Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Бурмачач: Италиялыктар кыргыздарга окшош


Бурмачач Томоева беш жылдан бери Италиянын Милан шаарында жашайт.

Бурмачач ушу тапта Италиядагы жогорку окуу жайлардын бирине магистратурага тапшырууга даярданып жатат. Моданын чордону болгон Милан шаарына ал көр турмуштун айынан келген.

"Кыргызстанда эл аралык университетте окучумун. Ошол кезде атам кайтыш болуп калды. Үйдүн улуу кызы болгондуктан апама, бир туугандарыма каражат жактан колдоо көрсөтүшүм керек эле.

Кесибим боюнча англис тилинен котормочумун. Тил билгендер кыйналбайт дегенден кийин чет өлкөгө барып иштеп келүүнү чечтим. Тааныштарым аркылуу жолун таап, жөнөп кеттим.

Тилекке каршы дароо эле жумуш таба алган жокмун. Себеби бул жакта ишке орношуу үчүн итальян тилин билүү керек экен. Кыйналдым. Ошентип мени чакырган адам эмес, башка эле адамдын жардамы тийди. Бала багып, үй кызматчы болуп иштеп жүрдүм".

Жан дүйнө искусствону талап кылганда...

Каарманыбыз учурда мейманканада келген адамдарды каттоочу болуп иштейт. Миландагы жашоо мурдагыдай кыйын болбой калганын айтып отурду.

"Милан шаарында жашоо жаштар үчүн абдан ыңгайлуу. Ар кандай эс алуучу жайлар, ашкана, жаратылышы жана театрлары, көз жоосун алган байыркы архитектурасы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Маданий иш-чаралар тынбай өтөт. Жан дүйнөм искусствого жакын болгондуктан айына бир жолу спекталдерге, музейлерге жана ар кандай тарыхый жерлерге барып турам.

Бурмачач (солдо) Миланда
Бурмачач (солдо) Миланда

Моданын чордону катары саналган бул атактуу шаарга кийим-кече алуу үчүн келген дүйнө жылдыздарын көчөдөн кезиктирүү кадыресе көрүнүш. Италиялыктар абдан кичипейил, шайыр жана меймандос келет. Ишке, айтылган жерге кечигип келгенин кыргыздарга аябай окшоштурам".

Бурмачач учурда Италиядагы “Көчмөн” фондун жетектейт. Фонд ар кандай иш-чараларга, концертке же жөн гана саякаттоого келген мекендештерге көмөк көрсөтөт.

"Бул жакка келгенде эч кандай уюм жок болчу. 2015-жылы “Көчмөн” фондунун негиздөөчүсү Улан Үсөйүн жетекчи мени кылып шайлаган. Бул иш менин жашоомду жаңы багытка бурду. Бул жакка келген көптөгөн белгилүү, ишмер жана саякаттаган мекендештерибиз менен жакындан таанышып, бир дасторкон үстүндө даам сызууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Таң аткыча алар менен сырдашканда Кыргызстанга барып келгендей болом".

Кыргыз бийи ажарын ачкан кечелер

Бурмачачтын айтымында, учурда Миланда болжол менен 60-70тей кыргызстандык жашайт. Мекендештер майрам күндөрү чогулуп, чер жазууну салтка айландырышкан.

"Бир жолу кыргыз бийин бийлөөнү сунуштадым. Өз жериңде бийлөө менен бөтөн жерде өнөр тартуулоонун айырмасы асман менен жердей. Алгач курбу кызым, сиңдим болуп үчөөбүз чыктык. Коноктор кол чаап жакшы кабыл алды. Ал жакта жүргөн кыргыз эжелер рахмат айтып, ыраазы болгону эсимен кетпейт.

Кыргызстандык ырчылар менен
Кыргызстандык ырчылар менен

Кийин улуттук кийим тиктирдик, майрам сайын “Кара жоргону” бийлеп жүрөбүз. Коомдук иш-чараларга катышууну аябай жактырам. Итальян тилин үйрөнүп жаткан борбордо Египеттен, Түштүк Америкадан, Кореядан келген балдар да окуйт. Алар менен бирге мугалимдерибизге бийлеп бердик. Кече кыргыз бийи менен башталып, башка элдердин бийи менен уланды".

Бурмачач бийлеп, итальян тилин үйрөнүп эле тим болбостон чет элдиктерге кыргыз маданиятын таанытууну самайт. Анын жардамы менен италиялык жигит Бишкекке келип, комуз чертүүнү үйрөнүп кеткенин айтып берди:

"Миланда өткөн маданий-иш чараларга үзбөй барууга тырышам. Миланда өткөн “Экспо-2015” көргөзмөсүндө Симонэ Мор деген италиялык жигит менен таанышып калдым. Кесиби боюнча музыкант экен. Бир канча аспапта кол ойноторун айтты. Атасы болсо ар кандай музыкалык аспаптарды жасаган уста экен. Биздин комузду интернеттен карап эле жасап коюптур. Симонэ болсо аны кантип чертишти билбей маалымат чогултуп жүрүптүр. Бул кабар мен үчүн күтүүсүз болду. Ага жардам бергим келди.

Ошентип Симонэ өткөн жылы Кыргызстанга барып Дилшат Кангелдиева баштаган өнөрпоз инсандардан сабак алып келди. Музыкант болгону үчүнбү комузда кол ойнотконду бат эле үйрөнүп алды.

Бурмачач Симонэ Мор менен
Бурмачач Симонэ Мор менен

Быйыл Нооруз майрамында кыргыздар чогулган жерге үй-бүлөсү менен келип, комуз чертип берди. Жетине албай колдоп отурдук. Алыста жүргөндө башка улуттун өкүлү келип, сенин жердештериңди кубантып жатса, мындан артык эмне керек дейт экенсиң. Азыр байма-бай катташып турабыз. Италияда Борбор Азиянын маданиятына кызыккандар арбын. Ошол себептүү Симонэнин шаарында чакан концерт берсекпи деп жатабыз".

Туулан жердин топурагы алтын демекчи Бурмачач да мекенге кайтып келүүнү самайт. Алдыга койгон пландары бар. Ал Кыргызстан менен Италиянын мамилесин чыңдаган дипломат болууну самайт.

"Бул жакта жүргөндө итальян тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүүнү чечтим. Азыр жумуштан кийин тил үйрөткөн курска барам. Келерки жылы эл аралык мамилелер боюнча магистратурага тапшырып, дипломат болсом дейм. Эки өлкөнүн ортосуна көпүрө болуп, өлкөбүздүн маданиятына салым кошкум келет".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG