Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Блогер Бакмурат Токтогулов УКМКга сурак берип чыкты


Бакмурат Токтогулов.
Бакмурат Токтогулов.

Социалдык тармактарга бийликтин кемчиликтерин сындап жазып жүргөн блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты.

Атайын кызмат аны 20дай посту үчүн сүйлөшүү максатында чакырышканын "Азаттыкка" өзү билдирди.

"Азыркы болуп жаткан саясий кырдаал, экономика боюнча ачуу сынды камтыган постторду жазып турам. Ошого оозеки эскертүү берүү үчүн чакырышып, сүйлөшүү болду. Кокутуп-үркүтүү болгон жок, мыйзам чегинде түшүндүрүштү. Муну жаз, аны жазба деп чектеген жок. 1,5 сааттай суракта болдум", - деди Токтогулов.

Блогер кайсы посттору үчүн чакырылганын айткан жок.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берген.

Атайын кызматтын бөлүм башчысы Бейшембаевдин колу коюлган эскертүүнү журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Анда Канат Каниметов серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда мамлекеттик мекемени негизсиз айыптаганы жазылган. Анын билдирүүсү чындыкка дал келбей турганы жана кандайдыр бир далил фактылар жок экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG