Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

АКШ аскерлери Сириядан кетеби?


АКШнын аскерий өкүлдөрү Сириядагы өнөктөштөрү менен. Манбиж, 7-февраль, 2018-жыл.
АКШнын аскерий өкүлдөрү Сириядагы өнөктөштөрү менен. Манбиж, 7-февраль, 2018-жыл.

Орусия АКШ президенти Дональд Трамптын америкалык аскерлер Сириядан “жакын арада” чыгат деген билдирүүсүн кубаттады. Бул арада бомбалоого кабылган Чыгыш Гута районунан президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын акыркы топтору сүйлөшүү аркылуу кете баштаганы белгилүү болду. Сирия боюнча соңку кырдаал Орусия, Түркия, Иран президенттеринин эртең Анкарада мерчемделген жыйынында талкууланары күтүлүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан “жакын арада” чыгаарын өткөн аптада Огайо штатындагы жыйында билдирип, мунун себебин бул өлкөдө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу талкаланганы менен түшүндүргөн.

- Биз “Ислам мамлекети” тобунун тозогун жоготтук жана Сириядан жакын арада чыгабыз. Ал үчүн эми башкалар кам көрсүн. Биз абдан, абдан жакын арада кетебиз. Бир кезде алар "халифат" деп аташкан жердин 100% кайтардык. Муну абдан тез ишке ашырдык. Бирок биз эми жакын арада ал жактан чыгабыз, - деген эле Трамп 29-марттагы сөзүндө.

Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер кете турганын айткан учур. 29-март, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер кете турганын айткан учур. 29-март, 2018-жыл.

Президент Трамптын бул билдирүүсүнөн кийин эле кабарчылар АКШ аскерлери Сириядан кетер-кетпесин Мамлекеттик департаменттеги басма сөз жыйынында бул мекеменин расмий өкүлү Хизер Нойерттен тактоого аракеттеништи. Бирок ал мындай маалыматтан кабары жоктугун жана аны комментарийлей албай турганын белгиледи.

Кошмо Штаттар Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө президент Башар Асаддын режимине баш ийбеген бирикмеге - "Сирия демократиялык күчтөрүнө" колдоо көргөзүп келишти.

Жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган "Сирия демократиялык күчтөрү" былтыр күздө “Ислам мамлекети” тобунун бул жердеги де-факто борбору - Ракка шаарын да бошотушкан.

"Сирия демократиялык күчтөрү" Раккада. 17-октябрь, 2017-жыл.
"Сирия демократиялык күчтөрү" Раккада. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сириянын Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги аймактарында АКШнын 2000дей аскери бар.

Москва жана анын өнөктөшү, президент Башар Асаддын режими буга чейин Вашингтонду аскерлерин алып кетүүгө далай жолу үндөп, алардын ал жерде турушу эл аралык мыйзамды бузаарын көргөзүп келишкен.

Вашингтондук расмий өкүлдөр болсо мындай чакырыктарга "америкалык аскерлер Сирияда АКШнын өнөктөштөрүн коргоо, ошондой эле “Ислам мамлкети” тобу мурдагы таянычтарына кайтып келбешине кепилдик бериш үчүн керек" деп жооп кайтарышчу.

Ал түгүл мурдагы мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон быйыл январда эле АКШ аскерлери Сирияда калышы керек экенин, бул “Ислам мамлекети” тобу менен “ал-Каиданын” кайтып келишине гана бөгөт койбостон, Ирандын Сириядагы туруму мындан ары да чыңдалышына жол бербеш үчүн зарыл болоорун айткан жайы бар.

Жакында Ак үй Сириянын чыгышында “Ислам мамлекети” тобунан бошотулган аймактарды турукташтырууга бөлүнгөн каражаттан 200 миллион долларды кыскартты. Бул да АКШ аскерлери эми Сириядан кете тургандыгынын бир жышааны болушу мүмкүн.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-апрелде АКШ президентинин жарыясын кубаттаганда буларга токтолду:

- Эгер Кошмо Штаттардын президенти Сириядан америкалык аскерлер жакында чыгары жөнүндө айтып жатса, ал жок дегенде "АКШ “Ислам мамлекети” тобу жеңилген соң Сириядан кетет" деген мурдагы сөзүнө турганын көрсөтөт. Карап турабыз. Бизге "АКШнын Сириядагы жалгыз максаты - терроризмге каршы күрөш" деп бир нече жолу айтылганына карабастан, акыркы айларда АКШнын Евфрат дарыясынын чыгыш жээгинде, Сирия менен Ирактын чек арасына чейинки чоң аймактарында бекем орун-очок алып жатканы өзгөчө тынчыздандырат. Алар аскердик объектилер аркылуу орун-очок алып эле тим болбостон, өздөрүнө жакын, аларга отчет бере турган, алар каржылай турган бийлик органдарын түзүүдө. Мунун баары бул аймактарды Сирия Араб Республикасынын калган райондорунан бөлүү контекстинде болуп жатат.

Буга чейин февралда АКШ Сириянын чыгышында өзүнүн жергиликтүү өнөктөштөрүнө кол салган күчтөргө абадан, танкттардан, артиллериядан сокку урганын жашырган эмес.

АКШ менен Орусиянын медиасында "ал соккуда мерт болгон бир нече адам орусиялык “Вагнердин жеке аскер компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген топто кызмат өтөгөн жалданма аскерлер" деген маалыматтар чыккан. Орусия Сирияда жалданма аскерлер да бар экенин кыйыр түрдө моюнга алган.

Чыгыш Гутаны "тазалоо"

Ал арада Сирия менен Орусия борбор шаар Дамасктын чет-жакасындагы Чыгыш Гута районун режимге каршы козголоңчулардын акыркы калдыктарынан тазалоодо.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар 2-апрелден тартып козголоңчулардын “Ислам армиясы” деген чоң тобу Чыгыш Гутадан кете баштаганын билдиришти.

Чыгыш Гутадан кетип жаткан козголоңчулар. 26-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадан кетип жаткан козголоңчулар. 26-март, 2018-жыл.

Бул райондун 90 пайызы Сирия армиясынын карамагына өткөнүн мурдараак байкоочулар да ырасташкан.

Президент Башар Асаддын күчтөрү өкмөт 2013-жылдан бери камалоодо турган, 400 миңдей киши жашаган Чыгыш Гутага февраль айында чабуул коюп киришкен.

БУУнун жана укук коргоочу топтордун эсебинде, андан бери аба соккуларынан 1600дөн ашуун жайкын тургун кырылып, дагы миңдеген адамдар үй-жайынан айрылып, ачарчылыкка кабылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG