Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Туристтерге жаккан кең Кочкор


Тогуз тоонун тоомунда жайгашкан Кочкор жергеси Кыргызстанды кыдырган туристтердин убактылуу конуш жайына айланды.

"Азаттык+" бул жолу өлкөнү картөшкө менен камсыз кылган аймактын уникалдуу адамдары менен таанышып, алардын жашоосун чагылдырып келди.

Кочкорго келген конок алгач эле борбордук көчөдө жайгашкан “БНБ” кафесине баш багат. Анткени бул жайдын атагы алыска тарап, чет элдик туристтердин картасында өзгөчөлөнүп белгиленген.

Тамшандырган тамагы бир эсе, таң калтырган арзан баасы бир эсе болуп конокторду өзүнө тартып турат. Борбор шаардагы орто кафелердин биринде эки адам тамактанган акчага бул ашканада сегиз адам курсагын кенен кампайтат.

Кафенин кожойкеси Батма баалар туурасында буларга токтолду:

- Азык-түлүктүн баарын жергиликтүү дыйкандардан келишим баада алабыз. Баасын кафе ачылгандан бери көтөрө элекпиз. Мисалы, кымбатыраак баага төрт үстөлдү тейлегендин ордуна азыраак акчага сегиз үстөлдү тейлесек өзүбүз эле утабыз. Ошондуктан кардарларыбызды качырбай кармап келсек керек.

Кафедеги арзан баадан шексинип, күмөн санап келгендер да жок эмес. Батма айымдын айтымында, андайларга эшиги ачык. Анткени жашырып же күмөн жарата турган эч нерсе жок.

Кочкор көз жоосун алган жаратылышка, кенен жайыттарга бай. Тургундар мал кармап тиричилик өткөргөндүктөн жайлоого көчүп кетишет. Жайлоолоп чыккан малчылардын балдары жайкы каникулдагы бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн жайлоо бала бакчалары уюштурулган.

Мында чыт курсактар окуганга, жазганга үйрөнүп, мектепке даяр болуп чыгышат. Бала-чакаларын мындай өнүктүрүү борборлоруна алып келген ата-энелер да четте карап тура албай, тарбиячыларга кол кабыш кылат.

Коңшу колоттон неберелерин күн сайын унаа менен ташыган Карып Хуснилинов балдардын акыл-эсин өстүрүү үчүн шахматты үйрөтсө, байбичеси Коенбүбү апа жеткинчектерге улуттук бийлерди үйрөтөт.

Кочкорго сапар маалында тартылган видеону сунуштайбыз:

"Азаттык+": меймандос Кочкор
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:04 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG