Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Жарандык активистке кылмыш иши козголду


Айжана Мырсалиева, жарандык активист.
Айжана Мырсалиева, жарандык активист.

Социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активистке кылмыш иши козголду. 23-июль күнү ал Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Ал муну өзүнүн соцтармактагы активдүүлүгү, бийликти сындап жүргөнү менен байланыштырды. Милиция анын улут аралык кастыкты козутуу аракети лингвистикалык экспертизада аныкталганын билдирди.

Айжана Мырсалиева актриса жана журналист катары таанымал. Бир нече атамекендик тасмаларда роль жараткан, китептерди чыгарган. Акыркы жылдары өлкөдөгү актуалдуу темалар боюнча социалдык тармакта курч пикирлерин жазып жүргөн.

Мырсалиеванын айтымында, Кыргызстандагы башка улуттардын өкүлдөрү ага "жашоодо тушугуп жаткан улутчулдук тууралуу көйгөйлөрүн чагылдырып берүүнү өтүнүшкөндүктөн" 2022-жылдын март айында бул темада социалдык тармакта 1 саат 40 мүнөттүк түз эфир жасаган. Ал кылмыш ишине себеп болгон видеотасманы социалдык тармакта таркаткан адам атайылап монтаждап жасаганын айтууда. Активист кылмыш ишин анын сынчыл көз карашына байланыштуу жасалган буйрутма деп эсептейт.

"Алар ишти бир күндө даярдашкан. Иш мартта ачылганына карабай мага июлда, кечээ гана кабарлашты. Бул аралыкта кандайдыр бир мыйзамсыз экспертиза жүргүзүлүптүр, тергөө иштери жасалыптыр. Бирок бир дагы күбө суралган эмес, эч ким чакырылган эмес. Бир күндүн ичинде ишти бүтүрүп, прокуратура менен сотко өткөрүп беришти. Эми мен айыпталуучу катары сотко барам. Жарандык активист болгондуктан мага "Медиа полиси" жардам берип жатат. Мындан тышкары, психологдор, активисттер жана журналисттер колдоп жатышат. Аларга абдан ыраазымын. Анткени мен азыркы бийлик менен бетме-бет жалгыз калдым эле. Мунун буйрутма экени жүз пайыз түшүнүктүү. Анткени, ишти бир күндө бүтүрүп, жабуунун өзү нонсенс".

Активистке карата козголгон кылмыш иши тууралуу расмий маалыматты 23-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү да таратты. Анда Айжана Мырсалиева социалдык тармакта "улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы" белгиленген.

"2022-жылдын 16-мартында интернет айдыңга мониторинг жүргүзүүдө Тик-Ток социалдык тармагында @rinat_usupbaev деген аталыштагы аккаунт табылган. Ал аккаунттун баракчасында М.А. улут аралык кастыкты козутууга, жарандардын улутка таандыктыгы боюнча кемчиликтерин пропагандалоого багытталган сөздөрдү сүйлөгөн видеотасмасы жайгаштырылган. Тик-Ток социалдык тармагындагы бул билдирүү кеңири талкууга алынып, коомдук резонансты, колдонуучулар арасындагы карама-каршылыкты жараткандыктан улут аралык чыр-чатакка алып барышы мүмкүн болчу", - деп айтылат тергөөнүн билдирүүсүндө.

Айжана Мырсалиевага кылмыш ишин козгоого себеп болгон видеотасма 45 секундага созулат. Анда "кыргыздар 30 жылда курулай көкүрөк кагып, аянтта кыйкыргандан башка эч нерсе жасай электиги, башка улуттарды батырбай жатканы" айтылат. Тасманын аягында эркек киши укук коргоо органдарына кайрылып, тасмада айтылган билдирүүлөр коомду бөлүнүп-жарылууга алып барышы мүмкүндүгүн, көп улуттуу өлкөдө чагымчыл сөздөр болбошу керектигин айтат.

Милициянын маалыматы боюнча, бул факт 24-мартта кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Ага чейин, тергөөнүн 17-марттагы токтомуна ылайык, Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызмат тарабынан комплекстүү, диний-лингвистикалык экспертиза жасалган. Анын корутундусу боюнча Айжана Мырсалиеванын билдирүүлөрү улут, дин же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, жарандардын дини, улуту же расасы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоого багытталган деп табылган.

Активисттин жактоочусу Жаныш Бараков экспертизанын мындай тыянагына макул эмес.

Жаныш Бараков
Жаныш Бараков

"Биз лингвистикалык экспертиза жасоо жөнүндө токтомго кол койгон жокпуз. Анткени тергөөчү бизди алдын ала чакырып токтом менен тааныштырышы керек болчу. Ал мындай кылган жок. Бизди токтом менен кечээ гана тааныштырды. Бул иштер кечигип жасалгандыктан, кол коюудан баш тарттык. Тергөөчү "кол коюудан баш тартышты" деп жанындагы кесиптештери менен акт түзүп салды. Анан бизди экспертизанын корутундусу менен тааныштырды. Таанышкандан кийин тергөөчү Айжандын айыпталуучу экени тууралуу токтом чыгарды. Ал Айжанды айыпталуучу катары суракка алгысы келди. Биз буга караманча каршы болуп, токтомго кол коюудан баш тарттык. Анткени, биз айыптоо менен макул эмеспиз. Тергөөчү Айжанды кечээ биринчи жолу тергөө иштерине чакырып, ошол эле жерде линвистикалык экспертиза жасоо жөнүндө токтому менен тааныштырып жатат. Андан кийин шарт эле экспертизанын корутундусу менен тааныштырды, күбө катары сурап жатып эле айыптоо жөнүндө токтом чыгарып жатат".

Айрым медиа адистердин пикиринде социалдык тармактын колдонуучулары кээ учурда кастык тилин ашкере колдонуп, жекеликке чейин өтүп кетиши адатка айланып барат. Алар укук коргоо органдары мындайга чара көрүп турбаса кесепети оор болуп, коомду башаламандыкка алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Медиа-эксперт Мырзакат Тыналиев активист Айжана Мырсалиеванын сөздөрүнөн улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган сөздөрдү көрүп турганын жана ага укуктук баа берилиши керектигин айтат.

Мырзакат Тыналиев
Мырзакат Тыналиев

"Мен ал аудиону угуп көрдүм. Ал жерде айымдын айткан сөзүндө чынында эле улуттар аралык араздашууну козутуу, кыргыздарга карата экинчи бир улутту кемсинтүү бар. Туура, негизи пикир билдирүүдө сөз эркиндиги болуш керек. Бирок аялуу бир темалар бар да. Улуттар аралык жана диндер аралык мамилеге пикир билдирүүдө аябай этият болуш керек. Адатта пикириңди билдирүүдө дагы, өзгөчө ушул эки тема боюнча, сөздөрдү тандап, абайлап сүйлөш керек. Бул нерсенин кесепети аябай жаман болот. Бул сезимтал, аялуу темалар болгондуктан, муну башкача кабыл алышат. Азыр бизде соцтармактын колдонуучулары мыйзам боюнча журналист болуп эсептелбейт. Ошол эле учурда алардын таасири массалык маалымат каражаттарынан да жогору болуп баратат. Ошондуктан, ал жакта белгилүү бир адамдардын өзүндө жоопкерчилиги болуш керек. Ишти сотто адилет териштирет деп туралы. Эмне себептен андай сөздөрдү айтканын, кандай учурга байланыштуу айтканын тергөөдө жана сотто дыкат териштиришсе, менимче өтө деле катуу жаз албайт. Бирок мындай нерсени жазасыз койгонго да болбойт".

Кыргызстанда кийинки кездери бир катар жарандык активисттер менен журналисттерге карата кылмыш иштери козголду. Аларга карата массалык башаламандыкка үндөө, улуттар аралык кастыкты козутуу өңдүү оор айыптар тагылып келет. Саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жаап-жашыруу үчүн активдүү жарандарды куугунтуктап жатат деген пикирде.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

"Менимче, бийлик оор социалдык-экономикалык абалдан улам Кыргызстандагы активдүү жарандардан, саясатчылардан жана журналисттерден корко баштады. Ошол фондо өздөрүнүн ичинде отуруп, өзгөчө УКМКнын ичинде чечим кабыл алынган. Баш көтөргөндүн бардыгына жалган жалаа жаап, болбогон беренелер менен кылмыш ишин козгоп, коркутабыз деп жатышат. Ошонун бири Болот Темиров, ошонун бири Адилет Балтабай, Тилекмат Куренов, "Некст ТВ" телеканалы, андан мурда "Кактус медиа" болгон. Эми Айжана Мырсанга келип такалышты. Ушинтип коркутабыз, басым кылабыз деген чечимди ишке ашырып атышат".

"Фридом Хаус" эл аралык уюму жыл сайын чыгарчу рейтингинде Кыргызстанда 2022-жылы демократиялык башкаруу артка кеткенин белгилейт. Мунун белгилери катары шашылыш конституциялык реформадан улам бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Муну менен катар өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгы азайганы да көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG