Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Трампты тооруган «Украина иши»


Владимир Зеленский, Жо Байден жана Дональд Трамп. (фотоколлаж).
Владимир Зеленский, Жо Байден жана Дональд Трамп. (фотоколлаж).

АКШда чалгындоо органында иштеген дагы бир киши президент Дональд Трамптын украин мамлекет башчысы менен телефон сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин билдирди.

АКШ мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик маанилүү маалыматтарды тиешелүү органдарга жеткирген адамдардын аты-жөнү сыр катары сакталат жана бийликтин кайтаруусуна алынат.

“Украина ишиндеги” ошондой экинчи информатордун адвокаты 6-октябрда билдиргендей, анын буга чейин айтылган дооматтарды бышыктаган маалыматтары бар.

Адвокат Марк Заиддин айтымында, анын клиенти алдын ала текшерүүнүн алкагында чалгын кызматындагы ички көзөмөл мекемесинде көрсөтмө берди.

Бир нече күн мурда Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсүндө, эмки жылкы шайлоодо демократтардын атынан ага атаандаш болуп чыгышы мүмкүн делген мурдагы вице-президент Жо Байдендин жана анын уулу Хантердин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү сураганы тууралуу маалымат тараган.

Ал маалыматты 25-июлдагы сүйлөшүүнүн мазмуну менен таанышып чыккандан соң чалгындоо кызматында иштеген бир адам берген.

Информатор Трамп “кызматынан кыянат пайдаланып, 2020-жылкы президенттик шайлоого чет өлкөнүн кийлигишүүсүн шарттап жатат” деп даттанган.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси айым андай аракеттер АКШдагы шайлоонун калыстыгына жана улуттук коопсуздукка коркунуч жарата турганын айтып, президентке импичмент жарыялоо жараянын караштыра баштаган. Спикер атүгүл президенттин кылганын “мамлекеттик чыккынчылыкка” теңеген.

Адам Шифф жана Нэнси Пелоси. Вашингтон, 3-октябрь 2019-жыл
Адам Шифф жана Нэнси Пелоси. Вашингтон, 3-октябрь 2019-жыл

- Кошмо Штаттардын азыркы президенти төмөн деңгээлге түшүп кетти. Мамлекеттин түптөөчүлөрү Баш мыйзамды коргоо үчүн чара көрүп, тосмолорду киргизишкен. Себеби, бир күнү бийлигинен аша чапкан бир адам кызматка келиши мүмкүн дешкен. Алар ошол тосмолорду бузуп, Конституцияны көзгө илбеген, каалаганымды кылам деп айткан президент болорун ойлошпосо да керек, - деп белгилейт Нэнси Пелоси.

Азыр Конгресстин үч комитети бул ишти иликтеп жатат.

Трамп болсо Зеленский менен Байден тууралуу кеп кылганын танган жок, бирок мыйзам чегинде иш алып барганын айтып, айыптоолорду четке кагууда:

- Кептин төркүнү коррупция жөнүндө жүрүп жатат. 2016-жылы эмне болгонун аныктаганга аракет кылып жатабыз. Өзүңөр билгендей, бул багытта көп иштер жасалып келет. Байдендин шайлоо кампаниясы мени кызыктырбайт. Бирок анын кампаниясындагы коррупцияга тынчсызданып жатам. Саясаттын бул ишке тиешеси жок, - деди Трамп.

Ошол эле маалда президент 3-октябрда Кытайга кайрылып, Байдендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү суранды.

Президентке басым күчөгөн сайын, ал да оппоненттеринин дарегине бир топ сын жаадыра баштады.

Буга чейин Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин төрагасы, демократ Адам Шиффти “чыккынчылык үчүн камаш" керек деп айтса, 6-октябрда "Пелоси айым Шиффтин “калп айтканы жана бурмалоосу" жөнүндө кабардар болчу" деп анын аракетин оор кылмышка теңеди.

Ал эми Жо Байден менен анын уулу Хантер эч кандай мыйзамсыз иштерге барбаганын айтышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG