Орусия менен Беларус аскерий машыгуулардын ачык-айкындуулугу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатканын НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг билдирди.
Ал Варшавадагы сапары учурунда оболу “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги менен 24-август күнкү маегинде Орусия алдыдагы машыгууда НАТОнун байкоочуларынын санын чектөө үчүн эл аралык келишимдердеги боштуктарды пайдаланууда белгиледи. Ал эми 25-август күнкү басма сөз жыйында:
- Биз келерки айда өтө турган машыгууга абдан кылдат байкоо салабыз. Ар бир өлкө өзүнүн аскер күчтөрүн машыктырууга укуктуу. Мен Орусияны ЕККУнун Вена документине ылайык, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча милдеттенмелерин урматтоого чакырам. Анткени өзгөчө биздин чек араларда аскерий активдүүлүк күчөгөн учурда муну күн мурунтан билүү, ачык-айкындуулук абдан маанилүү. Биз бул жерде жаңжалды жаратуу үчүн эмес, ага жол бербөө үчүн жүрөбүз. Чыңалуу күчөгөн учурда диалогго өтүү маанилүү, - деди.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин ырастоосунда, Түндүк атлантикалык альянс ишеним жаратуу үчүн өз тарабынан Орусияны машыгууларынын баарына чакырып жүрөт. Москва болсо Кансыз согуш доору аяктагандан бери НАТО мамлекеттеринин бирин да өз машыгууларына чакыра элек.
ЕККУнун аскерий аракеттерде ачык-айкындыкты талап кылган, Вена документи деген келишимдин шарттарына ылайык, эгер аскерий машыгууга 13 миңден ашуун жоокер тартылса, башка өлкөлөргө күн мурунтан кабар берилип, машыгуунун өзү чет элдик байкоочулар үчүн ачык болушу керек.
Беларус жакында машыгууга болгону 12 миң 700 аскер гана катышат жана келишимде каралган чектен ашпайт жана жети өлкөдөн байкоочу чакырылды деп маалымдаган.
НАТО башкатчысы Столтенбергдин айтымында, алар Беларустун сунушуна жооп кылып, эки экспертин жибере турган болду жана бул жетишсиз. НАТО өлкөлөрү машыгуусуна орус-беларус бийликтери расмий айткандагыдан кыйла көп сандагы аскер тартылат деп шек санашууда.
Британдык The Economist басылмасы ушул айдын башындагы макаласында жазгандай, азыркы машыгуу Европада Кансыз согуш доору аяктагандан берки эң ири аскерий иш-чара болгону жатат. Атүгүл The Economist машыгууга кеминде 100 миңдей аскер катышат деп болжолдогон.
14-20-сентябрдагы машыгуу Орусиянын Батыш аскерий округу менен бирге НАТОнун үч мамлекети менен чектешкен Беларустун аймагын да камтыйт.
Өзү Орусия Батыш машыгууларын соңку кездери ар төрт жылда бир өткөрүп келүүдө. Буга чейинкилери 2009 жана 2013-жылдары болгон. Бирок быйылкысынын өзгөчөлүгү ал Крымдын аннексиясынан берки алгачкысы жана Москва менен НАТОнун мамилеси чыңалган учурга туш келгенинде.
Орусия Батыштын машыгуулар боюнча тынчсыздануусун четке кагууда. Орус коргоо министринин орун басары Александр Фомин “Орусия-24” телеканалы менен 24-августагы маегинде “бул айрым мамлекеттер карагандай, агрессия эмес, коркууга эч жүйө жок. Баары адаттагыдай, ачык жана достук маанайда болот”, - деп ырастады.
Машыгуулардан НАТОнун Беларус менен тикелей чектеш өлкөлөрү көбүрөөк тынчсызданып тургандай. Маселен, Литванын бийликтери бул машыгууну Орусия чек арада аскерлер санын көбөйтүү максатында колдонушу мүмкүндүгүн айтып келишет.
Литва өкмөтү машыгууга расмий жарыялангандай 12 миң 700 эмес, 100 миң аскер катышат деп болжолдой турганын бул өлкөнүн коргоо министри Раймундас Кароблис да билдирген.
Крымдын 2014-жылкы аннексиясынан кийинки жараяндар НАТО Чыгыш фланг, Орусия Батыш фланг деп атаган аймактарда эки тарапты тең аскерий турумдарын чыңдоого, машыгууларды дембе-дем уюштурууга алып барды.
НАТО өткөн айда эле Польша - Литва чек арасында, Венгрия, Румыния, Болгария аймагында, Орусия болсо ушул айдын башында Калининградда, Балтика деңизинин жээгинде машыкты.
АКШ өткөн айда Балтикада, тагыраак айтканда Литвада учактарга каршы Patriot ракеталарын биринчи ирет жайгаштырды. Ага чейин НАТО Орусия туудурган коркунучтарга жооп чара деп Балтиканын үч өлкөсүндө жана Польшада көп улуттуу төрт батальонду кураган.