Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

ДСУ Кыргызстанга кант диабетин аныктоочу фундус-камераларды берди


Фундус-камера менен текшерүү учуру.
Фундус-камера менен текшерүү учуру.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы менен Кыргызстанга мобилдүү фундус-камералар алынды.

Бул тууралуу Бишкекте 14-ноябрь - Кант диабетине каршы күрөшүү күнү белгиленген иш-чарада айтылды. Оорунун алдын алуу долбооруна катышкандардын бири, офтальмолог Анжела Миржалиеванын айтымында, Кыргызстанга келген төрт камеранын ар биринин баасы 6-8 миң доллар турат.

Камера менен иштөө үчүн 119 медайым жана 24 медициналык кызматкер атайын окутуудан өтүшкөн.

"Бул долбоор мурдагы постсоветтик аймакта Арменияда жана бизде гана иштеп жатат. Кыргызстанда көп райондордо көз догдурлар жетишпейт. Ошондой учурда медайым фундус-камера менен кыдырып, өзү эле диабеттик ретинопатияны аныктай алат. Кант диабети менен ооруган ар бир үчүнчү бейтапка бул диагноз коюлат, ал өтүшүп кетсе, адам көрбөй калат. Медайым кылган скрининг дароо дарыгердин ноутбугуна келип түшөт. Анын негизинде дарыгер кандай дарылоо керектигин чечет”, - деди Миржалиева.

Маалыматка караганда, бир стационардык фундус-камера Бишкектеги эндокринология борборуна жана Чүй облустук ооруканасына берилди. Калган экөө Аламүдүн районунда жана Токмок шаарына бөлүнөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк диабет фондунун бул долбоору үч жыл мурда башталган.

Адистердин айтымында, кант диабети денедеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат, мындан улам анын канында глюкозанын өлчөмү көбөйөт. Эгер убагында каттоого туруп дарыланбаса, дарттын кесепети оор болушу мүмкүн.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан 85 миңге жакын адам каттоого турат. (ST/KE)

Шерине

XS
SM
MD
LG