Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Жаш кыздын өлүмү, мас айдоочуга жазаны күчөтүү талабы


26 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочунун машинеси.
26 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочунун машинеси.

Бишкекте 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү бул үрөй учурган кырсыктан кийин мас абалында машине айдагандарга жазаны күчөтүү демилгеси көтөрүлүп жатат.

"Эки кесилиште тең кызылдан өтүп кетти..."

Патрулдук милициянын кызматкери Аскат Абдиев өлүм менен коштолгон жол кырсыгынын алгачкы күбөсү. Анын айтымында, 7-апрелде эртең менен "Субару Форестердин" айдоочусу Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен бир машинени сүзүп, андан качып бара жатып 26 жаштагы кызды тебелеп кеткен. Кыз оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам каза болду.

"Алгач Исанов көчөсүнө бурулам деп Opel үлгүсүндөгү машинени чийип алыптыр. Андан качып келе жатып кызды сүзүп, андан кийин тебелеп кетти. Биз ошол учурда протокол толтуруп жатканбыз. Бир кызматкер кызга жардам бергени калып, экөөбүз айдоочунун артынан кубалап кеттик", - деди Аскат Абдиев.

Инспектор "кырсык катталган күнү билим берүү мекемелери иштебей, көчөдө жөө адамдар аз болгону чоң абийир болду" дейт. Анткени, айдоочу кызды сүзгөндөн кийин Исанов көчөсү менен өйдө качып, Токтогул жана Москва көчөсүндөгү жол чырактарды карабай өтүп кеткен.

Аскат Абдиев.
Аскат Абдиев.

“Эки көчөдөн тең кызылдан өтүп кетти. Аябай катуу айдап бара жаткан. Акыры Бөкөнбаев көчөсүнө бурулам деп жатып башкарууну жоготуп алды. Жыйынтыгында көп кабаттуу үйдүн темир тосмосун сүзүп токтоду. Иш күндөрү Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде киши аябай көп болот. Анткени, ал жерде №70 мектеп жайгашкан. Айдоочунун документтери жанында жок болуп чыкты. Наркологиядан ичип алганы аныкталды”.

Кызды сүзүп кеткен айдоочу 27 жашта болгон. Тергөө абагына камалып, машинеси айып аянтчасына токтотулган. "Субару Форестердин" башка бирөөгө таандык экени да белгилүү болду.

Мас абалындагы айдоочу ушул үйдүн тосмосун сүзүп токтогон.
Мас абалындагы айдоочу ушул үйдүн тосмосун сүзүп токтогон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылдын үч айында 3766 мас айдоочу кармалган. Бул былтыркы жылдан ушул учуруна салыштырмалуу 15% көп дегенди билдирет.

Жазаны катаалдаштыруу аракети

2021-жылы өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, машинени мас болуп айдаган жаранга 17 - 20 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат. Ага альтернативдүү жаза дагы бар - соттун чечими менен айдоочу акча төлөбөй, анын ордуна 30-40 сааттык коомдук иштерди жасап калышы мүмкүн. Жаранга жазанын кайсыл түрү колдонуларын сот чечет.

Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу мындай маалымат берди:

"Эгерде айдоочу экинчи жолу ичип кармалса, 20 миң сом айыпка жыгылат. Же болбосо 40 саат коомдук жумушка тартылат. Мындан тышкары 3-5 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн. Биз мас айдоочулардын, жол кырсыктардын санын азайтуу максатында дем алыш күндөрү рейд өткөрүп турабыз".

Автоунаасын мас же транспорт каражатын башкаруу укугу жок адамга айдаганга бергени үчүн дагы көлүк ээси 15 миң сом айыпка жыгылат. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жаткан учурда депутаттар айып пулдун өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүүнү сунушташкан. Бирок алардын демилгесин аткаруу бийлиги колдогон эмес.

Депутат Эмил Токтошев мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин айтууда:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Биз башка жол эрежесин бузгандагы айып пулду азайтып, мас айдоочуларга катаал чара көрөлү дегенбиз. Өкмөт айып пулду айлык акы менен эсептеп жатат. Арак ичип айдаган менен айлык акынынын кандай байланышы бар? 50 миң сом төлөгүң келбейби, анда ичпе. Эгерде экинчи жолу кармалса, анда үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүн алып коюш керек. Бул маселе менен күрөшүүнүн башка жолун көрбөй турам. Кайгуул милициясы ар бир айдоочуну аңдып жүрө албайт да. Ошон үчүн алардын чөнтөгүнө уруш керек”.

Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

2022-жылдын алгачкы үч айында өлкө боюнча 1343 жол кырсыгы катталган. Андан 1990 адам жараат алып, 107 киши көз жумган. Адистер бул сандар Кыргызстан үчүн аябай жогору экенин айтып келишет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет.

Активист Эртай Искаков айдоочулардын мас абалында рулга отурушуна ИИМдеги коррупция дагы себеп деген пикирде.

Эртай Искаков.
Эртай Искаков.

“Ошол эле коррупциянын айынан айдоочу мас абалында машине айдагандан коркпойт. Акча берсең, үйүңө чейин жеткирип коеру айтылып келет. Жаңы мыйзамдар күчүнө киргенден кийин дагы бир схема пайда болду. Эми чечим кабыл алган соттор менен сүйлөшүү башталды. Беш миң сом берип, коомдук жумушка тартылуу жазасын тандап атышат. Аны ким аткармак эле? Ушундай жол менен кутулуп жатышат. Биз өзүбүздүн сунушубузду Жогорку Кеңеш аркылуу ишке ашырууну пландап жатабыз".

Кыргызстандагы жол кырсыктары арбын катталып жатканы буга чейин да тынбай айтылып, жазылып келет. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1 млн. 350 миң кишинин өмүрү кыйылат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG