Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Сирия: Уруш баскан жердеги кыргыз аялдары


Сириядагы лагерден репатриацияланып жаткан өзбекстандык аялдар менен балдар. 29-май, 2019-жыл.
Сириядагы лагерден репатриацияланып жаткан өзбекстандык аялдар менен балдар. 29-май, 2019-жыл.

Түркия аскердик операция жүргүзүп жаткан Сириянын түндүгүндө «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушкан туткундар жана жихадчылардын үй-бүлөлөрү кармалып келет.

Салгылашуулар күч алганы күрддөр алардын карамагындагы лагерлерди кайтаруу кыйындаганын айтышууда. Ал лагерлерде бир топ борбор азиялыктар да кармалып келатат. Чек арада башталган уруш алардын абалын да, кайтаруу иштерин да кыйынчылыкка учуратты.

Түрк аскерлери Сириянын ичкери аймагына жылган сайын салгылашуулар күч алып, «Ислам мамлекети» террордук уюму талкалангандан кийин кармалган туткундар жайгаштырылган лагерлерге жетиш кыйын болуп калды.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматы Сириянын түндүк бөлүгүндөгү лагерлерде баш калкалаган тажикстандык кыз-келиндер менен байланышты. Рождогу лагерде эки баласы менен жашап келаткан Гүлнора Орифованын айтымында, аны менен кошо 30дай тажик аял менен балдар отурат.

- Төрт күндөн бери жолдор жабык, тамак-аш алып келбей калышты. Дүкөндөр бош турат. Ушинтип улана берсе, 3-4 күндөн кийин ачка калабыз. Бүгүн түн ичинде чатырлардын жанында бир нече жарылуу болду. Дүрмөттөр жарылган сайын чатырлар кадимкидей титиреп кетет, - деди ал.

«Сириянын демократиялык күчтөрү» өзбекстандык аялдар менен балдарды өзбек бийлигине өткөрүп берүүдө. 29-май, 2019-жыл.
«Сириянын демократиялык күчтөрү» өзбекстандык аялдар менен балдарды өзбек бийлигине өткөрүп берүүдө. 29-май, 2019-жыл.

Гүлнора 5 жыл илгери күйөөсү менен Сирияга кеткен. Жолдошу «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушкан. Ал топ талкалангандан кийин келин балдары менен күрд кошуундарынын лагерине туткунга түшүп калат. Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүндөгү ал жайларды күрд аскерлери кайтарышат.

Тажикстандык дагы бир келин Марьям да «Азаттык» радиосунун тажик кызматына «жолдор жабылганын, азык-түлүк аз калганын», мурда жакындары тамак-аш сатып алчудай акча салып турушканын, бирок азыр акча которуу жайлары да жабылганын жазды.

Сириянын түндгүндөгү эң чоң «Аль Хол» лагеринде абал мындан да өкүнүчтүү. Ал жерде мурдагы жихадчылардын жубайлары, жалпы жонунан 10 миңдей киши кармалат. Арасында тажик жарандары да бар.

Өзүн Фаришта деп тааныштырган тажикстандык аял гуманитардык уюмдар жардам беришпесе, алар ооруларга, ачарчылыкка туш болушарын айтат.

Тажик бийлиги сөз болгон лагерлердеги жарандарын мекенине алып келүү планынын үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Өкмөттөгү булак тажик кызматына билдиргендей, аялдардын биринчи бөлүгү эң жакын арада үчүнчү өлкөгө чыгарылып, ал жактан Тажикстанга жеткирилмек. Бирок түрктөрдүн жортуулу башталып калып, ушу тапта аларды кайтаруу мүмкүн болбой калды, тажик дипломаттарга Сирияга барбай турууга кеңеш берилди.

«Аль Хол» лагери. Сирия, 31-март, 2019-жыл.
«Аль Хол» лагери. Сирия, 31-март, 2019-жыл.

Кыргызстан да Сирия менен Ирактагы согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан өз жарандарын алып келүү процессин баштап, атайын топ түзүлгөн.

Чүй облусунун тургуну бир нече айдан бери Интернеттен азгырылып Сирияга кеткен кыздарын, аларды издеп Жакынкы Чыгышка жөнөгөн жубайын кайтарууга жардам берүүнү бийликтен суранып келатат. Рамаз Рыскулов дагы бир нече ата-эне менен байланышып турганын, Түркиянын операциясы башталгандан бери жакындарынын абалы оорлошконун айтты:

Биз балдарыбызга «ошол жерде отургула, чыкпагыла, күрддөр качышса түрктөрдүн колуна түшкүлө» деп атабыз.


- Кээ бир ата-энелер бөлүшкөн соңку маалымат боюнча «Айн Иса» лагерин түрктөр басып алышты, күрд күзөтчүлөр качып кетишти. Кыздар туш-тушка чачырап, башаламан болуп жатышыптыр. Менин балдарым «Рож» лагеринде отурушат. Лагердегилер паника түшүп жатышыптыр. Ал жайларды күрддөр кайтарышат эмеспи. Алар болсо түрктөр жакындаган сайын качып жатышат дешет. Азык-түлүк тартыш боло баштаптыр. Анан «Сириянын Ракка шаарына алып кетебиз» деп атышыптыр. Биздин жарандар «барбайбыз» деп атышат. Анткени ал жактан алып чыгуу ого бетер татаал болуп калат. Биз балдарыбызга «ошол жерде отургула, чыкпагыла, күрддөр качышса түрктөрдүн колуна түшкүлө» деп атабыз. Себеби Түркиядан алып келиш жеңил да. Кыргыз бийлиги аларды кайтаруу иштерин баштаган, атайын топ түзүлгөн. Бирок эми кандай болот, билбейм. Биздин санагыбызда, ал жактагы 3 лагерде кыргызстандык 100дөй аял отурат. Бардыгынын кеминде 2-3төн баласы бар. Ошондо баш-аягы кыргызстандык 400дөй киши бар болсо керек.

Расмий маалыматка караганда, 2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулган, 200гө жакыны каза болгон. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.

Май айынын этегинде Ташкент Сириядан 156 аял менен баланы кайтарып келген. Сентябрдын аягында Өзбекстан Сирия менен Ирактагы 235 жаранын алып келеерин билдирген. Бир жумадай мурун Ирактагы өзбекстандык 64 бала мекенине кайтарылды.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Сириянын түндүгүндөгү лагерлерде кармалган аялдар менен байланышканда алар эки лагерде өзбекстандык 80дей кыз-келин, 200дөн көп бала бар экенин билдирди. Дагы бир лагерде канча өзбекстандык кармалганы белгисиз.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери ал жакка өлкөдөн 800 чамалуу адам кеткенин кабарлаган. «Жусан» операциясынын негизинде ал жактан 516 казакстандык кайтарылган, көпчүлүгү балдар.

«Азаттык» Түркиянын аскердик операциясы жүрүп жаткан аймактагы лагерлерде кармалган кыргызстандыктардын тагдыры боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга аракеттенип жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG