Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Ачууланган Армения согушка даярдыгын айтты


Армян президенти Серж Саркисян.
Армян президенти Серж Саркисян.

Армян офицерин өлтүргөн азери офицеринин мекенине кайтарылып, эркиндикке чыгышы армян тараптын ачуусун келтирди.

Венгриянын мындай кадамына нааразы болгон Ереван бул өлкө менен дипломатиялык мамилесин токтотту. Армян президентинин кечээ жарыяланган билдирүүсүндө, эгер Азербайжан “таңууласа”, өлкөсү “согушууга жана жеңүүгө” даяр экендиги айтылат.

Армян президенти Серж Саркисяндын акыркы билдирүүсү азыр этникалык армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабактын көз карандысыздык күнүнө тушташ чыкты.

Азербайжан өз бөлүгү катары санаган Карабактын армяндары аймактын көз карандысыздыгын 2-сентябрда майрамдашат.

Билдирүүсүндө Карабактын эли тарыхый чечимди 1991-жылы эле кабыл алганын эске салган армян президенти анда аларды көзгө илбей коюшканын, согушту азыр да каалашпай турганын, бирок Азербайжан “таңууласа”, “күрөшүп, жеңип чыгышарын” айткан.

“Биз адам өлтүргүчтөрдөн, алар биринчи жетекчилердин калкалоосу астында турса да коркпойбуз, бирок бизди дагы угушпаса, анда өздөрүнөн көрүшсүн”, -дейт армян президенти.

Серж Саркисяндын бул ачуу сөздөрү армян офицерин өлтүргөн азербайжан офицери Рамил Сафаров Венгриядан мекенине экстрадицияланып, эркиндикке чыгарылгандан эки күндөн кийин айтылып отурат.

Еревандагы демонстранттар венгер желегин өрттөшүүдө. 1-сентябрь, 2012-жыл.
Еревандагы демонстранттар венгер желегин өрттөшүүдө. 1-сентябрь, 2012-жыл.
Буга кыжырланган жүздөгөн армяндар ишембиде Венгриянын Еревандагы консулдугу астына келишип, бул өлкөнүн желегин өрттөштү. Консулдук имаратына жумуртка жана помидор ыргытышты.

Еревандын тургундарынын бири, Гагик Геносиян:

- Мен Европада болуп жаткан нерселер үчүн ачууланып турам. Адамзаттын баалуулуктарын булгашты деп айтсак жарашат. Адам укуктары, адамдын баалуулуктары деп кыйкырган Европада таламандын так түшүндө адам өлтүргөн кылмышкерди арзыбаган тыйын-тыпыр менен бошотуп койсо болот экен.

Азербайжанда болсо Венгрия түрмөдөн чыгарган офицерди баатыр катары тосуп алышты.

Борбор Бакунун тургундарынын бири Тофик Бабанли:

- Мен Азербайжандын өзүн мекендин патриоту санаган ар бир жараны ал (Рамил Сафаров) сыяктуу болуш керек деп эсептейм. Ушундай мекендештерим менен сыймыктанам.

Рамил Сафаров Бакуда, 31-август, 2012-жыл.
Рамил Сафаров Бакуда, 31-август, 2012-жыл.
Венгер соту азери офицери Рамил Сафаровду армян офицери Герген Маркарянды уктап жатканда өлтүргөнү үчүн отуз жылга дейре жеңилдик алуу укугунан ажыратуу менен өмүр бою түрмөгө кескен. Окуя 2004-жылы болгон. Эки офицер тең НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагындагы окууга барышкан. Сафаров сотто армян кесиптешин өлтүрүүсүн ал Азербайжандын желегин булгап, өлкөнү кордогонунан улам деп түшүндүргөн.

Венгер тараптын ырастоосунда, абактагы офицер Азербайжан ал жазасын мекенинде өтөөнү улантарын убада кылган соң экстрадициялаган.

Бирок Сафаров мекенине келер замат азери президенти Илхам Алиев ага кечирим берсе, Коргоо министрлиги мурдагы лейтенантты майор чинине көтөрдү. Түрмөдө өткөргөн сегиз жылдан ашуун убакыт үчүн айлык акысын төлөп, бекер батир ыйгарды. Азери бийликтери өз чечимдерин өлкө Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык деп түшүндүрүүдө.

Бакулук саясат таануучу Зардушт Ализаде “Азаттык” менен маегинде берилген убадаларды аткарбоо азери тарапта, армян тарапта да бардыгын эске салды:

- Эгер эсиңиздерде болсо, 2000-жылы Азербайжан менен Армения Европа кеңешине алынганда, Карабак проблемасын тынч чечүү жолун табууга, таза шайлоо өткөрүүгө, адам укуктарын урматтоого сөз бергенбиз. Бирок Азербайжан да, Армения да убадасын аткараган жок. Бул сөз берген мамлекеттик ишмерлер канчалык жоопкерчиликтүү экендигин көргөзүп турат.. Ал эми Сафаров боюнча мыйзамдык жактан туура, бирок мааниси жагынан келекелеген иш болду. Менимче, бул - Азербайжандагы укуктук нигилизмдин жалпы көрүнүшү. Бизде, Азербайжанда, баары соттун чечимин, мыйзам күчүн эмес, башчынын чечимин аткарууга көнүшкөн.

АКШ Азербайжандын чечимине “терең тынчсыздануу” билдирип, Бакунун кадамы аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүндүгүн эскертти. Арменияда нааразылыктар менен катар Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуу чакырыктары да айтылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG