"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
«Human Rights Watch» (HRW) уюму АКШнын Борбордук Чалгын кызматы (CIA) колдогон жана машыктырган оогандык куралдуу кошуундар карапайым адамдарды сотсуз өлтүрүү, медициналык жайларга кол салуу, адамдардын дайынсыз жоголушу өңдүү зордукчул аракеттерге барышканын билдирди.
Иракта коменданттык саат киргизилгенине карабай масштабдуу митингдер тынчыбай жатат.
НАТОнун коргоо министрлери Брюсселде эки күндүк жыйын куруп жатышат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Африка менен соода алакасын көбөйтүүнү көздөйт. Орус мамлекет башчысы Сочиде өтүп жаткан саммитте бул ниетин баса белгиледи.
Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен кызматташкан украиналык журналист Станислав Асеевди 15 жылга түзөтүүчү колонияга кести.
Пентагондун башчысы АКШнын Ооганстандагы вазийпасы “узак мөөнөттүү” болоруна ишендирди. Марк Эспер мындай билдирүүнү америкалык аскерлер Сириядан чыгарылып, ооган жергесиндеги контингент да чегинбейби деген тынчсыздануу күчөп турган кезде жасады.
АКШнын арачылыгы менен Түркия Сириядагы ок атышууну токтото турууга көнгөнү тууралуу билдирүүлөргө карабай, жума күнү чек арадагы Рас аль-Айн шаары ракеталардан аткыланганы кабарланды.
Трамп администрациясынын чабармандары согуштук аракеттерди токтоттуруу вазийпасы менен Анкарага барышты. Түркиянын президенти болсо Сириянын түндүгүндөгү операцияны аягына чыгарып, аймактагы коопсуздукту камсыз кыларын айтып жатат.
Болгариянын Футбол федерациясынын төрагасы Борис Михайлов Англиянын командасы менен беттешүү маалындагы окуядан кийин кызматтан кетти.
Түрк аскерлери операция жүргүзүп жаткан Сириянын түндүгүндө жихадчылардын үй-бүлөлөрү кармалып келет.
Кошмо Штаттар Түркияга каршы санкция киргизди. Бир нече күндөн бери Вашингтон Анкараны Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтотууга үндөп келатат.
Сириядагы күрддөрдүн лидерлери Москва арачылык кылган сүйлөшүүлөрдө Башар Асад өкмөтү менен азырынча чек арага аскерлерди гана жайгаштыруу жөнүндө кеп болгонун билдиришти. Ал эми саясий маселелер кийинчирек талкууланмакчы.
Исламабад чөлкөмдөгү ири атаандаштар Иран менен Сауд Арабиясын сүйлөшүүгө отургузуу үчүн болгон аракетин жасайт.
Кошмо Штаттар Шинжаңдагы мусулмандардын укуктарын бузууга тиешеси бар деген кытайлык 28 компания, уюмдарды «кара тизмеге» киргизди.
АКШда чалгындоо органында иштеген дагы бир киши президент Дональд Трамптын украин мамлекет башчысы менен телефон сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин билдирди.
Брюссел Европадан чыккан бир катар товарларга бажы төлөмдөрүн көтөрүү боюнча АКШнын чечимине өкүнүчүн билдирип, жооп иретинде чара көрүлөрүн эскертти.
Кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин «Нансен» сыйлыгына ээ болду.
Бээжинде Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына арналган ири майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайдагы уйгур активисти, камакта отурган Илхам Тохти жана Балкандагы “Жаштар демилгеси” укук коргоо уюмуна ыйгарды.
Дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто климат боюнча саммит өтөт. Жыйынды утурлай дүйнөнүн булуң-бурчунда өкмөттөрдү табияттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө үндөгөн акциялар уюштурулду.
Дагы жүктөңүз