Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Гуантанамодогу тажик туткун


Мухаммади Давлатов.
Мухаммади Давлатов.

АКШ бийликтери Гуантанамо түрмөсүндөгү акыркы тажик тектүү жаранды Сербияга которорун жарыялады. Мындай чечимге алар алты жылдык ойлонуудан соң келишкен. Бул арада алыскы түрмөдө жаткан уулун күткөн энеси каза болуп калган. Эми тажикстандык туткун эркиндике чыгып, котормочулук кесип менен оокат кыларын убада кылууда.

АКШ бийлиги 14 жылдан бери Гуантанамо түрмөсүндө жаткан тажик тектүү туткунду Сербияга которуу тууралуу чечимин жарыялашты. Американын Белграддагы элчиси Кайл Скотт Сербия өкмөтүнө ыраазылык билдирип, тажикстандык туткундун эркиндикке чыкканын айтты:

- Эң башкысы Серб коомчулугунун адамдарды кабыл алуусу болду. Эми алар жаңы жашоону баштоого аракет кылышат. Бул багытта Серб өкмөтү белгилүү кадамдарды жасаганына жана ушундай эле колдоону келечекте да көрсөтөт деп ишенем.

Тажик тектүү Мухаммади Давлатовду 2002-жылы Пакистандын коопсуздук күчтөрү “Өзбекстан Ислам кыймылы” уюумуна мүчө, "Ал-Каиданын" лагеринде аскердик машыгуудан өткөн деген шек менен кармашкан. Анан АКШнын күч кызматтарына өткөрүп берген. АКШ бийлиги аны Кубада жайгашкан Гуантанамо түрмөсүндө 14 жылдан бери кармап келген.

38 жашка чыккан Мухаммади Давлатовдун 2007-жылдан берки адвокаты Метью О’Хара анын Сербияга которулганын «Азаттыкка» ырастады:

- Давлатов мырзаны Тажикстанга кайтарбоого Америка бийлигин көндүргөнчө кыйла убакыт өттү. Тажик бийлигинин өкүлдөрү 2002-жылдан 2004-жылга чейин Гуантанамого үч жолу келип кеткен. Алар ошол бойдон кайра келишкен жок. Эми ал Сербияда жаңы жашоо баштайт. Ал кесипкөй котормочулук боюнча курстардан өтүүгө камынууда. Давлатов мурдатан бери котормочулук кесип менен алектенүүнү көксөп жүрөт. Анткени ал тажикче билет, союз учурунда орусчаны окуган. Гуантанамодо араб жана англис тилдерин үйрөндү.

Бирок Мухаммадинин эркиндикке чыкканы тууралуу анын Ооганстан менен чектешкен кичи мекенинде эч ким билбейт. Апасы Шамигүл Нуруллоева дайынсыз жоголгон уулун 2010-жылы гезиттеги сүрөттөн тааныган. Ошол күндөн тартып Тажикстандын укук коргоо органдарынан уулун мекенине кайтарып келүүнү суранып жүрүп, былтыр кайтыш болгон. Бирок уулу АКШ бийликтеринен өзүн Тажикстанга кайтарбоону суранып жүргөнүн энеси билген эмес. Мухаммадинин 75 жаштагы атасы Фахидин Давлатов уулун жыйырмага чыга элек кезинде көргөнүн айтат.

- Ал жаш болчу да. Эгер Ооганстанга барганы чын болсо, анда аны кимдир бирөөлөр азгырып, пайдаланган.

Фахидин Давлатов өткөн кылымдын 90-жылдарындагы жарандык согуш убагында Тажикстандан Ооганстанга көчүп кеткенин, 2001-жылы антитеррордук чабуулдар башталганда Пакистанга барып жашап калганын айтып келет.

Мухаммади Давлатовду башка жакка которууну америка бийлиги алты жыл ойлонгон. Бул убакытта тажик жаранынын кылмыш ишин Коргоо министрлиги, Мамлекеттик департамент, Юстиция министрлиги, Улуттук чалгын башкармалыгы жана АКШнын бириккен штаб башчыларынын комитети карап чыккан.

Гуантанамодо тажик тектүү туткун тууралуу алгачкы маалыматтар Умар Абдуллоев деген ат менен тараган. Бирок анын апасы Шамигүл Нуруллоева уулунун аты Умар эмес, Мухаммади экенин айтканга үлгүргөн. Мухаммади Гуантанамо түрмөсүнө түшкөн 12 тажикстандыктын бири.

Гуантанамо түрмөсүндө камалган айрым тажик туткундар мекенине кайткан соң түрдүү террордук уюмдарга мүчө деген айып менен кайрадан эле абакка кесилген.

Мындан улам өткөн жылы демократиялык институттар кеңсеси күнөөсү далилденбеген тажик туткундарды Тажикстанга өткөрүп бергени үчүн АКШ бийлигин сындаган. Бул уюмдун маалыматына караганда, Гуантанамодон мекенине кайтарылган тажикстандыктар кайрадан эле узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

АКШ бийликтери Кубада жайгашкан Гуантанамо түрмөсүндө дүйнөлүк антитеррордук операциянын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн кармалган туткундарды эч кандай сот өкүмүсүз камай беришкен. Кезинде бул түрмөдө 600 адам кармалган.

Тажикстандык туткунду Сербияга которгондон кийин Гуантанамодо дагы 76 туткун калды. Давлатов Гуантанамо түрмөсүнөн бошонгон акыркы тажик туткуну.

АКШ президенти Барак Обама Гуантанамо түрмөсүн жабууну башкы программаларынын бири катары алып чыккан. Ал 2001-жылы Гуантанамону жабуу тууралуу буйрукка кол койгон. Учурда анда кармалган туткундардын саны азайганы менен атактуу түрмө дагы деле жабыла элек.

XS
SM
MD
LG