Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Шинжаң чатагы, АКШнын «кара тизмеси»


«Hikvision» компаниясынын коопсуздук камерасы. Бээжин. 8-октябрь, 2019-жыл.
«Hikvision» компаниясынын коопсуздук камерасы. Бээжин. 8-октябрь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Шинжаңдагы мусулмандардын укуктарын бузууга тиешеси бар деген кытайлык 28 компания, уюмдарды «кара тизмеге» киргизди.

АКШ Соода департаментинин 7-октябрдагы маалыматы боюнча «кара тизмеге» кирген мекеме, фирмалар «Кытайдын уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарына каршы репрессия, массалык камоо, заманбап технологиялардын жардамы менен көзөмөл жүргүзүү иштерине аралашкан».

Санкцияларга негизинен мамлекеттик мекемелер менен жеке менчик компаниялар илинди. Алардын арасында Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун коомдук коопсуздук башкармалыгы, ага баш ийген 19 уюм жана сегиз компания бар.

Эң белгилүүлөрү – «Hikvision» видео көзөмөл системаларын чыгарган дүйнөдөгү эң чоң фирма жана адамдын жүзүн таануу технологиялары тармагындагы «SenseTime Group Ltd», «Megvii Technology Ltd» өңдүү лидер-өндүрүүчүлөр.

Эми ал компаниялар америкалык технологияларды атайын уруксаты жок импорттой албайт.

8-октябрда расмий Бээжин Вашингтондун бул кадамы «эл аралык мамилелердин түпкүлүктүү ченемдерин бузарын, Кытайдын ички ишине кийлигишүү болуп эсептелерин, Кытай тараптын кызыкчылыктарына залакасын тийгизерин» белгилеп, кескин нааразылык билдирди.

«Hikvision» видео көзөмөл системасы.
«Hikvision» видео көзөмөл системасы.

«Hikvision» АКШнын Соода министрлигинин бул чечимине макул эмес экенин билдирди. Компания өкүлдөрү белгилешкендей, эл аралык мыйзамдардын чегинде иш алып барганын көзөмөлдөө үчүн бир нече ай мурда адам укуктары жаатындагы америкалык кеңешчини жалдап алышкан.

Апрелде америкалык мыйзам чыгаруучулардын тобу Ак үйдү адам укуктарын бузууга тиешеси бар кытайлык компанияларды жазалоого үндөгөн.

Кайра тарбиялоочу лагерь делген имарат. Шинжаң, 7-сентябрь, 2019-жыл.
Кайра тарбиялоочу лагерь делген имарат. Шинжаң, 7-сентябрь, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта Шинжаңда бир миллиондой уйгур жана мусулман азчылыктарынын башка өкүлдөрү «кайра тарбиялоочу» атайын лагерлерде кармалып турат. Кытай бийлиги ал жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү» борборлор деп атайт.

22-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Нью-Йоркто Борбор Азиядан келген тышкы иштер министрлери менен жолуккан кезде Кытайдын Шинжаңдагы саясатын сындаган.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Кытайдын Шинжаңдагы репрессивдүү өнөктүгүнүн терроризмге каршы күрөшкө байланышы жок. Бул Кытайдын өз жарандарын, мусулмандардын динин жана маданиятын жок кылуу аракети. Биз бардык өлкөлөрдү Кытайдын уйгурларды өткөрүп берүү тууралуу талаптарын аткарбоого чакырабыз, - деген Майк Помпео.

Анын артынан 24-сентябрда АКШ баштаган 30дан ашуун өлкө Кытайдын «үрөй учурган репрессияларын» айыптаган билдирүү тараткан.

Эртеси Бээжин АКШны «калп айтты» деп сындаган.

- Ал өлкөлөр Кытайдын Шинжаңдагы башкаруу саясатына көлөкө түшүрдү жана ички иштерибизге кийлигишип жатышат. Шинжаң маселеси - адам укуктары эмес, жикчилдикке жана терроризмге каршы туруу маселеси, - деген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гэн Шуан.

Президент Дональд Трамптын администрациясы Кытай компанияларына каршы биринчи жолу чара көрүп жаткан жок. Май айында телекоммуникация тармагындагы дөөлөрдүн бири «Huawei» коопсуздук маселелеринен улам «кара тизмеге» илинген.

Эки өлкө бири-биринин товарларына бажы төлөмдөрүн көтөрүп, «соода согушу» уланып жаткан кез.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG