Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Иерусалим: БУУ АКШнын чечимин четке какты


БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны.
БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны.

Улуттар уюмунда Башкы ассамблея басымдуу көпчүлүк добуш менен Кошмо Штаттардын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин четке какты. Жүз жыйырма сегиз өлкөнүн катарында резолюция долбоорун Кыргызстан да колдоду.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын сейрек өтүүчү чукул жыйыны араб жана мусулман мамлекеттеринин өтүнүчү менен чакырылды.

Башкы ассамблеяга чейин АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин четке каккан резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына коюлуп, бирок ага Вашингтон өзү вето салган эле.

Ал эми 21-декабрдагы добуш берүүдө андай резолюцияны 128 өлкө, анын ичинде АКШнын башкы өнөктөштөрү Британия, Германия, Франция, Жапония жактаса, отуз беши калыс калды.

АКШ менен Израилди кошкондо тогуз гана өлкө каршы чыкты. Алар: Гватемала, Гондурас, Маршалл аралдары, Микронесиа, Науру, Палау жана Того мамлекеттери.

Махмуд Аббас, Түркияда өткөн жыйында сүйлөп жатат. 13-декабрь, 2017-жыл
Махмуд Аббас, Түркияда өткөн жыйында сүйлөп жатат. 13-декабрь, 2017-жыл

Жума күнү иш сапары менен Парижге келген Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана башка жетекчилери Башкы ассамблеянын резолюциясын алар жана дүйнө үчүн “жеңиш” катары сыпатташты:

- Бул тарыхта жазыла турган күн. Тарыхта бул эл аралык укуктун, адам укуктарынын, эл аралык мыйзамдуулуктун ири жеңиши орногон күн катары жазылат. Бул тынчтык үчүн күн. Эл аралык коомчулук 1967-жылкы чек ара тилкесине ылайык эки мамлекет чечимин ишке ашырууга болот деп жатат. Чыгыш Иерусалим борбору болгон Палестин мамлекети 1967-жылкы тилкеде Израил мамлекети менен тынчтыкта жана коопсуздукта ийиндеше жашайт,- деди Палестинанын башкы сүйлөшүүчүсү Саеб Эрекат "Ассошиэйтед пресстин" кабарчысы менен маегинде.

Башкы ассамблеянын резолюциясы аткаруу үчүн милдетүү эмес, бирок саясий мааниси бар документ. Анда АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанышы “күчкө ээ эмес” деп айтылган. АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли добуш берүүдөн кийин төмөнкүлөргө токтолду:

Никки Хейли
Никки Хейли

- Кошмо Штаттар суверендүү өлкө катары өз укугун ишке ашырган актысы үчүн Башкы ассамблеяда бөлүнүп, чабуулга кабылган бул күндү унутпайт. Биз муну Улуттар уюмуна эң көп салым кошууга кайрадан чакырык жасалган учурда эстейбиз. Муну көп мамлекеттер бизге келгенде эстейбиз, алар такай бизди көбүрөөк төлөөгө чакырышып, биздин таасирди өз кызыкчылыктарына пайдаланышат.

Башкы ассамблеянын резолюциясын өз тарабынан Израил да сындап, премьер-министр Биньямин Нетаньяху өз билдирүүсүндө аны “абсурд” деп атады. “Иерусалим Израилдин борбору болгон жана болот”,- деп ырастады.

АКШ президенти Иерусалимди Израилдин борбору катары 6-декабрда таанып, өз өлкөсүнүн элчилигин ушул жерге көчүрүү ишин баштоого буйрук бергенин да жарыялаган.

Трамптын чечими АКШнын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяндан чегиниши же Израил- Палестина ортосундагы талаш чек аралар боюнча кандайдыр бир турумду кармануусу эместигин белгилеген.

Анткен менен Трамптын чечими араб дүйнөсүндө жана мусулман өлкөлөрүндө нааразылык демонстрациялар менен коштолуп, палестиндердин Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларына алып барган.

Палестиндер "Жаалдануу күнү" деген акция учурунда Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышуусу. Наблус, 22-декабрь, 2017-жыл.
Палестиндер "Жаалдануу күнү" деген акция учурунда Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышуусу. Наблус, 22-декабрь, 2017-жыл.

АКШнын Иерусалим чечимине байланышкан нааразылык акция жума күнү Бишкекте да өтүп, ага 80дей киши катышты.

Бишкекте Трамптын чечимине каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Мусулман мамлекеттеринин башын бириктирген Ислам кызматташтык уюму 13-декабрда, Стамбулдагы саммитинде дүйнө өлкөлөрүн Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору катары таанууга чакырган.

Иерусалимдин макамы - жөөт-палестин чатагынын эң сезимтал маселеси. Палестиндер Чыгыш Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт.

Азыр толугу менен Израил көзөмөлдөгөн шаарда 900 миңдей калк жашайт. Алардын 300 миңден ашууну палестиндер.

Израилдин бардык мамлекеттик институттарынын: президенттин, өкмөттүн, Жогорку Соттун, Тышкы иштер министрлигинин баш кеңселери дал ушул шаарда орун алган.

Бирок эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү Иерусалимдин бүткүл аймагында Израилдин суверенитетин тааныбагандыктан өз элчиликтерин өлкөнүн экинчи ири шаары - Тел-Авивде жайгаштырышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG