген зыяратчылар көбөйдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG