Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Сирия: үч президенттин “чечкиндүүлүгү”


Үч президент Анкарадагы басма сөз жыйындан кийин. 4-апрель, 2018-жыл.
Үч президент Анкарадагы басма сөз жыйындан кийин. 4-апрель, 2018-жыл.

Түркия, Иран, Орусия лидерлери Анкарадагы саммиттен кийин Сирияда “тынчтык орнотуу боюнча аракеттерин тездетүүдө "чечкиндүүлүк көрсөтүүнү" убада кылышты. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө Сириядагы жаңжал “саясий жараянды сүйлөшүү аркылуу гана” бүтө турганы белгиленген. Бирок дал ушул сүйлөшүү жараяны ортомчулардын аракетине карабай натыйжа бере элек.

Түркия, Иран, Орусия лидерлеринин Сирия боюнча үч тараптуу саммити акыркы жарым жылга жетпеген убакыт ичинде экинчи жолу өттү.

Алардын Анкара саммитинен кийинки билдирүүсүндө айтылгандай, президенттер Путин, Эрдоган, Роухани Сирияда “ок атышуунун токтошу бекемделишин” көздөшөт, "де-эскалация" аймактарында “жарандарды коргоо, ага катар бул аймактарга гуманитардык жардам коопсуз жана тоскоолдуксуз жетиши” камсыздалуусу үчүн чечкиндүү аракет көрүшөт:

- Бул документте (саммитин жыйынтык билдирүүсүндө) Орусия, Түркия, Ирандын Сирия араб республикасынын суверенитети, көз карандысыздыгы чыңдалуусуна көмөктөшүүгө бекем берилгени көргөзүлгөн. Мындай принципиалдуу позиция бүгүн өзгөчө Сирия коомундагы этнос жана диндер аралык карама-каршылыкты тереңдетүү, муну менен өлкөнү бөлүп-жарып, Жакынкы Чыгыш аймагында жаңжал потенциалын көптөгөн жылга алдыга сактоо аракеттери күчөгөн кезде абдан маанилүү, - деп ырастады орус президенти Владимир Путин Анкарадагы басма сөз жыйында.

Анкарада өткөн саммит. Түркия, 4-апрель
Анкарада өткөн саммит. Түркия, 4-апрель

Ирандын президенти Хасан Роухани “Сириянын келечегин аныктоого бир дагы мамлекеттин укугу жок, бул Сирия элине гана таандык укук, ал эми биз жасай турган иш Сириянын келечегин камсыздоого жардам бериши абзел”, - деп ишендирди.

“Эң башкысы жыйынтыкка жетүү керек”, - деген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкаранын кызыкчылыктарына токтолду:

- Сириянын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышы ал террористтик уюмдардын баарынан бирдей аралыкта болушуна көз каранды. Сирия менен Түркияга эле эмес коңшу мамлекеттердин баарына, атүгүл бүткүл аймакка коркунуч туудурган террористтик уюмдардын баарына эч бир жеңилдик берилбегени абдан маанилүү.

Анкара Түркиядагы террористтик уюмдар дегенде эң биринчи кезекте жергиликтүү күрттөрдүн башкы саясий партиясы (PYD) менен аскерий кошуунун (YPG) эске алат.

Түркия, Орусия, Ирандагы Сириянын жетинчи жылга аяк баскан жарандык согушуна терең тартылган мамлекеттер экени маалым.

Москва менен Тегеран президент Башар Асаддын режимине чечүүчү аскерий жана дипломатиялык колдоо көргөзүп келсе, Анкара Асадды бийликтен кулатууну максат кылган козголоңчул топторго жардам берип жүрдү.

Сириянын аймагына аскер киргизип, “чек араны коргоо”, “Ислам мамлекети” тобуна, “күрт террорчуларына” каршы делген операцияларды өткөрдү.

Сириядагы АКШга таандык зооттолгон унаа. Манбиг, 4-апрель
Сириядагы АКШга таандык зооттолгон унаа. Манбиг, 4-апрель

Бири экинчисине карама-каршы тайпаларды колдогону менен Түркия, Иран, Орусия соңку кезде Сириядагы урушту басаңдат деген “де-эскалация” зоналарын түзүү боюнча да кызматташып келет.

Алар ошондой эле Улуттар Уюмунун Женевадагы сүйлөшүүлөрүнө тең катар жараян - Астана сүйлөшүүлөрүн уюштуруп жатат.

Бирок аталган эки сүйлөшүү тең тынчтык орноткудай натыйжа бере элек. Сирия оппозициясы, Батыш мамлекеттери бул үчүн президент Асадды, анын режимин колдогон Орусия менен Иранды күнөөлөшөт.

Сирияны жакшы билген франциялык саясат таануучу, профессор Жанна Жабур “Франц пресс” агенттиги менен маегинде Анкарадагы саммиттин максатын “таасир зоналарын кайра карап, уюштуруу” Сирия чыгышынын АКШ кеткенден кийинки келечегин ойлонуу, - деп чечмеледи.

Маселен, Ирандын президенти Хасан Роухани Анкарага келе жатып, Сириядан Дамасктагы өкмөттүн уруксатысыз аракеттенип жаткан күчтөр кетүүсү керек,- деп билдирген.

Ал муну менен Кошмо Штаттарды эске алды.

Сириянын Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги аймактарында АКШнын 2000дей аскери бар.

Сирия президенти Башар Асад
Сирия президенти Башар Асад

Вашингтон “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө президент Башар Асаддын режимине баш ийбеген бирикмеге - "Сирия демократиялык күчтөрүнө" колдоо көргөзүп келет.

Жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган "Сирия демократиялык күчтөрү" былтыр күзүндө “Ислам мамлекети” тобунун бул жердеги де-факто борбору - Ракка шаарын да бошоткон.

Президент Дональд Трамтын АКШ Сириядан “жакын арада” кетет деген сөзүн Орусия дароо кубаттаган. Трамп америкалык аскерлер Сириядан кете турганынын себебин бул өлкөдө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу талкаланганы менен түшүндүргөн.

Администрациянын жогорку даражалуу өкүлүнүн 4-апрелде айткандарына караганда, президент Трамп бир күн мурдагы жыйында аскерлерди “бир аз узакка” кармоого макул болду, бирок бул узак мөөнөттүү милдеттенме дегенге жатпайт.

АКШнын улуттук чалгын боюнча директору Дэн Коутустун айтымында, Ак үй Сириядагы аскерлер боюнча чечимин “жакын арада” жарыялайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG