Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Ош: ынтымак мамлекеттин тамыры


Иллюстрация
Иллюстрация

Каргашалуу Ош коогалаңына жети жылдын жүзү болду. Бүгүн кыргыз-өзбек жаштарынын өз ара мамилеси кандай? Түбү бир тамырлаш эки элдин толук кандуу жуурулушуп кетүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык плюс” Ош шаарынан жооп издеди.

2010-жылкы июнь окуяларынан кийин өзбек-кыргыз алакаларынын бекемдөө боюнча президенттин колдоосунда мамлекеттин улуттар аралык атайын концепциясы иштелип чыккан. Ага ылайык, атайын адистер, илимпоздор жана жергиликтүү бийлик органдары менен ар кандай иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Демилге канчалык деңгээлде ишке ашып, эки улуттун биримдигине кандай таасир берип жаткандыгын билүү үчүн Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовго суроо салдык:

- Эки элдин баары биригип, бир жашап калды дегенден алысмын. Дагы деле чечиле элек көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жаштар менен көбүрөөк иштешүүдө. Маселен, терроризмдин алдын алуу үчүн изилдөөчү, окумуштуу жана атайын адитер менен биргелешип илимий конференцияларды уюштуруп жатабыз. Бирок муну менен көйгөй чечилбейт. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдары менен иштешип жатабыз.

Кыргыз-өзбек жаштары бармактайынан жанаша окуп, билим алуусуна Ош шаарындагы өзбек диаспорасы өзгөчө кызыкдар.

Мындан улам өзбек диаспорасы жалпы республикалык тестирлөөгө атайын программанын негизинде даярдап келет. Бирок өзбек диаспорасынын жетекчиси Рашидхон Хаджаевдин айтымында, жети жыл мурда болгон июнь окуясы, Кыргыз-Өзбек университетинин, кафедрасынын жабылышы өзбек жаштарынын окууга болгон каалоосун басаңдаткан.

Кыргызстандагы өзбек жаштары билим алууга умтулбайт. Анткени “Окуганым менен каерге барып иштейм?” деген суроого жооп таба албайт деген пикирлер коомдо орноп калган эле. Бирок өзбек мектебинин директору Алишер Якубов бүгүн махалаларда мурдагыга салыштырмалуу балдарын мектепке бербеген көрүнүш жоголуп баратат деген пикирде.

Кыргыздардын арасында кыргызмын, өзбектердин арасында өзбекмин деген ойду тутунган Исламды киндик каны тамган жери үчүн күйгөн чыныгы мекенчил жигит дегенден башка сыпаттоо кыйын. Элим үчүн кызмат кылсам деп айылдык кеңешке депутаттыкка да аттанган. Бугүнкү жаштардын көйгөйү, коомдогу орду ал үчүн эң маанилүү маселе. Учурда Ислам Ахмедов өзү жаш экенине карабай, аракетинин арты менен өзбек жаштары үчүн жол көрсөтүүчү, акыл кошчу адамдардан.

Кыргыздын үч кыл комузунда, өзбектин эки кыл дүтарында кол ойнотууга жаңыдан киришкен Одина Аббасова эки элдин маданиятын бирдей алып жүрүүгө, элге жайылтууга жан үрөп келген чыгармачыл инсан. Кыргызча түш жоруган Одина Бабур театрында эки тилде бирдей оюн көрсөтөт. Элди маданиятка сугаруу максаты менен талыкпастан 12 жылдан бери эмгектенип келет. Жакында эле Одина Аббасованын өзбек ырчысы Машхурбек Раимжановдун эки элдин достугун бекемдеген кыргыз-өзбек тилиндеги "Достук" ыры интернетте топ жарып, жалаң жылуу пикирлерди калтырды. Ал эми ырдын сөзүн өзбекчеден кыргызчага Одина өзү которгон.

Ош: беш манжа бөлөк, билек бир
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:31 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG