Президент Дональд Трамп Израилге келип түшөр замат эле аймактагы тынчтыктын келечеги кайрадан үмүт жандырып жатканын белгилөө менен буларга токтолду:
- Биздин алдыбызда бул аймакка жана анын элине коопсуздук, стабилдүүлүк жана тынчтык алып келип, ырашкерчиликтин жана гүлдөп өнүгүүнүн келечегин жараткыдай сейрек мүмкүнчүлүк турат. Бирок биз буга бирге иштегенде гана жете алабыз. Башка жол жок, - деди Трамп Тель-Авивдин аэропортунан сүйлөгөн учурда.
Трамп буга чейин эле Вашингтондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолуккан.
Израил - Палестина ортосунда тынчтыктын орношу жана ал өзү атагандай акыркы жыйынтык макулдашууга жетүү үчүн эмне зарыл болсо, баарын жасарын убада кылган эле.
Бирок эң соңкусу 2014-жылы токтогон тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра кантип жана качан жанданары азырынча билине элек.
Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун Тель-Авивге келе жаткан жолдо кабарчыларга айтканына караганда, эгер АКШ-Израил-Палестин лидерлери ортосундагы үч тараптуу жолугушуу өтсө, ал кийинчерээк гана болот:
- Президент эгер израилдиктер да, палестиндер да олуттуу маани берсе, ал жеке өзүнүн да аракетин көрөрүн ишара кылды. Демек, бул азыркы визиттин негизги элементи. Президент алдыдагы жараянды премьер-министр Биньямин Нетаньяху, ошондой эле анын пикиринде, палестиндер да ийгиликке жетүүсү үчүн эмне зарылдыгын президент Махмуд Аббас менен да сүйлөшөт.
Трамп азыр өз тарабынан АКШ элчилигин Иерусалимге көчүрүү боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадасынын аткарылышын бери дегенде токтотуп койгондой болду.
Администрациянын өкүлдөрү мурдараак бул маселенин тынчтык жараянга ыктымал таасири каралып жатканын билдиришкен.
Иерусалимдин макамы Израил үчүн да, Палестина үчүн да сезимтал маселе. Чыгыш Иерусалимди палестиндер болочоктогу мамлекетинин борбору катары санашат.
Батыш маалымат агенттиктери менен басылмалары жазгандай, Израил тарап Трамптын “ишеним жаратуучу кадамдар” деген өтүнүчүнүн негизинде айрым бир чараларга барууда.
Маселен, Израил өкмөтү Палестин автономиясы көзөмөлдөгөн аймактардагы жарандардын турмуш-тиричилигин жакшыртат делген айрым бир экономикалык чегинүүлөргө уруксат берген.
Ал чегинүүлөр көзөмөл бекеттерден ары-бери өтүүнү жеңилдетүү жана Иордандын Батыш жээгинин түштүгүндө палестиндердин индустриалдык зонасын кеңейтүү менен байланыштуу.
Бирок палестин расмий өкүлдөрүнүн бири британдык “Гардиан” гезитине “бул абдан эле азганактай” нерселер экенин айтты.
Иордандын Батыш жээгинин 60% азыр Израилдин коопсуздук жана административдик көзөмөлү астында турат.
АКШ президентинин сапарына тушташ дүйшөмбү күнү Иордандын Батыш жээгиндеги палестиндер Израилдин түрмөлөрүндө ачкачылык жарыялаган жүздөгөн палестиндерге тилектештик иретинде иш таштап, кеминде бир көзөмөл бекетте жөөт коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга барышты.
Израил полициясы алардын кызматкерин бычак менен саюуга умтулган бир палестин атып өлтүрүлгөнүн маалымдады.
Палестиналык саясий талдоочу, Демократияны изилдөө боюнча Палестин институтунун кызматкери Жорж Жакмэн (GEORGE JAQAMAN) Рейтер агенттиги менен маегинде тынчтык жараяндын келечеги тууралуу төмөнкүлөргө көңүл бурду:
- Ал (президент Дональд Трамп) Израил менен Палестина ортосундагы жаңжалды чечүүгө кызыкдарлыгын гана билдирди. Бирок бул чечим кандай болору, ал муну кандай көрөрү боюнча азырынча конкреттүү эч нерсе жок. Израил өкмөтү Трамптын администрациясына лоббисттик кылып жатканы анык. Палестин тарап да президент Трамптын түрдүү кеңешчилеринин турумуна таасир көргөзүүгө аракеттенди. Бирок саясаттын багыты азырынча анык эмес.
Тикелей тынчтык сүйлөшүүлөрдүн акыркысы 2014-жылдын апрель айында Палестин тарап Израил талаштуу аймактарда конуш куруу саясатын улантып жаткан шартта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү маңызсыз деп эсептегенден улам үзгүлтүккө учураган.
Ал эми өткөн жылдын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Израилдин конуш куруу аракеттерин айыптаган жана мындайды токтотууну талап кылган резолюциясына АКШ вето салбай койгондуктан ал өтүп кеткен эле.
Муну менен АКШнын мурдагы администрациясы өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы эң башкы өнөктөшүн зекигендей адаттан тыш кадам жасаган.
Обама администрациясынын бул чарасын Израил өкмөтү жана АКШнын өзүндө Конгресстеги республикачылар ачуулануу, ал эми Палестин автономиясы кубаттоо менен кабыл алган.
Азыркы президент Дональд Трамп болсо шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Израилдин конуш курулуштарын тынчтыкка жолтоо фактору катары караган эмес, бирок кийин президенттикке киришкенден кийин жөөт бийликтерине бул саясаттан карманууну сунуш кылган.