"Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти.
Быйыл университеттердеги тоо-кен, металлургия, машина куруу сыяктуу техникалык адистиктер толбой калган.
Бюджеттик орундарга 26 миңден ашуун абитуриент катышып, алардын 4420сы жогорку окуу жайларга кабыл алынды.
Бурмачач Томоева беш жылдан бери Италиянын Милан шаарында жашайт.
Кыргыз-өзбек жаштарынын учурдагы өз ара мамилеси кандай? “Азаттык+” бул суроого Ош шаарынан жооп издеди.
Каргашалуу Ош коогалаңына жети жылдын жүзү болду. Бүгүн кыргыз-өзбек жаштарынын өз ара мамилеси кандай? Түбү бир тамырлаш эки элдин толук кандуу жуурулушуп кетүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык плюс” Ош шаарынан жооп издеди.
"Азаттык+" бул жолу жаштардын экстремисттик уюмдарга азгырылышы тууралуу кеп кылат.
Акыркы учурда Кыргызстанда жаштар эмне үчүн экстремисттик - террористтик уюмдарга азгырылып жатат? Өз элин таштап, бөтөн жердеги согушка кимдер аттанган? Аларды кандай максат жана күч жетелейт? Бул көйгөйдү кандай аракет токтото алат?
10-июлдан баштап өлкөнүн бардык мамлекеттик жогорку окуу жайлары абитуриенттердин талондорун кабыл ала башташты. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча баллы босого чектен өткөн бардык бүтүрүүчүлөр тандоого катыша алышат.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку упай алып, “Алтын сертификатка” ээ болгон 55 бүтүрүүчүнүн 45и Бишкектеги орто мектептерден. Быйыл Ысык-Көл, Баткен, Талас облустарынын бүтүрүүчүлөрүнүн көрсөткүчү төмөн болуп, “Алтын сертификатка” ээ болушкан жок. "Азаттык плюс" бул берүүдө а
“Азаттык плюс” бул жолу тест тапшыруунун оош-кыйышын талкуулады.
Кочкор жергеси Кыргызстанды кыдырган туристтердин убактылуу конуш жайына айланды.
"Азаттык плюстун" кабарчылары бул жолу салкын желдүү Кочкор жергесине сапар алды. Дүйнөнүн чар тарабына таанылган эң арзан ашкана, кадимки чүкөнү улуттук брендге айландыргысы келген мектеп мугалими, жайлоодогу бала бакча жана башка толгон кызыктарды баяндап беребиз.
Өткөн аптада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясына практикага барган студенттердин палас жууп жаткандагы сүрөттөрү кызуу талкууну жаратты.
“Азаттык плюс” бул жолу студенттердин кесиптик даярдыгы тууралуу сөз кылды.
Элетте жашап эле туризм тармагын колго алып, айылынын өнүгүүсүнө салым кошкон жаштар арбын.
Туризм тармагын колго алган жаштар айыл жергесинде да, шаарда да туристтерди кызыктырган конок үйлөрүн, хостелдерди куруп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жатышат.
Бишкек шаар бийлиги жолдорду кеңейтүү үчүн көчөнүн жээгиндеги бак-дарактарды кыя баштады.
Бишкекте шаар бийлиги жолдорду кеңейтүү үчүн көчөнүн жээгиндеги бак-дарактарды кыя баштады. Буга жергиликтүү тургундар, активисттер нааразылык билдиришүүдө. Борбор калаанын жашыл көркүнө залал келтирбестен Бишкекти жашоого ыңгайлуу, кооз шаарга айландыруу мүмкүнбү?
Алгач Кытайда пайда болгон менталдык арифметика окутуу ыкмасы дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө окутулуп келет. Эсеп чыгаруунун бул ыкмасы боюнча Бишкекте 29-майда олимпиада болуп өттү.Таймашка Өзбекстандан жана өлкөнүн алыскы аймактарынан келген төрт жаштан он алты жашка чейинки 200дөн ашуун өспүрүм к
Кыргызстанда издөөдө жүрүп табылгандардын 83 пайызын өспүрүмдөр түзөт.
Дагы жүктөңүз