Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Бишкектин айкели: тарых жана сын


Бишкек баатырдын эстелигинин эскиздери.
Бишкек баатырдын эстелигинин эскиздери.

Бишкек шаардык мэриясы Бишкек баатырдын эстелигин орнотууга сынак жарыялады. Анын негизинде он сегиз адамдын эмгеги каралып жатат.

Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу боюнча Бишкек шаардык мэриясынын апрель айындагы буйругуна ылайык, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы эки ай мурун ачык сынак жарыялаган.

Анын негизинде бүгүнкү күндө 18 архитектордон эстелик жасоо сунушу келип түшкөн. Алардын эмгегинин эскиздери менен аталган ишканада 18-январга чейин таанышууга болот.

Сынактын жыйынтыгы 21-январга белгиленгенин “Азаттык” үналгысына “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын топонимика жана эстеликтерди каттоо секторунун башкы адиси Жылдыз Талантбекова билдирди:

- Азыркы учурда сынакка катышкандардын эмгеги коомдук талкууга коюлган. Биздин сайт жана "Фейсбук" аркылуу элдин талкуусуна койдук. Жакшы эмгектер аныкталгандан кийин экинчи тур болот. Топонимика жана эстеликтерди түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу үчүн Чүй проспектиси менен Эркиндик гүлбагы жайгашкан жерде атайын орун аныкталып, баатырдын эстелиги орнотулсун деген чечим кабыл алынган.

Бишкек баатырдын эстелигинин эскизи.
Бишкек баатырдын эстелигинин эскизи.

Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу “Солто” жана “Бишкек баатыр” коомдук бирикмелери тарабынан 2012-жылы эле демилгеленген. Бирок эстелик орнотула турган жер тилкеси чечилбей келген.

Айкелге жалпысынан 8 миллион сомдой каражат жумшаларын “Бишкек баатыр” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Алымбекова билдирди.

- 2012-жылы марафон өткөрүп, 7 миллион акча топтогонбуз. Бирок жер маселеси көпкө чейин чечилбей, ушул убакка чейин эстеликке колубуз жеткен жок. Азыр 8 миллион каражатыбыз бар. Эстелик тургузууга ошол жетет деген ойдобуз.

Жамиля Алымбекова Бишкек баатырдын түз урпагы экенин айтууда. Ал кошумчалагандай, борбор калаанын атын алып жүргөн Бишкек баатыр 1702-жылы Аксы, Ала-Бука өрөөнүндө туулуп, Чүй өрөөнүндө отурукташып, 72 жашында көз жумган.

Анткен менен тарыхый инсан экени айтылып жүргөн адамдын жашап өткөндүгүнөн күмөн санагандар да бар.

Тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев эстелик орнотордон мурда адамдын бейнесин тактап алуу керек деди:

Ташманбет Кененсариев.
Ташманбет Кененсариев.

- Бишкек баатырдын тарыхта иш жасаганы тууралуу архивдик материалдар жок да. Негизинен санжыралык гана материалдар бар. Ошон үчүн санжыралык материалдарды тарыхый логикалык материалдарга салыштырып, анан инсандык бейнесин тактап койгон жакшыбы дейм. Жомокко окшоп калбашы үчүн омоктуу бир жыйын өткөрүү керек. Ага тарыхчылар, фольклорчулар, санжырачылар катышып калышы мүмкүн. Ошондо ал адам тууралуу фактылар кайсы бир деңгээлде калыпка түшөйүн деп калат. Кийин ошол боюнча изилдөөлөрдү жүргүзсө болот. Эгер акчасы ашып-ташып жатса, андан башка кыла турган иши калбаса, анда эстеликти жасай берсин. Бирок ошого чейинби, андан кийинби дискуссиялык илимий иш-чара өткөрүү кажет.

Тарыхчылар арасында деле Бишкек баатырдын жашап өткөнү тууралуу эки ача пикирлер айтылып келет.

Эл Баатыры, драматург Бексултан Жакиев тарых менен идеологияны эстелик аркылуу даңазалоо туура эмес деген көз карашта.

Бексултан Жакиев.
Бексултан Жакиев.

- Бизде "Манас" эпосу бар. Кыргызда Конституция деген түшүнүк жок кезде, "Манас" баш мыйзамдын милдетин аткарган. Идеологиянын баары ошонун ичинде жатат. Идеология - бул элдин өзүнүн үрп-адаты, салты, психологиясы менен байланыштуу болушу керек. Эстелик коюла турган нерселер бар.

Маселен, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө эстелик коюу эң эле туура. Анда элдин тарыхы жатат. Болгондо да кайгылуу, эркиндикке жетебиз деп кыйрап калган тарых. Азыр эми көчөгө чыксаң эле бирден-экиден баатыр чыгат. Бишкек баатырдын бар-жогуна такыр ынана элекмин. Чынын айтыш керек, эл билбеген баатырга эстелик коюунун кереги деле жок, - деди Бексултан Жакиев.

Бишкек баатырдын эстелигинин эскизи.
Бишкек баатырдын эстелигинин эскизи.

Анткен менен окумуштуу, тарыхчы Мурат Иманкулов Бишкек баатырдын жашап өткөнү чындык экенин айтып, ага эстелик орнотуу парз деп эсептейт:

- Анын жашап өткөнү чындык. Сөөгү азыркы борбордук мечит жайгашкан жерге коюлган. Шаардын атын алып жүргөн адамдын эстелигин тургузуп коюу бир жагынан алганда парз. Майда-чүйдө, толгон-токой, кокту-колоттогу баатырларга эстелик тургузганга караганда борбор калаанын атын алып жүргөн адамга айкел коюу маанилүү.

“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, борбор калаанын өзүндө эле аттуу-баштуу деп айтылып келген 122 адамдын эстелиги бар. Кыргызстанда тирүү туруп өзүнө айкел жасап алгандар да кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG