Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

НАТОнун кысталыштагы саммити


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммит алдындагы басма сөз жыйынында. Брюссел, 24-октябрь, 2019-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммит алдындагы басма сөз жыйынында. Брюссел, 24-октябрь, 2019-жыл.

НАТОнун коргоо министрлери Брюсселде эки күндүк жыйын куруп жатышат.

Бул жолку саммит альянс үчүн кыйын кезге туш келди. Түркиянын Сириядагы күрддөргө каршы операциясын өнөктөштөрдүн көбү айыпташкан. Ошол эле маалда кризисти чечүү маселесине келгенде блок бөлүнүп калды.

Сириянын түндүгүндөгү кырдаал бардык мүчөлөрдү тынчсыздандырып жатканын уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг жыйын алдында билдирди:

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал боюнча мүчө-мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестиктерге күбө болуп жатабыз. Мен өз камтамачылыгымды ачык айттым. Ошондой эле эки өнөктөш – Түркия менен АКШнын бир жума мурун келишимге жетишкенин кубаттадым. Ошондон бери туура багытта, өзгөчө зомбулукту азайтыш үчүн кадамдар жасалып келатат. Биз бул багытта алга жылууга аракеттенишибиз керек.

Баш катчы БУУнун көзөмөлүндөгү коопсуздук зонасын түзүү тууралуу сунуш каралышы мүмкүн экенин да айтты.

Мындай сунуш киргизген Германиянын коргоо министри, канцлер Ангела Меркелдин ордун басат деп күтүлүп жаткан Аннегерт Крамп-Карренбауэр ал план жер которууга мажбур болгон карапайым элди коргоону, «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун жоочуларына каршы күрөштү улантууну көздөй турганын белгиледи.

Саммит жуп башталар алдында Пентагондун башчысы Марк Эспер «Түркия баарыбызды кыйын абалга кептеди» деп, Анкара азыр кызматташтыктын орбитасында терс багытка көбүрөөк ооп баратканын кошумчалады:

Марк Эспер.
Марк Эспер.

- Мен ошондой эле Түркия альянска карата тескери жакка кетип баратканын айттым. Бир катар маселелерде Батыштыкына эмес, Орусиянын орбитасына кирип баратканын көрүп келатабыз. Менимче, бул өкүндүрөт. Баарыбыз Түркия менен өнөктөштүгүбүздү бекемдеп, мурдагыдай кубаттуу жана ишеничтүү өнөктөшкө айлангыдай кылышыбыз зарыл.

22-октябрда Орусия менен Түркиянын президенттери «күрд кошуундары Түркиянын чек арасына жакын аймактан алыс кетүүгө тийиш» деген келишим түзүп, АКШнын арачылыгы менен макулдашылган 5 күндүк атышпоонун мөөнөтү дагы 150 саатка узартылган.

Вашингтон эртеси Анкара мурда операциясын баштаган учурда киргизген санкцияларын алып салганын жарыялады. Ал тургай президент Дональд Трамп түрк президенти Эрдоганды «убадасына туруп, бир топ адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн болгон кырсыктан сактап калды» деп мактап да жиберген.

Белгилей кетсек, 9-октябрда кошуна Сириянын түндүгүнө кирип барган Түркия аймакты күрд террорчуларынан тазалоону көздөгөнүн билдирген. Түрктөр «террорчу» деп атаган кошуундар буга чейинки жылдары «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы урушта АКШ менен бирге өнөктөш катары аракеттенип келишкен. Бирок Түркия күрд козголоңчуларын алардын жикчилдик көз караштарынан улам өлкөгө коркунуч жараткан күч катары таанып, мамлекетке зыян келтире турган террорчулардын катарына кошкон.

Анкара операцияны баштаарда АКШнын президенти Дональд Трамп аймактагы аскерлерин чыгарууну чечкен.

Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Рас аль-Айн шаары. 16-октябрь, 2019-жыл.
Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Рас аль-Айн шаары. 16-октябрь, 2019-жыл.

Сириядагы жарандык согушта Вашингтон менен Анкара Дамаск өкмөтүнө каршы күрөшкөн түрдүү козголоңчу топторду колдоп жүрүшкөн. Москва менен Тегеран болсо президент Башар Асадга жардам берип келатышат.

НАТОнун министрлери ошондой эле Ооганстандагы миссияны, Украинадагы кырдаалды, 5G телекоммуникацияларынын коопсуздугу өңдүү маселелерди талкуулашмакчы. Андан тышкары алдыдагы декабрда Лондондо өтчү альянс лидерлеринин саммиттине даярдыкты сөз кылышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG