Добуш берүү бекеттери бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегизден тарта ачылды. Добуш берүүгө өлкө ичиндегилер, ал эми четтен дипломаттар менен алардын үй-бүлөрү гана катыша алышат. Андайлардын саны эки жарым миллиондон бир аз ашуун. Ал эми чет өлкөлөрдөгү миңдеген армян мигранттары президентти тандоодо добуш бере алышпайт.
Шайлоо бекетине бүгүн түш ченде келген учурдагы президент Серж Саркисян “Азаттыктын” армян кызматынын адилет шайлоо жөнүндөгү чакырык орундалдыбы деген суроосуна жооп берип жатып:
- Биз муну шайлоо жыйынтыкталгандан кийин гана билебиз. Мен бүгүн Армениянын келечеги, коопсуз Армения, биздин жарандар менен үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн добуш бердим.
Бул шайлоодо Серж Саркисян менен дагы алты талапкер атаандашып жатканына карабай, ал экинчи мөөнөткө жеңил эле шайлаанары айтылууда.
Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Саркисян добуштардын 70% чейин алышы мүмкүн.
Аймактык изилдөөлөр боюнча Еревандагы борбордун директору Ричард Гираагосян:
- Бул Армениянын тарыхында атаандаштык жагы эң төмөн шайлоо. Мындан улам бул жерде басым көбүнесе шайлоонун жыйынтыгына эмес жүрүшүнө жасалууда. Азыркы президент Серж Саркисян экинчи мөөнөткө барчудай.
Армян оппозициясынын башкы үч саясий бирикмеси шайлоодо бардык талапкерлерге шарт бирдей түзүлбөй турганын жүйө кылып, шайлоого катышуудан баш тарткан.
Ал эми Серж Саркисянга атаандаш болуп жаткан алты талапкердин ичинен "Улуттук өзүн-өзү аныктоо” деген саясий партиянын лидери Паруйр Айрикян 31-январда Ереванда өз үйүнүн жанынан ок жеген.
Саясатчы өзү бул окуяны чет өлкөнүн атайын кызматтарынан көрсө, армян бийликтери талапкерге ок атылышын өлкөнү дестабилдештерип, саясий жараянды үзүгүлтүккө учуратууну көздөгөндөрдүн иши деп баалаган.
Талапкерлердин экинчи бири, ишкер Андриас Гукасян болсо президент Саркисян жарыштан четтетилишин талап кылып, ачкачылык жарыялаган.
Жогорудагы көрүнүштөр шайлоо жараянына кандайдыр бир деңгээлде көлөкө түшүргөндөй болду.
Президенттик шайлоону утурлаган же коштогон карама-каршылыктар Армения үчүн адаттан тыш көрүнүш эмес. 2008-жылы азыркы президент Серж Саркисян жеңүүчү деп жарыялагандан кийин полицейлер менен демонстранттардын кагылышынан бери дегенде он адам мерт болгон.
Быйылкы президенттик шайлоо Армениянын экономикасы глобалдык каржылык кризистин оңоло албай жаткан кезде өтүүдө. Өлкөдө азыр орточо айлык 300 доллар. 3,2 миллион калктын кеминде үчтөн бири жакырчылыкта күн көрөт.
Тоолуу-Карабах чатагы жөнгө салынбай, өлкө Азербайжан менен Түркия киргизген соода блокадасы астында жашоодо.
Премьер-министр Тигран Саркисяндын айтымында, жаңы президент шайланабы же экинчи мөөнөткө калабы, анын алдында төмөнкү милдеттерди чечүү турат:
- Эл президенттен өлкөнүн коопсуздугу жана стабилдүүлүгү камсыздалышын күтүүдө. Башка социалдык жана экономикалык проблемалар ушунун негизинде гана чечилет. Бул көз караштан алганда, чечүүнү талап кылган маселе - эл үчүн жумушчу орундарды түзүү.
Жумушсуздуктан улам миңдеген армяндар четке эмгек мигранты катары кетишкен. Эмгек миграциясы азыркы шайлоо өнөктүгүндө талкууланган башкы темалардын бири болду.
Бирок чет жактарда жашаган же сапарда жүргөн 1 миллиондой армениялык жаран бүгүнкү шайлоодо добуш бере албайт. Бийлик диаспора үчүн шайлоо уюштуруу кымбат тураарын жүйө келтирет.