"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жаңы жылга даярдык жана балатынын жасалгасы тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн сунуштайбыз.
Кыргыз милициясы кылмышка шектүү адамдарды суракка алуунун жаңы ыкмасына өтө баштады. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда алгачкы ачык тергөө бөлмөсүнүн ачылышы болду.
Индияда бооруна операция жасалган кыргызстандык өспүрүм Бишкекте каза тапты.
Кийинки жылдары Кыргызстанда жаңы жылды тосууга каршы чакырыктар кеңири тарай баштады. Ушул маселенин айынан жыл жаңыраар алдында социалдык тармактын колдонуучулары эки жаатка бөлүнгөн учурлар көбөйдү. Быйыл да ошондой.
Кыргызстанда тармактык сооданын желесине илинип, алданган адамдардын катары калыңдады.
Чоң таштын үстүнө чыгып алып "Манас" айтып жаткан бала социалдык тармактарда бир канча күндөн бери кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк колдонуучулар келечекте андан чоң манасчы чыгат деп ишеним артышууда. "Азаттыктын" кабарчысы Арсен менен таанышып келди.
Таластын Манас районунун Май айылындагы 15тей түтүн сегиз жылдан бери жарыксыз жашайт. Электрден өксүгөн тургундар бийликке кат-кабар жаза берип тажап бүткөн. Сегиз жылдан бери алардын үнүн уккан да, ал-абалын сураган да киши боло элек.
Таласта төө буурчакты эл аралык рыноктун талабына ылайык экспорттоого ыңгайлашкан ири ишкана ачылды. Төрт гектар аянтты ээлеген ишкананын курулушуна бир миллион доллар каражат сарпталган. Бул ишкана облуста 200гө чукул адамды жумуш менен камсыз кылат.
Таласта төө буурчакка тете киреше берген кайналынын баасы быйыл арзандап кетти. Маселен, жыл сайын килограммы 20-25 сомдон сатыла турган бул жемишти быйыл 10-15 сомдон гана сатып жатышат.
Талас шаарында 25 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.
Талас шаарынын мэрин "чарбакер эмес" деп эсептеген шаардык кеңештин депутаттары соцтармактар аркылуу элдин пикирин топтоп жатышат.
Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин каражатынын эсебинен боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыкты. Ушундай тапшырма берилгенин айрым директорлор да ырастады. Ал эми шаардык-райондук билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтууда.
Талас районунда төө буурчакты үшүк алып, дыйканды убайымга салды. 2-сентябрда бул аймакта абанын температурасы түңкүсүн 3-5 градус төмөн болгон.
Таласта ар бири эки миң сомдон ашык бааланып Польшадан алынып келген, ийне жалбырактуу дарактын түрүнө кирген эки миң туя четинен куурай баштады. Ондон ашыгы буга чейин уурдалып да кеткен. Ушундан улам жергиликтүү активисттер шаарды жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бийлик да, эл да кайдыгер мамиле кылып жатканын айтып чыгышты.
Таласта төө буурчак жыйноо бир топ машакаттуу иш. Айрыкча күз мезгилинде кол менен жулганга жетишпей, акыга киши жалдагандар көп. Мындай түйшүктү жыл сайын баштан кечирип, тажап бүткөн Кара-Буура районунун 34 жаштагы тургуну жакында эле фасолду өзү жула турган техника жасап, иштете баштады. Шайманды
Таластын Алмалуу коругундагы он күнгө созулган өрт өлкөнүн өзгөчө кырдаалга каршы туруу даярдыгын көргөзгөндөй болду.
Таластын Алмалуу коругундагы он күнгө созулган өрт өлкөнүн өзгөчө кырдаалга каршы туруу даярдыгы чабал экенин көргөзгөндөй болду.
Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.
Легендарлуу поляк ырчысы жана композитор Анна Германдын балалыгынын бир үзүмү Таласта калганын көпчүлүк биле бербейт. Репрессия жылдары атасы камалып кеткенден кийин Анна, апасы, таэнеси жана иниси менен кыргыз жергесине жер которуп келип, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашап калган.
Бакай-Ата районундагы Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөт аймагынын эли 27-июнда Үрмарал тоосундагы кен казуу иштерин токтотууну талап кылып митингге чыгышты.
Дагы жүктөңүз