Менталдык арифметика мээни өстүрөбү?
Алгач Кытайда пайда болгон менталдык арифметика окутуу ыкмасы дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө окутулуп келет. Эсеп чыгаруунун бул ыкмасы боюнча Бишкекте 29-майда олимпиада болуп өттү.Таймашка Өзбекстандан жана өлкөнүн алыскы аймактарынан келген төрт жаштан он алты жашка чейинки 200дөн ашуун өспүрүм катышты. Кыргызстанда окутуунун бул ыкмасы 2015-жылдан баштап колдонулуп келет.