Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Жоголгон балдар - өчпөгөн үмүт


ИИМдин маалыматы боюнча ушу тапта дайынсыз жоголгон 39 бала изделип жатат.

Алардын 12си кыз, 27си эркек бала. 2017-жылдын төрт айында ички иштер бөлүмдөрүнө 345 жашы жете элек бала жоголгондугу боюнча арыз түшкөн. Алардын ичинен 96 бала үч күн ичинде табылган.

Жалпы издөөдө жүрүп табылгандардын 83 пайызын өспүрүмдөр түзөт. Буга эмне себеп? Ата-энелер балдарды коргоого жоопкерчиликтүү мамиле жасабай жатабы же коомдо балдардын коопсуздугуна кайдыгерлик күчтүүбү? “Азаттык+” бүгүн дайынсыз жоголгон же үйдөн качкан өспүрүмдөрдүн тагдырына кайрылат.

Мындан жети жыл мурда Бакыт Эгембердиев Нарын шаарында эки баласын бирдей жоготуп, зар какшап калган. Жоголгондордун улуусу Диана алты жарым жашта, Акбар төрт жарым жашта болчу. Күйүткө чыдабаган ата-эненин издебеген жери, какпаган эшиги калган эмес. Эки ай өткөндөн кийин аймактык милиция кызматкери "балдарыңыз табылбай калды, ишти жабууга кол коюп бериңиз" деп суранып келип, томсоруп турган ата-эненин күйүтүнө күйүт кошот.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

- Бала жоготту деген ушундай бир оор кайгы болот экен, душманыңа да каалабайсың. Бул узакка созулган, өчпөгөн кайгы. Кыйналып, айлаң кеткенде, кудай анын бетин ары кылсын, жок дегенде сөөгүн таап алсам деп каласың. Өз колум менен жерге берсем, жеңилдеп калмакмын.

Баласынан күтүүсүз жерден тирүүлөй айрылган ата-энелер кыймыл түзүп, чүрпөлөрүн табууга тынбай аракет кылышат.

Ата-энеси аман-эсен туруп, эне мээриминен, ата насаатынан алыс жерде тарбиялангандар жок эмес. Уруш-талаш айынан үйүнөн качып, айлап үйүнө барбай жүргөн өспүрүмдөр Алексей Петрушевский жетектеген борбордо ондоп саналат. Петрушевскийдин ​айтымында, балдардын көбү бул жерге үйүндөгү кордуктан качып, тынчыраак жай издеп келишет.

-Үй-булө мүчөлөрү тарабынан ар кандай кысым көрсөтүлө баштаганда бала эптеп баш калкалоонун айласын издейт. Үйдөгүлөр аны басынтат, ичип алып ызы-чуу салат. Андай учурда сабап, зордуктап да салышы мүмкүн. Анан үйгө караганда көчөдө кулак-мурун тынчыраак болуп жатпайбы. Көчөдө жүрүп коргонуу ыңгайлуудай сезилет. Антейин десең азыр түн ичинде көчөлөп жүрүү да өтө кооптуу.

Таптырбай кеткен балдардын арасында ата-энесине таарынып же алардын жемесинен атайылап качкандар да жок эмес. Максим үй-бүлөсүндөгү ошондой келишпестик айынан кетүүгө аргасыз болгон.

- Апам мен тогуз жашка чыккандан тарта иче баштады. Мас болуп келгенде көпкө чейин чыдап жүрдүм. Ал ичип алганда чоң энемдикине барчумун. Кийин ал дагы Орусияга кетип калды. Чоң энем кеткенден кийин барар жерим жок көчөдө, интернет клубдарда түнөп калдым.

Окуянын уландысын видеодон толук көрө аласыз
"Азаттык+": Дайынсыз жоголгон балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG