Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:14

Түркия Сириядагы чабуулун убактылуу токтотту


Түркиянын аскердик операциясынан качкан сириялыктар. Бардараш лагери, 17-октябрь, 2019-жыл.
Түркиянын аскердик операциясынан качкан сириялыктар. Бардараш лагери, 17-октябрь, 2019-жыл.

АКШнын арачылыгы менен Түркия Сириядагы ок атышууну токтото турууга көнгөнү тууралуу билдирүүлөргө карабай, жума күнү чек арадагы Рас аль-Айн шаары ракеталардан аткыланганы кабарланды.

Вашингтондон барган делегациянын жетекчиси вице-президент Майк Пенс жана мамлекеттик катчы Майк Помпео 17-октябрда президент Режеп Тайып Эрдоган менен бир нече сааттык сүйлөшүүдөн кийин Сириянын түндүк-чыгышындагы ок атышуу токтоорун билдиришти.

Майк Пенс түрк президенти менен кездешүүдөн кийинки басма сөз жыйынында. Анкра, 17-октябрь, 2019-жыл.
Майк Пенс түрк президенти менен кездешүүдөн кийинки басма сөз жыйынында. Анкра, 17-октябрь, 2019-жыл.

- Түрк тарап «Тынчтык булагы» операциясын убактылуу токтотуп, күрд кошуундарына «кооптуу зонадан» чегиниш үчүн 120 саат берет. Бардык аскердик аракеттер ошол мөөнөттө токтоп турат, ал эми күрддөр чегингенден кийин «Тынчтык булагы» операциясы толугу менен аяктайт, - деди Пенс.

Бирок кийинчирек түрк тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу аскердик аракет толук токтобогонун, Анкара тыныгуу гана жарыялап жатканын тактай кетти:

- Биз күрд кошуундарына коопсуз тилкеден чегинүүгө шарт түзүш үчүн 120 саатка операцияны токтотобуз. Бул аскердик аракеттерди толугу менен токтоттук дегенди билдирбейт. Ок атышууга чекит коюуга эки легитимдүү тараптын макулдашуусу менен гана жетишилет. Операциянын бутасы болгон террордук топтордун «коопсуз зонадан» кетүүсүнө убакыт бериш үчүн тыныгуу жарыялайбыз.

Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт Брайндын жолугушуусу. 17-октябрь, 2019-жыл.
Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт Брайндын жолугушуусу. 17-октябрь, 2019-жыл.

Күрд кошуундары баштаган «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» командачысы Мазлун Абди күрд телеканалына берген интервьюда ок атышпоого баш ийүүгө даяр экенин айтты.

Ошол эле учурда «Сирия обсерваториясы» укук коргоо уюму жалпысынан абал 17-октябрдын кечинен бери салыштырмалуу тынчыганын маалымдады.

Жума күнү президент Эрдоган Сириянын түндүк-чыгышында кармаштар жүрбөгөнүн билдирди.

Сириянын Рас ал-Айн шаары. 17-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын Рас ал-Айн шаары. 17-октябрь, 2019-жыл.

Анкара кошуна өлкөнүн түндүгүндөгү операцияны баштап жатканда чек арадан 30 чакырым жерде, Сириянын аймагында сириялык качкындарды жайгаштырш үчүн буфердик тилке түзүүнү көздөгөнүн, ал аймактан күрд кошуундарын сүрүп чыгарууну максат кылганын билдирген. Түркия террорчу деп санаган ал кошуундар баштаган «Сириянын демократиялык күчтөрү» «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы урушта АКШнын өнөктөштөрү болчу.

Операциянын алдында президент Дональд Трамп күтүүсүздөн Сириянын түндүгүндөгү аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкен.Түрк аскерлерине жол ачкан президенттин бул кадамы АКШнын өзүндө катуу сынга кабылды. Жада калса Трамптын салттуу шериги, республикачыл-сенатор Линдси Грэм да буга чейинки жазалоочу чараларды өтө жумшак деп, Анкарага каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды. Бирок бул Пенстин санкцияларды жеңилдетүү тууралуу убадасына каршы келүүдө.

Сириялык күрддөр уруш зонасынан качып баратышат. Тал Тамр шаарынын жака-бели. 16-октябрь, 2019-жыл.
Сириялык күрддөр уруш зонасынан качып баратышат. Тал Тамр шаарынын жака-бели. 16-октябрь, 2019-жыл.

Америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин күрддөр түрк арскерлерине туруштук бериш үчүн Дамаск жана Москва менен келишүүгө мажбур болушту.

Түркиянын аскердик жортуулу Сириядагы жаңы гуманитардык кризиске да алып келди. 200 миңдей киши салгылашуулардан качып, жер которууга аргасыз болду. Андан тышкары күрддөр кайтарган түрмөлөр менен лагерлерден «Ислам мамлекети» террордук уюмунун миңдеген согушкери качып кетиши мүмкүн деген коркунуч жаралды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG