Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

"Жыйнаган оокат күлгө айланды". Чек арадагы жаңжалдын чыгымы

16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Достук" базары дээрлик толугу менен өрттөнгөн.
16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Достук" базары дээрлик толугу менен өрттөнгөн.

Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынын материалдык чыгымдары такталууда. Чабуулга туш болгон айылдарда тургундардын жай бою чогулткан азык-түлүгү, мал-жандыктары жана ишкерлердин миллиондогон сомдук товарлары таланып-тонолду.

Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. Ошондой эле 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

"Үйлөр 2-3 айда курулат"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштери башталганын билдирди.

Асан Сулайманов
Асан Сулайманов

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч-каражатын, атайын техникасын тартуу менен жабыркаган турак-үйлөрдү, алардын ичин тазалоо, жаңы курулуш куруу үчүн аймактарын тазалап берүүгө техника тартканбыз. Бүгүнкү күндө техникабыз эртең менен чыгып, жерине жетип, азыркы учурда Ак-Сай айыл аймагында эки тайпа жана Лейлек районуна эки тайпа бөлүнүп, тазалоо иштери жүргүзүлүп баштады. Мындайча айтканда, турак жайдын ордун жаңысын курууга даярдап беребиз".

Расмий маалыматтарда айтылгандай, курула турган үйлөр 100 чарчы метрден жогору болот жана аларды 2-3 айда куруп бүтүрүү аракети көрүлүп жатат.

Каргашалуу күндөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары там-ташын, мал-жандыктарын таштап жапырт тоо таянып качкан. Арка айылынын тургуну Феруза Абдуллаева кайтып келгенден кийин мал-мүлкүн жер сыйпалап таппай калганын айтып берүүдө.

"Жума күнү эрте менен туруп, күнүмдүк ишибизди баштап, эч нерседен кабарсыз, бейгам отурсак эле "качкыла, тажиктер кол салды" деп шашылыш кабар келип калды. Эч нерсеге карабай айылдын жогору жагындагы дамбага, андан ары Маргунга карай качып жөнөдүк. Ошол күнү Арканы кара туман каптады. Тажиктер көп үйлөрдү өрттөптүр, соо калганын талап-тоноп кетишиптир. Биздин үйдү өрттөбөптүр, бирок дээрлик эч нерсе калтырбай тоноп кеткен. Байлоодогу уйларыбыз, короодогу койлорубуз жок - уурдап кетишиптир. Үйдөгү эмеректерим, идиш-аяктарым бүт талкаланган. Баалуу буюмдарыбыз менен кийимдерибизге чейин алып кетишиптир. Жазы бою тырмалаңдап жыйнаган өрүгүбүздү ошол бойдон алып кетиптир. Бала-бакырабыз менен кышкыга даярдаган камылгабызды ушинтип тажиктер алып кетти. Азыр кыйын күндө турабыз".

Бул арада чек ара чырынан жабыр тарткан ишкерлер мамлекеттен жарытылуу жардам болоор бекен деп бүшүркөп турушат.

Лейлек районунун Интернационал айылында дарыкана жана кийим дүкөнүн иштеткен жеке ишкер Эсентур Акбаров дүкөнү өрттөлүп, товарынан куржалак калган.

Эсентур Акбаров
Эсентур Акбаров

"Менин дарыканам жана кийим-кече саткан дүкөнүм бар болчу. Чоң имарат да өзүмдүкү болчу, үстү ашкана болчу, аны ижарага берген элем. Жаңы ремонт кылып, дарыкананы да жаңы эле баштаган болчумун, алты ай болгон эле. Дарыканамда эми миллиондон ашык товар бар болчу. Аны да, жабдыктарды, компьютерлерди да уурдап кетиптир. Бүт баарын тоноп туруп, имаратты ошол бойдон өрттөп салган. Ачыгын айтканда 5-6 миллиондой жабыр тарттым. Жаңы-Жерде да ишкердик кылам, мурун апрель окуясы болгондо ал жакта да жабыр тарткам. Анда мамлекет 200 миңден эле ссуда берген. Дагы ошондой болуп калабы деп кечээ министр келгенде "биз ишкерлер салык төгүп жаткандан кийин жакшы жардам көрсөткүлө" деп айттым".

"Мал-жандыкты айдап, үйлөрдү тоноп кетишкен"

Ал эми Интернационал айылынын дагы бир ишкери Замирбек Саттаров жаңы эле алып келген турмуш-тиричилик техникаларын талап-тоноп кетишкенин айтат.

"Менин дүкөнүм Интернационал айылында. Биздикин өрттөгөн эмес, бирок тоноп кеткен. Ичинде телефондор бар эле, 60% алып чыгып кетишкен. Телефон, муздаткыч, кир жуугуч машина сыяктуу турмуш-тиричилик техникалары болчу. Биздин чыгым 6-7 миллион сомдой болуп калат, ошондой эсеп чыгарып отурабыз. 3-4 күн мурун эле товар келген болчу. Бул жакта айылдан малдарын айдап кетишкен. Алар согушту эрте менен эле баштагандыктан адамдар качып чыгып кетишкен. Эч калбай калганын билип, биринчи аскерлери чыккан, андан кийин жарандары чыгып тоноп кетишкен. Баарынан да бир туугандарым аман-эсен, ошого шүгүр кылып эле отурабыз".

Чек арадагы кандуу кармаш: өрттөнгөн базар, күлгө айланган үйлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Баткен облусунда чек ара чыры башталган күндөрдөн баштап эле Кыргызстандын булуң-бурчунда жардамдын ар кандай түрлөрүн жана акчалай каражат чогултуу иштери жүрүп келет. Акыркы маалыматтар боюнча, чек ара чырынан жабыркаган Баткен тургундары үчүн ачылган атайын эсепке 270 млн. сомдон ашуун каражат чогулган.

Баткен шаардык кеңешинин депутаты Санжар Абдинаби уулу мал-мүлкүнөн ажырап калган тургундар каражат издеп кайра эле миграцияга кетишет дейт.

Санжар Абдинаби уулу
Санжар Абдинаби уулу

"Мал, турмуш-тиричилик техникасы, төшөнчү, өрүк сыяктууларды бүт алып кетишти. Керек болсо үйүндөгү телевизор, муздаткыч, келиндердин септеринен бери бүт алып чыгып кетишкен. Кээ бир үйлөрдө жайы бою жыйналган өрүктөр бар, бизде негизги киреше өрүк да, ошол өрүктөрдү каптары менен унаага жүктөп кеткен учурлар болуптур. Баткен районунун Достук, Капчыгай, Ак-Сай айылдарында ишкерлердин мүлкү тыйпыл болду. Эми алардын көбү миграцияга кетишет. Тоок ферманы айтып атышпайбы, аны таанычубуз. Анын жумурткалары Баткен району эле эмес, жалпы облустун аймагына чейин кетчү. Отуз миң тоогу болсо керек эле, бир күндө 26-28 миң жумуртка өндүрчү, ондой киши иштечү. Эми ошонун баары нөл болду".

Жергиликтүү депутаттын билдиришинче, чек ара айылдарындагы үй-жайы талкалангандар үчүн турак-жайлар курулуп бүткөнчө Баткен шаарында жүздөй үй-бүлөнү убактылуу жайгаштырып туруу маселеси каралууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлагандай, Баткен облусун социалдык камсыздоо үчүн бюджеттен 1 млрд. 800 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү. Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн чакан ишкердиктерди уюштурууга 25 млн. сом каралган.

Өкмөт азырынча чек ара жаңжалынан жабыр тарткан ишкерлер менен киреше булагынан айрылган тургундарды колдоого алуу боюнча иш-аракеттер программасын жарыялай элек.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Жаңжалдан бүлүнгөн Ак-Сай

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б. Хожаев мектеби кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толугу менен өрттөнгөн.
1/26 Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б. Хожаев мектеби кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толугу менен өрттөнгөн.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Өрттөнгөн мектептин сырткы көрүнүшү.
2/26 Өрттөнгөн мектептин сырткы көрүнүшү.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
3/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат.
4/26 Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, короосунун дубалы кулаган үй.
5/26 Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, короосунун дубалы кулаган үй.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
6/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Жол боюнда өрттөлгөн унаа.
7/26 Жол боюнда өрттөлгөн унаа.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
8/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Б. Хожаев атындагы орто мектептин короосуна түшкөн жардыргыч зат. Баткен районунун Ак-Сай айылы
9/26 Б. Хожаев атындагы орто мектептин короосуна түшкөн жардыргыч зат. Баткен районунун Ак-Сай айылы
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
10/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги 16-сентябрда Баткен районундагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери жардырганын билдирген. Тажик тарап бул боюнча комментарий бере элек. 20-сентябрда көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, каттам жанданганы кабарланды.
11/26 Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги 16-сентябрда Баткен районундагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери жардырганын билдирген. Тажик тарап бул боюнча комментарий бере элек. 20-сентябрда көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, каттам жанданганы кабарланды.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
12/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Ак-Сай айылындагы жарылбай калган снаряд.
13/26 Ак-Сай айылындагы жарылбай калган снаряд.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
УКМК 20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштаганын, алар арылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандырарын билдирди.<br />
&nbsp;
14/26 УКМК 20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштаганын, алар арылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандырарын билдирди.
 
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Ак-Сай айылындагы атылган октордун гильзалары.
15/26 Ак-Сай айылындагы атылган октордун гильзалары.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Колдо жасалган жардыргыч каражаттын сүрөтү Ак-Сайдагы өрттөнгөн имараттарынын биринен тартылган.
16/26 Колдо жасалган жардыргыч каражаттын сүрөтү Ак-Сайдагы өрттөнгөн имараттарынын биринен тартылган.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Ак-Сайда күйүп кеткен унаа. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаевдин билдиришинче, түзүлгөн тогуз жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат.&nbsp;
17/26 Ак-Сайда күйүп кеткен унаа. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаевдин билдиришинче, түзүлгөн тогуз жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат. 
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
14-17-сентябрда куралдуу кагылышууда алдын ала эсеп боюнча Баткен облусунда 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жабыркаганы кабарланды.
18/26 14-17-сентябрда куралдуу кагылышууда алдын ала эсеп боюнча Баткен облусунда 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жабыркаганы кабарланды.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
19/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
20/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта элек. Буга байланыштуу мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
21/26 Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта элек. Буга байланыштуу мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
22/26
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.<br />
&nbsp;
23/26 Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.
 
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Ак-Сай айылынын тургуну.
24/26 Ак-Сай айылынын тургуну.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 183 адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.
25/26 Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 183 адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Ак-Сай кыргыз-тажик чек арасында, Тажикстандын Ворух анклавына жакын жерде жайгашкан.&nbsp;
26/26 Ак-Сай кыргыз-тажик чек арасында, Тажикстандын Ворух анклавына жакын жерде жайгашкан. 
Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн
Артка
Алдыга

Куржундар
XS
SM
MD
LG