Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

АКШ-Орусия: чырлуу элчи мекенине кайтты


Сергей Кисляк
Сергей Кисляк

Орусиянын АКШдагы элчиси мекенине кайтты. Элчилик аны миссиясын жыйынтыктады деп түшүндүрдү. Трамп АКШга президент боло электе эле анын кишилери менен жолукканы үчүн Сергей Кисляк талкуунун чордонунда калган эле. Атургай аны Орусиянын башкы тыңчысы деген да айыптоолор болгон.

Орусиянын эң башкы дүйнөлүк атаандашы - АКШдагы башкы дипломаты Сергей Кисляк 22-июлда мекенине кайтты. Орус элчилиги Твиттерге ал миссиясын жыйынтыктады деп гана кыскача жазды.

66 жаштагы дипломат башка кызматка дайындалары болжолдонууда. “Интерфакс” басылмасы өз булагына таянып, Кисляк Орусиянын жогорку палатасы – Федерация Кеңешине мүчө болорун маалымдады.

Сергей Кисляк АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча чырдан улам таанымал. Анын шайлоого чейин Дональд Трамптын кишилери менен бир нече ирет жолугушуусу Кошмо Штаттарда иликтенип жатат.

“Вашингтон пост” гезити Кисляктын өз жетекчилери менен сүйлөшүүсүн АКШ чалгынчылары тыңшашканын өткөн жумада жазып чыкты. Анда ал Жефф Сешнс менен шайлоо кампаниясы жана Трамптын Москва менен келечек мамилелери жаатында пикир алышканын айтып берген делет.

Жефф Сешнс
Жефф Сешнс

Үгүт учурундагы Трамптын кеңешчиси, азыр АКШ баш прокурору Жефф Сешнс 2016-жылы Кисляк менен эки ирет кезиккенин мойнуна алган. Бирок анда сөз шайлоо кампаниясы тууралуу болбогонун айткан эле:

- 35 жылдан ашуун ар-намыс менен кызмат өтөгөн өлкөгө шек келтиргеним же демократиялык процесстин бүтүндүгүн бузуу үчүн кимдир бирөө менен кандайдыр бир жашыруун сүйлөшүүгө барганым тууралуу айтылгандар – адамды иренжиткен калп.

Орус элчиси менен жолугушуусун жашырып койгону үчүн Майкл Флинн да президенттин кеңешчилигинен кеткен.

Ошондо элчи Кисляк талапкер Трамптын белдүү кишилерин азгырган, тыңчы делип күнөөлөнгөн болчу. Аны орус тышкы иштер министри Сергей Лавров мындайча коргоп чыккан эле:

- Элчи Кисляк менен ал сүйлөшкөн адамдарга кандай айып тагылып атат? Биздин элчи Обаманын администрациясына оппозицияда болгон саясатчылар менен жолукканы үчүн күнөөлөнүп атат. Чынын айтканда маани ушундай. Ушул эле эле принцип Орусия Федерациясындагы элчи Теффт менен ал жолуккан адамдарга карата колдонулса, бул кызык бир картина болмок, - деген эле Лавров.

Кисляк Вашингтонго барганга чейин Орусиянын НАТО менен Бельгиядагы элчиси болгон. 2003-2008-жылдары тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалаган. Элчи катары АКШда тогуз жыл иштеди.

Анатолий Антонов
Анатолий Антонов

Анын ордун мурда Орусиянын коргоо министринин орун басары болгон, азыр тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан Анатолий Антонов ээлеши күтүлүүдө.

Жон Хантсман
Жон Хантсман

Бул тапта АКШ да Орусиядагы элчисин алмаштырары өткөн жумада жарыяланган. Бул орунга мурда Кошмо Штаттардын Кытайдагы элчиси болгон Жон Хантсман келиши айтылган. 19-июлда Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков анын дайындалышына макулдук берилгенин билдирген.

Өзгөрүүлөр жарым ай мурда АКШ-Орусия президенттери Германияда жолуккандан кийин болууда. Анда лидерлер эки ирет жолугушуп, элге белгилүүсүндө эки саат он беш мүнөт, белгисизинде дагы бир топ убакыт сүйлөшүшкөн. Трамп анда Путин менен "жакшы тил табышканын" билдирген эле.

Ага чейин эки тарап мамилелерди “эң төмөнкү”, “аскердик” деңгээлде деп баалап келишкен.

Мамилелердин бузулушуна шайлоого ыктымал кийлигишүүдөн тышкары Сирия, Украина кризиси себеп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG