Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Сот Куреновду шарттуу бошотуу тууралуу арызды 25-июлда карайт


Сот жараяны. 20-июль, 2022-жыл.
Сот жараяны. 20-июль, 2022-жыл.

Чүй облустук соту Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу адвокаттын аппелляциялык арызын 25-июлда карай турган болду. Сот жумуш күнү бүтүп калганына байланыштуу жылганын отурумга катышкан саясатчы Жеңиш Молдакматов "Азаттыкка" кабарлады.

Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген Тилекмат Кудайберген уулу "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бийликти кулатууга чакырык жасаган деген негизде 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Аламүдүе райондук соту адвокаттардын Куреновду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Активист "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеген, "Ханституцияга каршы" тобуна мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG